# 10-статья. Биржа далдалчылыгы

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/809)
- Толук аталышы: КР 1992-жылдын 29-июнундагы № 915-XII "Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 915
- Кабыл алынган күнү: 29.06.1992
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 3 августа 2026 года № 140 "О товарных биржах"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050152)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 15 июля 2009 года № 208 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О товарной бирже и биржевой торговле в Республике Кыргызстан"](https://aqlex.ai/kg/doc/203176)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/809#diff=998046..998047>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/809/st-10>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/809/edition/998045/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/809/st-10.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө, 10-статья (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/809/st-10

---

Биржа соодасында төмөнкү түрлөрдөгү биржа далдалчылыгына уруксат берилет:

1) брокер ишмердигине, башкача айтканда далдалчылыкка:

кардардын атынан жана анын эсебинен; кардардын атынан жана өзүнүн эсебинен; өзүнүн атынан жана кардардын эсебинен соода келишимдерин жүргүзүүгө;

2) дилер ишмердигине, башкача айтканда кийин кайра сатуу максатында биржа бүтүмдөрүн биржа бүтүмдөрүн биржа далдалчысы катары өз атынан жана өзүнүн эсебинен жасоо.

Биржа далдалчылыгын ишке ашырууга жалаң гана биржа далдалчыларына - брокерлерге, дилерлерге, маклерлерге уруксат берилет. Биржа юридикалык жана жеке жактарга акы төлөө негизинде брокердик же дилердик орундарды берет. Брокердик орундар жана дилердик орундар-бул биржа соодаларына катышуу укугу менен товардык биржага мүчө болуу. Уюм катары товар биржасы биржа далдалчысы болуп чыга албайт. Брокер - товар биржасында, ошондой эле андан тышкары да келишим түзүүдө уюштуруучунун, биржа мүчөсүнүн же кардардын атынан жана алардын эсебинен далдалчылык кызматын жүргүзө турган адам. Дилер - товар биржасында өз эсебинен далдалчылык кызматын жүргүзө турган адам. Маклер - кардардын тапшыруусу боюнча жана анын эсебинен керектөө жана суроо-талап ишин аныктоо, ошондой эле келишимдин шарттарын макулдашуу, аны товар биржасынын атынан жасалгалоо жана каттоо жумуштарын ишке ашыруучу биржа далдалчысы. (КР 2009-жылдын 15-июлундагы № 208 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/809/st-9)  
Кийинки берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/809/st-11)
