# 1-статья. Товар биржасынын түшүнүгү жана анын укуктук статусу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/809)
- Толук аталышы: КР 1992-жылдын 29-июнундагы № 915-XII "Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 915
- Кабыл алынган күнү: 29.06.1992
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.08.2026
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 3 августа 2026 года № 140 "О товарных биржах"](https://aqlex.ai/kg/doc/230050152)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 29 февраля 2020 года № 22 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О товарной бирже и биржевой торговле в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112020)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 29.02.2020 [Закон КР от 29 февраля 2020 года № 22 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О товарной бирже и биржевой торговле в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/112020); 15.07.2009 [Закон КР от 15 июля 2009 года № 208 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О товарной бирже и биржевой торговле в Республике Кыргызстан"](https://aqlex.ai/kg/doc/203176); 09.04.2003 [Закон КР от 9 апреля 2003 года №68 " О внесении изменений в закон Кыргызской Республики «О товарной бирже и биржевой торговле в Кыргызской Республике»"](https://aqlex.ai/kg/doc/1192)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/809#diff=998047..998048>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/809/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/809/edition/998045/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/809/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.08.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы товар биржалары жана биржа соодасы жөнүндө, 1-статья (03.08.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/809/st-1

---

Товар биржасы - товарлардын эркин баадагы соодасына шарт түзүп, белгиленген эрежелер (биржа соодасынын эрежелери) боюнча ачык соода (ачык жана /же жабык), селектордук жана электрондук соода (аукциондор) кылып, иш жүргүзгөн уюм. Товар биржасы юридикалык жак болуп саналат жана биржа соодасына байланышкан ар кандай чарба ишин жүргүзө алат. Өз ишинде ал мамлекеттик бийлик жана башкаруу органдарына көз каранды эмес. Товар биржасы: түздөн-түз биржа соодасына байланышпаган соода, соода-далдал жана башка иштерди жүргүзүүгө (бул тыйым юридикалык жактардын уюштуруучуларына жана граждандарга - биржа мүчөлөрүнө жайылтылбайт); эгерде бул иш ушул статьяда каралган биржа соодасын уюштуруу менен байланышпаган болсо, башка уюмдардын акцияларын, үлүштөрүн (пайларын) түз же кыйыр түрдө сатып алууга укуксуз. Ушул статьянын талаптарына жооп бербеген уюмдар биржа соодасын уюштурууга, өзүнүн аталышында "товар биржасы" же "биржа" деген сөздөрдү пайдаланууга укуксуз жана бул сөздөрдү кандай гана айкалыштарда болбосун фонд биржаларынан, валюта биржаларынан жана эмгек биржаларынан башканы камтыган аталыштарда катталбайт. Товар биржаларына Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарында каралган тартипте салык салынат. (КР 2003-жылдын 9-апрелиндеги № 68, 2009-жылдын 15-июлундагы № 208, 2020-жылдын 29-февралындагы № 22 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/809/st-2)
