# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы №336 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы № 404 "Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүүнү жана мамлекеттик билим берүү гранттарын конкурстук бөлүштүрүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы №336 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы № 404 "Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүүнү жана мамлекеттик билим берүү гранттарын конкурстук бөлүштүрүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 336
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/80105>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13641/edition/1179359/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/80105.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 3-июнундагы №336 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы № 404 "Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүүнү жана мамлекеттик билим берүү гранттарын конкурстук бөлүштүрүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (30.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/80105

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 3-июну № 336 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы № 404 "Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүүнү жана мамлекеттик билим берүү гранттарын конкурстук бөлүштүрүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадаларынын статусун жогорулатуу, ошондой эле мектеп окуучуларынын эл аралык жана республикалык олимпиадаларынын байге ээлерин колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы № 404 "Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүүнү жана мамлекеттик билим берүү гранттарын конкурстук бөлүштүрүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларында студенттерди окутуу үчүн мамлекеттик жалпы билим берүүчү гранттар жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

11-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "11. Конкурстан тышкары төмөнкүлөр кабыл алынат:

- ушул жылы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча абдан жогорку балл алган абитуриенттер, Мамлекеттик заказдын алкагындагы багыттардын жана адистиктердин тизмесинде бекитилген тандап алынган ЖОЖдорго жана тандап алынган адистиктерге. Бул категориядагы абитуриенттерди кабыл алуу үчүн гранттардын саны 50дөн ашпоого тийиш;

- ушул жылы мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасында 1-орунду ээлеген же эл аралык олимпиадалардын байге ээлери болуп эсептелген абитуриенттер, олимпиаданын предмети менен туура келген табигый илимдер, гуманитардык жана социалдык-экономикалык, медициналык, айыл чарба жана техникалык профилдеги адистиктерге жана багыттарга абитуриенттердин тандоосу боюнча, эгерде алар жалпы республикалык тестирлөөгө катышса;

- ушул жылы мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасында 2-орун алган абитуриенттер, эгерде алар жалпы республикалык тестирлөөгө катышса, олимпиаданын предмети профилдүү болуп эсептелген адистиктерге жана багыттарга;

- ушул жылы мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасында 3-орун алган абитуриенттер, эгерде алар жалпы республикалык тестирлөөгө катышса, олимпиаданын предмети профилдүү болуп эсептелген педагогикалык адистиктерге.

2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги эки айлык мөөнөттө өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
