Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы № 404 „Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүүнү жана мамлекеттик билим берүү гранттарын конкурстук бөлүштүрүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө“ токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров Кыргызской Республики от 30 июня 2022 года № 355 "Об утверждении нормативных правовых актов в сфере высшего и среднего профессионального образования Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2022-06-30.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 3-июну № 336 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы № 404 "Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүүнү жана мамлекеттик билим берүү гранттарын конкурстук бөлүштүрүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу Мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадаларынын статусун жогорулатуу, ошондой эле мектеп окуучуларынын эл аралык жана республикалык олимпиадаларынын байге ээлерин колдоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы № 404 "Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүүнү жана мамлекеттик билим берүү гранттарын конкурстук бөлүштүрүүнү жөнгө салуучу жоболорду бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларында студенттерди окутуу үчүн мамлекеттик жалпы билим берүүчү гранттар жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
11-пункт төмөнкүдөй редакцияда берилсин: "11. Конкурстан тышкары төмөнкүлөр кабыл алынат:
- ушул жылы жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча абдан жогорку балл алган абитуриенттер, Мамлекеттик заказдын алкагындагы багыттардын жана адистиктердин тизмесинде бекитилген тандап алынган ЖОЖдорго жана тандап алынган адистиктерге. Бул категориядагы абитуриенттерди кабыл алуу үчүн гранттардын саны 50дөн ашпоого тийиш;
- ушул жылы мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасында 1-орунду ээлеген же эл аралык олимпиадалардын байге ээлери болуп эсептелген абитуриенттер, олимпиаданын предмети менен туура келген табигый илимдер, гуманитардык жана социалдык-экономикалык, медициналык, айыл чарба жана техникалык профилдеги адистиктерге жана багыттарга абитуриенттердин тандоосу боюнча, эгерде алар жалпы республикалык тестирлөөгө катышса;
- ушул жылы мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасында 2-орун алган абитуриенттер, эгерде алар жалпы республикалык тестирлөөгө катышса, олимпиаданын предмети профилдүү болуп эсептелген адистиктерге жана багыттарга;
- ушул жылы мектеп окуучуларынын республикалык олимпиадасында 3-орун алган абитуриенттер, эгерде алар жалпы республикалык тестирлөөгө катышса, олимпиаданын предмети профилдүү болуп эсептелген педагогикалык адистиктерге.
2. Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги эки айлык мөөнөттө өзүнүн нормативдик укуктук актыларын ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жогорку окуу жайларында студенттерди окутуу үчүн мамлекеттик билим берүүчү гранттар жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын…Положение · 02.06.2006 · № 404
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук…Постановление · 30.06.2022 · № 355
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-июнундагы № 355 "Кыргыз Республикасынын жогорку жана кесиптик орто билим берүү чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук…Постановление · 30.06.2022 · № 355
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 2-июнундагы № 404 "Абитуриенттерди жалпы республикалык тестирлөө жүргүзүүнү жана мамлекеттик билим берүү гранттарын конкурстук…Постановление · 02.06.2006 · № 404 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.