КР Өкмөтүнүн «Рентон Групп» жоопкерчилиги чектелген коомунун баалуу кагаздарынын кармоочуларына социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 23 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2009-06-03.
Бул документ боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун документ менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 3-июну № 334 "Рентон Групп" жоопкерчилиги чектелген коомунун баалуу кагаздарынын кармоочуларына социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 23 токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү тууралуу "Рентон Групп" жоопкерчилиги чектелген коомунун баалуу кагаздарынын кармоочуларына жардам көрсөтүү боюнча иш-чараларды аягына чыгаруу процессин тездетүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Рентон Групп" жоопкерчилиги чектелген коомунун баалуу кагаздарынын кармоочуларына социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 23 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:
- 1-пунктта:
үчүнчү абзацтагы "2008-жылдын 31-августуна чейин" деген сөздөр жана цифралар алып салынсын; бешинчи абзацтагы "2008-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө" деген сөздөр жана цифралар алып салынсын;
- төмөнкүдөй мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:
"1-1. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- "Рентон Групп" жоопкерчилиги чектелген коомунун баалуу кагаздарынын кармоочулары менен талап коюу укугун берүү жөнүндө макулдашууну каттоо жана тариздөө мөөнөтүнүн акыркы күнү 2009-жылдын 1-июну;
- төлөө мөөнөтүнүн акыркы күнү 2009-жылдын 1-сентябры.".
2. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Рентон Групп" жоопкерчилиги чектелген коомунун баалуу кагаздарынын кармоочулары менен талап коюу укугун берүү жөнүндө макулдашууну каттоонун жана тариздөөнүн жаңы мөөнөттөрүн жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяласын.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика, соода, туризм жана ишкердик бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.Биринчи жооп дароо келет - акысыз жана каттоосуз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 23 "Рентон-Групп" жоопкерчилиги чектелген коомунун баалуу кагаздарын кармоочуларга социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө"Постановление · 23.01.2008 · № 23 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 23-январындагы № 23 "Рентон-Групп" жоопкерчилиги чектелген коомунун баалуу кагаздарын кармоочуларга социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө"Постановление · 23.01.2008 · № 23 · Күчүн жоготкон