# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-майындагы №319 "Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-майындагы №319 "Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 319
- Кабыл алынган күнү: 25.05.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.05.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/80099>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13636/edition/1156542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/80099.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.05.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 25-майындагы №319 "Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө" токтому (25.05.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/80099

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 25-майы № 319 "Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча улуттук агенттигинин директору (макулдашуу боюнча) Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши аталган мыйзам долбоорун караган учурда Кыргыз Республикасынын расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

И.Чудинов

Долбоор

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу

1-берене.

"Мугалимдин статусу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин ведомосттору, 2000-жыл, № 11, 683-берене) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1. 7-берененин үчүнчү бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда берилсин:

"Райондордун мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен ар бир категориянын алкагында мугалимдердин эмгек акысына кошумчаларды белгилеши мүмкүн".

2. 8-берененин экинчи бөлүгүндөгү "Жергиликтүү башкаруу жана өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен" деген сөздөр "Райондордун жергиликтүү мамлекеттик администрациялары жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен " деген сөздөр менен алмаштырылсын.

3. 11-берененин экинчи бөлүгүндөгү "областка баш ийген" деген сөздөр "областтык маанидеги" деген сөздөр менен алмаштырылсын, "дача участогун" деген сөздөр "жер участогун" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2-берене.

Бул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Кыргыз Республикасынын Президенти
