Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Коопсуздуктун үчүнчү классындагы биологиялык лаборатория куруу үчүн жер участок берүү жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 26 августа 2024 года № 504 "О признании утратившими силу некоторых решений Правительства Кыргызской Республики, Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2024-08-26.
КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-августундагы № 504 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ
2009-жылдын 20-майы №315-б Коопсуздуктун үчүнчү классындагы биологиялык лаборатория куруу үчүн жер участок берүү жөнүндө Бишкек шаарында 2008-жылдын 22-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Канада Өкмөтүнүн ортосундагы Биологиялык коргоо жана биологиялык коопсуздук тармагындагы кызматташтык жөнүндө макулдашууга жана Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясына коопсуздуктун үчүнчү классындагы (BSL-3) биологиялык лаборатория куруу үчүн Бишкек шаары, Ахунбаев көчөсү,1-а дареги боюнча жайгашкан аянты 4,0 га жер участогу белгиленген тартипте бөлүп берилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча мамлекеттик агенттик белгиленген тартипте коопсуздуктун үчүнчү классындагы (BSL-3) биологиялык лабораториясына берилүүчү жер участогунун бөлүгүн кыймылсыз мүлктүн өзүнчө бирдигине бөлсүн жана андан ары жер участогуна укукту ырастоочу документтерди тариздеп жана мамлекеттик каттоону жүзөгө ашырсын.
3. Коопсуздуктун үчүнчү классындагы биологиялык лабораториянын курулушу боюнча коомдук негизде координатор болуп А.Дүйшеев атындагы Кыргыз ветеринария илим-изилдөө институтунун директору Нургазиев Рысбек Зарылдыкович дайындалсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министри
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 26-августундагы № 504 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин…Постановление · 26.08.2024 · № 504
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон