# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-майындагы №311 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айылдык округунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-майындагы №311 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айылдык округунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 311
- Кабыл алынган күнү: 19.05.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.05.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/80092>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13629/edition/354544/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/80092.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.05.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-майындагы №311 "Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айылдык округунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө" токтому (19.05.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/80092

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2009-жылдын 19-майы №311 Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айылдык округунун аймагында жайгашкан жерлерди которуу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 20-беренесине ылайык, жер ресурстарын натыйжалуу пайдалануу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын Жер бөлүп берүү менен байланышкан маселелер боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган, Чүй облусунун Сокулук районундагы Новопавловка айылдык округунун аймагында жайгашкан жана Кыргыз Республикасынын төмөнкү жарандарына жеке менчик укугунда таандык 24,24 га айдоону жеке турак жай куруу үчүн "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которуу жөнүндө сунушу кабыл алынсын:

- Калбаев Алмасбек Нуркамиловичке - 1,23 га;

- Кайипкулов Адылбек Аскаровичке - 3,69 га;

- Кадырбаев Жантай Пайзылдаевичке - 2,46 га;

- Дуйшенбиев Болот Дуйшенбиевичке - 2,15 га;

- Шергазиева Нуруйла Турдубековнага - 2,15 га;

- Акматов Амантур Сабытовичке - 3,10 га;

- Асаналиева Сырга Кубатовнага - 1,72 га;

- Дөөлөтказиева Камийлага - 3,87 га;

- Беккелдиев Жумамидин Абдыхайыровичке - 1,72 га;

- Асакеева Саткын Имановнага - 2,15 га.

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлер "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштардын жерлери" категориясына которулсун.

3. Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун мамлекеттик администрациясы:

- жерди эсепке алуу документтерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;

- ушул токтомдун 1-пунктунда аталган жерлердин менчик ээлери менен бирдикте жалпы пайдалануудагы жолдорду бөлүү тилкесинин чегинен сыртта жайгашкан зарыл инфраструктура жана инженердик коммуникациялар менен камсыз кылууну эске алуу менен шаар куруу документтерин иштеп чыгууну камсыз кылсын.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөржай комплекси жана жаратылышты пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

И.Чудинов
