# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы №307 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук бөлүкчөлөрүнүн ишин жөнгө салуучу документтерди бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы №307 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук бөлүкчөлөрүнүн ишин жөнгө салуучу документтерди бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 307
- Кабыл алынган күнү: 18.05.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.11.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/80090>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13627/edition/1137142/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/80090.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы №307 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук бөлүкчөлөрүнүн ишин жөнгө салуучу документтерди бекитүү жөнүндө" токтому (15.11.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/80090

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 18-майы № 307 Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ведомстволук бөлүкчөлөрүнүн ишин жөнгө салуучу документтерди бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы N 130, 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 131 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 6-июнундагы № 211 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын ведомстволук бөлүмдөрүн түзүү жана мамлекеттик ишканаларды түзүү маселелери жөнүндө" токтомун аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 10-мартындагы № 151 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, мамлекеттик комитеттеринин, администрациялык ведомстволорунун жана аткаруу бийлигинин башка органдарынын юридикалык жактын статусуна ээ болгон ведомстволук бөлүмдөрүнүн укуктук статусу жөнүндө" токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Авиация департаменти" мамлекеттик ишканасы "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Авиациялык ишкана" мамлекеттик ишканасы деп кайрадан аталсын.

2. (КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 130 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Төмөнкү тиркелгендер бекитилсин:

- (Абзац КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 130 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (Абзац КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 130 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (Абзац КР Өкмөтүнүн 2010-жылдын 5-мартындагы № 130 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 131 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:

- ушул токтомдун 3-пунктунда аталган департаменттерди, мамлекеттик агенттикти жана мамлекеттик ишкананы белгиленген тартипте юстиция органдарында мамлекеттик кайра каттоону жүргүзсүн;

- үч айлык мөөнөттө өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мурда кабыл алынган чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирүү боюнча сунуштарды белгиленген тартипте киргизсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
