# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы №306 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын альтернативдик кызмат өтөөсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы №306 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын альтернативдик кызмат өтөөсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 306
- Кабыл алынган күнү: 18.05.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 01.09.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/80087>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13625/edition/1262067/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/80087.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.09.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы №306 "Кыргыз Республикасынын жарандарынын альтернативдик кызмат өтөөсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (01.09.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/80087

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 1-сентябрындагы № 545 токтомунун редакциясына ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2009-жылдын 18-майы №306 Кыргыз Республикасынын жарандарынын альтернативдик кызмат өтөөсүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомдорунун редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын жарандарынын альтернативдик кызмат өтөөсүнүн тартиби жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери, администрациялык ведомстволору, аткаруу бийлигинин башка органдары, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ушул Жобону жетекчиликке алышсын жана аны түздөн түз аткарууну камсыз кылышсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 17-октябрындагы № 705 "Кыргыз Республикасынын граждандарынын альтернативдүү (аскерден тышкаркы) кызматты өтөөсү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп табылсын.

4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо коргоо маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүктөлсүн.

(КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 27-апрелиндеги № 217, КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 10-февралындагы № 68 токтомдорунун редакциясына ылайык)

Премьер-министри

И.Чудинов
