# КР Улуттук Банкы 2022-жылдын 11-апрелиндеги № 2022-П-09/21-1-(БС) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 18-мартындагы № 2022-П-09/16-1-(БС) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын, алмашуу бюролорунун, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларынын казак теңгеси менен операцияларды жүргүзүүсү боюнча убактылуу тартип жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Улуттук Банкы 2022-жылдын 11-апрелиндеги № 2022-П-09/21-1-(БС) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 18-мартындагы № 2022-П-09/16-1-(БС) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын, алмашуу бюролорунун, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларынын казак теңгеси менен операцияларды жүргүзүүсү боюнча убактылуу тартип жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2022-П-09/21-1-(БС)
- Кабыл алынган күнү: 11.04.2022
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/800829>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-830/edition/1155014/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/800829.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Улуттук Банкы 2022-жылдын 11-апрелиндеги № 2022-П-09/21-1-(БС) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 18-мартындагы № 2022-П-09/16-1-(БС) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын, алмашуу бюролорунун, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларынын казак теңгеси менен операцияларды жүргүзүүсү боюнча убактылуу тартип жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (11.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/800829

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2022-жылдын 11-апрели № 2022-П-09/21-1-(БС) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 18-мартындагы № 2022-П-09/16-1-(БС) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын, алмашуу бюролорунун, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларынын казак теңгеси менен операцияларды жүргүзүүсү боюнча убактылуу тартип жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасында экономикалык коопсуздукту камсыздоо жана ички валюта рыногунда жагдайды турукташтыруу максатында, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 17, 35, 36, 68 жана 138-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2022-жылдын 18-мартындагы № 2022-П-09/16-1-(БС) «Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын, алмашуу бюролорунун, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларынын казак теңгеси менен операцияларды жүргүзүүсү боюнча убактылуу тартип жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- төмөнкү мазмундагы 1-1-пункт менен толукталсын:

«1-1. Ушул токтомдун 1-пунктунда казак теңгесин сатып алуу курсун белгилөө боюнча белгиленген талаптар, экспорттоо контракттарынын негизинде Казакстан Республикасынын аймагына товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо менен алектенген жактардан нак эмес казак теңгесин сатып алуу боюнча Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарынын операцияларына жайылтылбайт. Казак теңгесинин сомго карата алмашуу курсу экспорттоо контракттарынын негизинде Казакстан Республикасынын аймагына товарларды, жумуштарды жана кызмат көрсөтүүлөрдү экспорттоо менен алектенген жактар менен коммерциялык банктар ортосунда эркин аныкталат (келишимдин негизинде).».

2. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

3. Юридика башкармалыгы:

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

4. 1-Банктык көзөмөл башкармалыгы, 2-Банктык көзөмөл башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо банк көзөмөлүн тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.

Төрага

К. Боконтаев
