# КР Улуттук Банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-35/75-7-(БС) "Кыргыз Республикасынын банк секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Улуттук Банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-35/75-7-(БС) "Кыргыз Республикасынын банк секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2021-П-35/75-7-(БС)
- Кабыл алынган күнү: 29.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/800813>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-821/edition/1122254/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/800813.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Улуттук Банк Башкармасынын 2021-жылдын 29-декабрындагы № 2021-П-35/75-7-(БС) "Кыргыз Республикасынын банк секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын бекитүү жөнүндө" токтому (29.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/800813

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 29-декабры № 2021-П-35/75-7-(БС) Кыргыз Республикасынын банк секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 68-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын банк секторун 2022-2025-жылдары өнүктүрүүнүн негизги багыттары (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Юридика башкармалыгы:

- токтомдун бекитилген күндөн кийин Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

3. Токтом 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

4. Системалуу тобокелдиктерге талдап-иликтөөлөр бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын тааныштырсын.

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Системалуу тобокелдиктерге талдап-иликтөөлөр бөлүмүнүн ишин тескөөгө алган Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.

Төрага

К. Боконтаев
