# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы №298 "Цирк артисттеринин конок үйү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы №298 "Цирк артисттеринин конок үйү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 298
- Кабыл алынган күнү: 18.05.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 18.05.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/80081>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13621/edition/354533/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/80081.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.05.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 18-майындагы №298 "Цирк артисттеринин конок үйү жөнүндө" токтому (18.05.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/80081

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2009-жылдын 18-майы №298 Цирк артисттеринин конок үйү жөнүндө Кыргыз мамлекеттик циркинин натыйжалуу иштөөсү үчүн оптималдуу шарттарды түзүү, кызматкерлерин кызматтык турак жай менен камсыз кылуу, Кыргыз мамлекеттик цирки тарабынан чакырылган гастролго келүүчү цирк артисттерин жайгаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бишкек шаары, Жумабек көчөсү, 119 дарегинде жайгашкан мамлекеттик имаратка "Цирк артисттеринин конок үйү" статусу берилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Маданият жана маалымат министрлиги, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитети менен бирдикте ушул токтомдун 1-пунктунан келип чыккан зарыл чараларды көрүшсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министри

И.Чудинов
