# КР Улуттук Банк Башкармасынын 2021-жылдын 8-декабрындагы №2021-П-14/68-7-(НПА) "Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Улуттук Банк Башкармасынын 2021-жылдын 8-декабрындагы №2021-П-14/68-7-(НПА) "Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2021-П-14/68-7-(ПС)
- Кабыл алынган күнү: 08.12.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/800808>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-818/edition/1116349/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/800808.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Улуттук Банк Башкармасынын 2021-жылдын 8-декабрындагы №2021-П-14/68-7-(НПА) "Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (08.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/800808

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 8-декабры №2021-П-14/68-7-(НПА) Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө жобону бекитүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасында накталай эмес эсептешүүлөр жөнүндө" жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Юридика башкармалыгы:

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

3. Бул токтом 2022-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет.

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин, коммерциялык банктарды, төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын, "Кыргызстан банктарынын союзу" юридикалык жактар бирикмесин, "Банктар аралык процессинг борбору" жабык акционердик коомун тааныштырсын.

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк төрагасы

К.Боконтаев
