# КР Улуттук Банк Башкармасынын 2021-жылдын 1-декабрындагы № 2021-П-14/66-1-(ПС) ""Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын бухгалтердик эсепке алуу эсеп планына карата талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Улуттук Банк Башкармасынын 2021-жылдын 1-декабрындагы № 2021-П-14/66-1-(ПС) ""Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын бухгалтердик эсепке алуу эсеп планына карата талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2021-П-14/66-1-(ПС)
- Кабыл алынган күнү: 01.12.2021
- Редакциянын күнү: 01.12.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/800797>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-813/edition/1114238/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/800797.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 01.12.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Улуттук Банк Башкармасынын 2021-жылдын 1-декабрындагы № 2021-П-14/66-1-(ПС) ""Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын бухгалтердик эсепке алуу эсеп планына карата талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому (01.12.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/800797

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2021-жылдын 1-декабры № 2021-П-14/66-1-(ПС) "Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын бухгалтердик эсепке алуу эсеп планына карата талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:

1. "Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын бухгалтердик эсепке алуу эсеп планына карата талаптар жөнүндө" (кошо тиркелет) жобо бекитилсин.

2. Юридика башкармалыгы:

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

3. Токтом 2022-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет.

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын, "KG (КЕЙ-ЖИ) төлөм тутумдарынын операторлор ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын.

5. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.

Төрага

К. Боконтаев
