# КР Улуттук банк Башкармасынын от 2021-жылдын 8-сентябрындагы № 2021-П-14/50-2-(ПС) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Улуттук банк Башкармасынын от 2021-жылдын 8-сентябрындагы № 2021-П-14/50-2-(ПС) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2021-П-14/50-2-(ПС)
- Кабыл алынган күнү: 08.09.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 08.09.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/800778>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-797/edition/1087069/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/800778.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.09.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Улуттук банк Башкармасынын от 2021-жылдын 8-сентябрындагы № 2021-П-14/50-2-(ПС) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (08.09.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/800778

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 2021-жылдын 8-сентябры № 2021-П-14/50-2-(ПС) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин (кошо тиркелет).

2. Юридика башкармалыгы:

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгы, Банктык эсептешүүлөр башкармалыгы Улуттук банктын Башкы китебиндеги, Пакеттик клиринг системасындагы жана Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасындагы төлөм коддорунун маалымдамасына зарыл өзгөртүүлөрдү киргизишсин.

5. Төлөм системаларынын башкармалыгы:

- ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигин, Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясын жана коммерциялык банктарын тааныштырсын;

- ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлигине караштуу Стандартташтыруу жана метрология борборуна андан ары мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн белгиленген тартипте жөнөтсүн.

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдыгулов

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 8-сентябрындагы № 2021-П-14/50-2-(ПС) токтомуна карата тиркеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу" токтомуна ӨЗГӨРТҮҮЛӨР Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 30-ноябрындагы № 51/4 "Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторун бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Төлөм жүгүртүлүшүнүн мамлекеттик классификаторунун:

- таблицанын 4-бөлүгүнүн "Бюджеттик эмес мекемелердин жана жеке адамдардын товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр, активдер жана милдеттенмелери үчүн төлөөлөр":

"Башка категорияларга кирбей калган товарлар" 411-тобу төмөнкү редакцияда берилсин: "

41100000

Башка категорияларга кирбей калган товарлар

41100100

Түрү боюнча классификацияланбаган почта пакеттери

41100200

Түрү боюнча классификацияланбаган атайын операциялар жана товарлар

41100300

Монетардык эмес алтын (алтын кендеринен жана кошулмаларынан башка)

41100400

Кеңсе товарларын сатып алуу

41100500

Күйүүчү-майлоочу материалдарын (бензин, дизель, башка күйүүчү отун) сатып алуу

41100600

Запастык бөлүктөрдү сатып алуу

"; "Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызмат көрсөтүүлөрү" 46-категориясы төмөнкү редакцияда берилсин: "

46000000

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызмат көрсөтүүлөрү

46001100

Жалпыга маалымдоо каражаттарынын кызмат көрсөтүүлөрү

46001200

Басмаканалардын кызмат көрсөтүүлөрү

46001300

Жарнама-басмаканалык кызмат көрсөтүүлөр

46001400

Ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген шайлоочулар үчүн маалымат материалдарын даярдоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр

46001900

Жана башка кызмат көрсөтүүлөр

"; "Төлөмдөр жана которуулар" 552-тобу төмөнкү редакцияда берилсин: "

55200000

Төлөмдөр жана которуулар

55201000

Банктар аралык которуулар

55202000

Активдер менен алмашуу

55203000

Эсепти толуктоо

55204000

Эсепти тейлегендик үчүн төлөө

55205000

Валютаны нак акчага айландыруу үчүн төлөө

55206000

Банктар аралык клиринг системасынын операторунун кызмат көрсөтүүлөрүнө төлөөлөр

55207000

Гросс үчүн төлөөлөр

55208000

Милдеттүү камдык (резервдик) талаптарды сактабагандык үчүн төлөө

55209000

Милдеттүү камдык (резервдик) талаптарды сактагандык үчүн компенсациялар

55210000

Туура эмес же артыкча чегерилген акча каражаттарынын суммасын кайтаруу

55211000

Төлөм тапшырмасында реквизиттердин туура эмес көрсөтүлүшүнө байланыштуу акча каражаттарынын кайтарылышы (сторно)

55212000

Казыналыктын күндөлүк эсебинин сальдосун жабуу

55213000

Туунду компанияларга инвестициялар

55214000

Акча которуу системалары аркылуу каражаттарды которуу

55220000

Референдумдун шайлоо / үгүттөө фонддорунун эсептерине акча каражаттарынын түшүүсү:

55221000

- талапкердин жеке каражаттары

55222000

- саясий партиялардын жеке каражаттары

55223000

- жарандардын ыктыярдуу кайрымдуулугу

55224000

- юридикалык жактардын ыктыярдуу кайрымдуулугу

55299000

Башка төлөмдөр жана которуулар
