# КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 31-майы № 2021-П-14/29-3-(ПС) "Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын эсепке алуу саясатына карата негизги талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 31-майы № 2021-П-14/29-3-(ПС) "Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын эсепке алуу саясатына карата негизги талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2021-П-14/29-3-(ПС)
- Кабыл алынган күнү: 31.05.2021
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 31.05.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/800758>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-780/edition/1066932/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/800758.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 31.05.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 31-майы № 2021-П-14/29-3-(ПС) "Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын эсепке алуу саясатына карата негизги талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому (31.05.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/800758

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 2021-жылдын 31-майы № 2021-П-14/29-3-(ПС) "Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын эсепке алуу саясатына карата негизги талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:

1. "Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын эсепке алуу саясатына карата негизги талаптар жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Юридика башкармалыгы:

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен төлөм системаларынын операторлорун жана төлөм уюмдарын, "KG (КЕЙ-ЖИ) төлөм тутумдарынын операторлор ассоциациясы" юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын.

5. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдыгулов
