# КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 21-декабрындагы № 77/4 "Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) жүзөгө ашыруу эрежелери тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 21-декабрындагы № 77/4 "Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) жүзөгө ашыруу эрежелери тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 77/4
- Кабыл алынган күнү: 21.12.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.10.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/800755>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-778/edition/1106932/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/800755.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.10.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 21-декабрындагы № 77/4 "Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) жүзөгө ашыруу эрежелери тууралуу" токтому (13.10.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/800755

---

КР Улуттук банк Башкармасынын 2021-жылдын 13-октябрындагы № 2021-П-14/56-1-(ПС) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 2015-жылдын 21-декабры № 77/4 Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) жүзөгө ашыруу эрежелери тууралуу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 3, 7 жана 43-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Мыйзамга таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү (оверсайт) жүзөгө ашыруу эрежелери (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Улуттук банк Башкармасынын 2008-жылдын 28-майындагы № 22/11 "Кыргыз Республикасынын төлөм системасына көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу эрежелерин бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготкон катары таанылсын.

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Юридика башкармалыгы:

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

5. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн, төлөм системасынын операторлорун жана төлөм уюмдарын, Кыргыз Республиканын коммерциялык банктарын тааныштырсын.

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын Төлөм системалары башкармалыгынын ишин түздөн-түз тескөөгө алган мүчөсүнө ыйгарылсын.

Төрага

Т.Абдыгулов
