# КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 9-июнундагы № 24/1 "Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-мартындагы № 6/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө" Жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 9-июнундагы № 24/1 "Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-мартындагы № 6/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө" Жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 24/1
- Кабыл алынган күнү: 09.06.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.06.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/800742>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-776/edition/1060546/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/800742.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 9-июнундагы № 24/1 "Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-мартындагы № 6/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө" Жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (09.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/800742

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 2016-жылдын 9-июну № 24/1 Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-мартындагы № 6/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө" Жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республиканын "Кыргыз Республиканын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7, 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республиканын Улуттук банк Башкармалыгы токтом кылат:

1. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-мартындагы № 6/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө" Жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

токтомдун аталышындагы "жаңы редакциясы" деген сөздөр алынып салынсын, "Улуттук банк" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы" дегенге алмаштырылсын; биринчи пункттагы "жобонун жаңы редакциясы" деген сөздөр алынып салынсын, "Улуттук банк" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы" дегенге алмаштырылсын; жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө" Жобонун:

- 1.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

"1.3. Көзөмөл боюнча комитеттин курамына көзөмөл блогунун куратору Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү (Комитеттин Төрагасы), Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери кирет. Көзөмөл боюнча комитеттин жеке курамы Улуттук банктын буйругу менен бекитилет. Көзөмөл боюнча комитеттин курамына Улуттук банктын буйругуна ылайык кеңеш берүүчү укугунда башка кызматкерлер да кириши мүмкүн. Комитеттин төрагасы жана/же анын башка мүчөлөрү жок учурда Улуттук банктын буйругуна ылайык, алардын милдетин аткарган башка кызматкерлер комитеттин ишине катышат.".

2. Юридика башкармалыгы:

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Дж.Джусупов мырзага жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы

Т.Абдыгулов
