Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Улуттук банк Башкармасынын «Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-мартындагы № 6/2 «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө» Жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 2016-жылдын 9-июну № 24/1 Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-мартындагы № 6/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө" Жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республиканын "Кыргыз Республиканын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7, 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республиканын Улуттук банк Башкармалыгы токтом кылат:
1. Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-мартындагы № 6/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө" Жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
токтомдун аталышындагы "жаңы редакциясы" деген сөздөр алынып салынсын, "Улуттук банк" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы" дегенге алмаштырылсын; биринчи пункттагы "жобонун жаңы редакциясы" деген сөздөр алынып салынсын, "Улуттук банк" деген сөз "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы" дегенге алмаштырылсын; жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө" Жобонун:
- 1.3-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:
"1.3. Көзөмөл боюнча комитеттин курамына көзөмөл блогунун куратору Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү (Комитеттин Төрагасы), Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери кирет. Көзөмөл боюнча комитеттин жеке курамы Улуттук банктын буйругу менен бекитилет. Көзөмөл боюнча комитеттин курамына Улуттук банктын буйругуна ылайык кеңеш берүүчү укугунда башка кызматкерлер да кириши мүмкүн. Комитеттин төрагасы жана/же анын башка мүчөлөрү жок учурда Улуттук банктын буйругуна ылайык, алардын милдетин аткарган башка кызматкерлер комитеттин ишине катышат.".
2. Юридика башкармалыгы:
- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
4. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Дж.Джусупов мырзага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы
Т.Абдыгулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 5 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (5)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2005-жылдын 19-мартындагы N 6/2 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндөгү" жобону бекитүү…Постановление · 19.03.2005 · № 6/2
- "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө" Жобосу (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармалыгынын 2005-жылдын 19-мартындагы N 6/2 токтому…Положение · 19.03.2005 · № 6/2
5 ичинен 2 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.
Шилтеме берет (2)
- "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитети жөнүндө" Жобосу (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармалыгынын 2005-жылдын 19-мартындагы N 6/2 токтому…Положение · 19.03.2005 · № 6/2
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон