# КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 25-майындагы № 20/3 "Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/15 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо" эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 25-майындагы № 20/3 "Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/15 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо" эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 20/3
- Кабыл алынган күнү: 25.05.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.05.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/800741>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-775/edition/1057960/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/800741.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.05.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 25-майындагы № 20/3 "Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/15 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо" эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (25.05.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/800741

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2016-жылдын 25-майы № 20/3 Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/15 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо" эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7, 17 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 28-мартындагы № 10/15 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо" эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан чет өлкө валюталарынын кыргыз сомуна карата расмий курстарын аныктоо" эрежелеринин:

- 22-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

"22. Орус рублинин жана казак теңгесинин сомго карата расмий курстары Москвадагы банктар аралык валюта биржасындагы, Казакстан фондулук биржасындагы орточо салмактанып алынган маанилерди Улуттук банк тарабынан АКШ долларынын сомго карата расмий курсун аныктаган учурда кросс-курс боюнча эсептелинет.".

2. Бул токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

3. Юридика башкармалыгы:

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен республиканын коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигин, Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматын, Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетин, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н.Жениш мырзага жүктөлсүн.

Төрага

Т. Абдыгулов
