# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-майындагы №292 ""Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-майындагы №292 ""Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 292
- Кабыл алынган күнү: 15.05.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/80074>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13615/edition/351526/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/80074.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-майындагы №292 ""Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/80074

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 15-майы № 292 "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А.Ниязалиева демилге кылган "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тиркелген корутундусу жактырылсын.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине жиберилсин.

Премьер-министр

И.Чудинов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-майындагы № 292 токтому менен жактырылган

"Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Д.А.Ниязалиева демилге кылган "Бейсалык төлөмдөр жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына толуктоолорду киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, жана Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 64-беренесин жетекчиликке алып, төмөнкү сын-пикирлерди эске алуу менен анын кабыл алынышы мүмкүн деп эсептейт. 1-берененин 1-пунктунун 4-абзацында лотереялык ишти жүргүзүү укугунда түшкөн суммалар өткөрүлүп жаткан лотереянын уюштуруучуларына жараша Кыргыз Республикасынын республикалык же жергиликтүү бюджеттин кирешесине которулаары аныкталган. Кыргыз Республикасынын республикалык жана жергиликтүү бюджеттеринин ортосунда берилген сумманы бөлүштүрүүнүн жогоруда аталган критерийлери так эместигин белгилейбиз. Ошондой эле "Кыргыз Республикасындагы бюджеттик укуктардын негизги принциптери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренеси менен республикалык лотереяны өткөрүүдөн түшкөн кирешелер (лотереялык ишти жүргүзүү үчүн төлөм), калган бейсалык, башка кирешелер республикалык бюджетке түшүшү керек. 3-беренедеги "үч ай өткөндөн кийин" деген сөздөрдү алып салууну сунуш кылабыз, себеби мыйзам долбоору ишкердик ишти жөнгө салуу менен байланышкан эмес.
