# КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/1 "Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 26-июнундагы № 20/1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/1 "Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 26-июнундагы № 20/1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 7/1
- Кабыл алынган күнү: 10.02.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.02.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/800734>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-770/edition/1057107/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/800734.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/1 "Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 26-июнундагы № 20/1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (10.02.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/800734

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2016-жылдын 10-февралы № 7/1 Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 26-июнундагы № 20/1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 26-июнундагы № 20/1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Юридика башкармалыгы:

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусун, Кыргыз Республикасында Депозиттерди коргоо агенттигин, "Борбордук депозитарий" ЖАКты жана Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн тааныштырсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Н.Жеңиш мырзага жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы

Т.Абдыгулов

Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 26-июнундагы № 20/1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна ӨЗГӨРТҮҮЛӨР Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 26-июнундагы № 20/1 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн мамлекеттик баалуу кагаздарын Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы аркылуу жайгаштыруу, кайталап сунуштоо, кошумча жайгаштыруу, кайтара сатып алуу жана алар менен эсептешүүлөрдү жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобонун:

- 50-пунктунун үчүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

"- билдирмелерди мүмкүн болушунча (минималдуу) канааттандыруу төмөнкүдөй чектерде камсыздалат: эгерде, билдирмелердин суммасы жарыяланган эмиссия көлөмүнө барабар же андан ашса - билдирмелерди минималдуу канааттандыруусу жарыяланган эмиссиянын 25% пайызын түзөт; эгерде, билдирмелердин суммасы жарыяланган эмиссия көлөмүнөн аз болсо -канааттандырылган билдирмелердин минималдуу көлөмү сунушталган билдирмелердин чегинде белгиленет.".
