# КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/7 "Коммерциялык банктардын милдеттүү кам өлчөмдөрү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/7 "Коммерциялык банктардын милдеттүү кам өлчөмдөрү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 78/7
- Кабыл алынган күнү: 23.12.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.12.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/800728>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-765/edition/1063624/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/800728.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.12.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/7 "Коммерциялык банктардын милдеттүү кам өлчөмдөрү жөнүндө" токтому (23.12.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/800728

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 2015-жылдын 23-декабры № 78/7 Коммерциялык банктардын милдеттүү кам өлчөмдөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7, 22 жана 43-беренелерине жана Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы № 8/2 токтому менен бекитилген "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:

1. Милдеттүү камдарды эсептөө базасында камтылган милдеттенмелер боюнча төмөнкүдөй милдеттүү кам өлчөмдөрү белгиленсин:

а) улуттук валютадагы милдеттенмелер боюнча - улуттук валютадагы милдеттенмелерди эсептөө базасында камтылган сумманын 4,0 пайызы деңгээлинде;

б) армян драмы, белорусь рубли, казак теңгеси, кытай Жэньминьби юани жана орус рублиндеги милдеттенмелер боюнча - армян драмы, белорусь рубли, казак теңгеси, кытай Жэньминьби юани жана орус рублиндеги милдеттенмелерди эсептөө базасында камтылган сумманын 4,0 пайызы деңгээлинде;

в) ушул пункттун (б) пунктчасында көрсөтүлгөндөрдү эске албаганда, чет өлкө валютасындагы милдеттенмелер боюнча, - ошол чет өлкө валюталарындагы милдеттенмелерди эсептөө базасында камтылган сумманын 12,0 пайызы деңгээлинде.

2. Коммерциялык банктар милдеттүү камдарды Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы № 8/2 токтому менен бекитилген "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобонун 2.4-пунктуна ылайык эсептөөнү ишке ашырып, жобонун 2.5-пунктун талабына ылайык бул токтомдун 1-пунктунун (а), (б), (в) пунктчаларында көрсөтүлгөн валюталардагы милдеттенмелердин өз-өзүнчө сунушталышын камсыз кылышсын.

3. Милдеттүү камдардын өлчөмү бул токтомдун 1-пунктунун (а), (б), (в) пунктчаларында көрсөтүлгөн валюталардагы милдеттенмелер боюнча милдеттүү камдардын суммасы катары эсептелинсин.

4. Юридика башкармалыгы:

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

5. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 7-декабрындагы № 75/1 "Коммерциялык банктардын милдеттүү кам өлчөмдөрү жөнүндө" токтому күчүн жоготкон катары таанылсын.

6. Экономика башкармалыгы Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгы менен биргеликте ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.

7. Токтом 2016-жылдын 11-январынан тартып күчүнө кирет.

8. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Н.Жениш мырзага жүктөлсүн.

Төрага

Т.Абдыгулов
