# КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/6 "Кыргыз Республикасында айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/6 "Кыргыз Республикасында айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 76/6
- Кабыл алынган күнү: 09.12.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 09.12.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/800723>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-762/edition/1068620/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/800723.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 09.12.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/6 "Кыргыз Республикасында айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому (09.12.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/800723

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 2015-жылдын 9-декабры № 76/6 "Кыргыз Республикасында айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:

1. Кароого сунушталган "Кыргыз Республикасында айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Улуттук банк Башкармасынын 2007-жылдын 1-июнундагы № 29/3 "Айкын убакыт ыргагында эсептешүүлөрдүн гросстук системасы жөнүндөгү" жобону бекитүү тууралуу токтому күчүн жоготкон катары таанылсын.

3. Юридика башкармалыгы:

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомдун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасы Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

4. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен республиканын коммерциялык банктарын тааныштырсын.

6. Документ менен иштөө жана коммуникация башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Л.Орозбаевага ыйгарылсын.

Төрага

Т.Абдыгулов
