Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Улуттук банк Башкармасынын «Коммерциялык банктардын милдеттүү кам өлчөмдөрү жөнүндө»
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правления Национального банка КР от 23 декабря 2015 года № 78/7 "О размерах обязательных резервов коммерческих банков"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2015-12-23.
КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/7 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2015-жылдын 7-декабры № 75/1 Коммерциялык банктардын милдеттүү кам өлчөмдөрү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7, 22 жана 43-беренелерине жана Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы № 8/2 токтому менен бекитилген "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобого ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Милдеттүү кам эсептик базасында камтылган милдеттенмелер боюнча төмөнкүдөй милдеттүү кам өлчөмдөрү белгиленсин:
- улуттук валютадагы милдеттенмелер боюнча - эсептик базада камтылган улуттук валютадагы милдеттенмелер суммасынын 4,0 пайызы деңгээлинде;
- чет өлкө валютасындагы милдеттенмелер боюнча - эсептик базада камтылган чет өлкө валютасындагы милдеттенмелер суммасынын 12,0 пайызы деңгээлинде.
2. Милдеттүү кам өлчөмү улуттук валютадагы милдеттенмелер жана чет өлкө валютасындагы милдеттенмелер боюнча милдеттүү кам суммасы катары эсептелинсин.
3. Юридика башкармалыгы:
- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;
- расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.
4. Токтом 2015-жылдын 14-декабрынан тартып күчүнө кирет.
5. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 5-октябрындагы № 60/1 "Коммерциялык банктардын милдеттүү кам өлчөмдөрү жөнүндө" токтому күчүн жоготкон катары таанылсын.
6. Экономика башкармалыгы Финансы статистикасы жана маалымдоо башкармалыгы менен биргеликте ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары Н.Жениш мырзага жүктөлсүн.
Төрага
Т. Абдыгулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/7 "Коммерциялык банктардын милдеттүү кам өлчөмдөрү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.12.2015 · № 78/7
Шилтеме берет (4)
- КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 23-декабрындагы № 78/7 "Коммерциялык банктардын милдеттүү кам өлчөмдөрү жөнүндө" токтомуПостановление · 23.12.2015 · № 78/7
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы № 8/2 " "Милдеттүү камдар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу токтому"Постановление · 19.03.2010 · № 8/2 · Күчүн жоготкон
- "О размерах обязательных резервов коммерческих банков"Постановление · 05.10.2015 · № 60/1
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "Милдеттүү резервдер жөнүндө" (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 19-мартындагы № 8/2 токтому менен бекитилген) ЖОБОПоложение · 19.03.2010 · № 8/2 · Күчүн жоготкон