# КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 28-октябрындагы № 64/7 "Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-февралындагы № 13/12 "Аффинаждалган алтындан жана күмүштөн даярдалган, Кыргыз Республикасынын Улуттук башкы эмитирлеген өлчөнгөн куймалардын Улуттук банк тарабынан сатылышы жана кайра сатылып алынышы эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 28-октябрындагы № 64/7 "Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-февралындагы № 13/12 "Аффинаждалган алтындан жана күмүштөн даярдалган, Кыргыз Республикасынын Улуттук башкы эмитирлеген өлчөнгөн куймалардын Улуттук банк тарабынан сатылышы жана кайра сатылып алынышы эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 64/7
- Кабыл алынган күнү: 28.10.2015
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.10.2015
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/800717>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-756/edition/1056152/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/800717.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.10.2015 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 28-октябрындагы № 64/7 "Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-февралындагы № 13/12 "Аффинаждалган алтындан жана күмүштөн даярдалган, Кыргыз Республикасынын Улуттук башкы эмитирлеген өлчөнгөн куймалардын Улуттук банк тарабынан сатылышы жана кайра сатылып алынышы эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому (28.10.2015 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/800717

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2015-жылдын 28-октябры № 64/7 Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-февралындагы № 13/12 "Аффинаждалган алтындан жана күмүштөн даярдалган, Кыргыз Республикасынын Улуттук башкы эмитирлеген өлчөнгөн куймалардын Улуттук банк тарабынан сатылышы жана кайра сатылып алынышы эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-февралындагы № 13/12 "Аффинаждалган алтындан жана күмүштөн даярдалган, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эмитирлеген өлчөнгөн куймалардын Улуттук банк тарабынан сатылышы жана кайра сатылып алынышы эрежелерин бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Аффинаждалган алтындан жана күмүштөн даярдалган, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы эмитирлеген өлчөнгөн куймалардын Улуттук банк тарабынан сатылышы жана кайра сатылып алынышы эрежелери төмөнкү мазмундагы 2-1-пункт менен толукталсын: "2-1. Улуттук банк, аффинаждалган алтындан жана күмүштөн даярдалган, Улуттук банк тарабынан эмитирленген, өлчөнгөн куймалардын сакталышын камсыз кылуу максатында калкка аффинаждалган алтындан даярдалган алтын жана күмүш куймаларды сактоо боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштайт.".

2. Юридика башкармалыгы:

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтына жарыя танышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомдун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн аны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

3. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Нак акча менен иш алып баруу башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын областтык башкармалыктарын тааныштырсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж.Жеенбаевага ыйгарылсын.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы

Т. Абдыгулов
