# КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-09/34-2-НПА "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-09/34-2-НПА "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2019-П-09/34-2-НПА
- Кабыл алынган күнү: 28.06.2019
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.06.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/800700>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-742/edition/1044494/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/800700.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.06.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-09/34-2-НПА "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (28.06.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/800700

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2019-жылдын 28-июну № 2019-П-09/34-2-НПА Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төмөнкү ченемдик укуктук актыларына сунушталган толуктоолор (кошо тиркелет) киргизилсин:

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы № 50/1 "Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-09/24-6-(НПА) "Акыркы инстанция кредити жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому.

2. Юридика башкармалыгы:

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн тааныштырсын.

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Акча-кредиттик операциялар башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы

Т.Абдыгулов

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 28-июнундагы № 2019-П-09/34-2-НПА токтомуна тиркеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына ТОЛУКТООЛОР

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 3-сентябрындагы № 50/1 "Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө" жобонун:

- 10-пункту төмөнкү мазмундагы 4-1 пунктчасы менен толукталсын:

"4-1) орун алган ликвиддүүлүк көйгөйлөрүн жөнгө салуу жана суралып жаткан кредитти төлөө боюнча чараларды чагылдырган, Директорлор кеңеши жана Башкармасы тарабынан бекитилген банктын иш-чаралар планы;";

- жобо төмөнкү мазмундагы 14-1-пункту менен толукталсын:

"14-1. Улуттук банк көзөмөлдөгөн юридикалык жактардын акциялары күрөө предмети боло албайт.".

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 14-июнундагы № 2017-П-09/24-6-(НПА) "Акыркы инстанция кредити жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген "Акыркы инстанция кредити жөнүндө" жобонун:

- жобо төмөнкү мазмундагы 19-1-пункту менен толукталсын:

"19-1. Улуттук банк көзөмөлдөгөн юридикалык жактардын акциялары күрөө предмети боло албайт.".
