# Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2023-жылдын 22-февралындагы № 2023-П-14/11-5-(ПС) "Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын финансылык отчетторун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө карата талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2023-жылдын 22-февралындагы № 2023-П-14/11-5-(ПС) "Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын финансылык отчетторун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө карата талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2023-П-14/11-5-(ПС)
- Кабыл алынган күнү: 22.02.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/800486>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-736/edition/1273256/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/800486.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк Башкармасынын 2023-жылдын 22-февралындагы № 2023-П-14/11-5-(ПС) "Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын финансылык отчетторун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө карата талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому (22.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/800486

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ

2023-жылдын 22-февралы № 2023-П-14/11-5-(ПС)

"Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын финансылык отчетторун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө карата талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:

1. "Төлөм системаларынын операторлорунун/төлөм уюмдарынын финансылык отчетторун түзүүгө, жарыялоого жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкына берүүгө карата талаптар жөнүндө" жобо бекитилсин (кошо тиркелет).

2. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 30-сентябрындагы № 2019-П-14/50-2-(ПС) токтому менен бекитилген "Төлөм уюмдарынын жана төлөм системаларынын операторлорунун ишин жөнгө салуу жөнүндө" жобонун 84-пункту күчүн жоготкон катары таанылсын.

3. Юридика башкармалыгы:

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде токтомду Улуттук банктын расмий интернет-сайтына жарыяласын;

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

4. Токтом расмий жарыялангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Төлөм системалары башкармалыгы тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен төлөм системаларынын операторлорун, төлөм уюмдарын жана "Төлөм системаларынын операторлорунун ассоциациясы KG (КЕЙ-ЖИ)" юридикалык жактар бирикмесин тааныштырсын.

6. "Башкарманын катчылыгы" бөлүмү 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.

7. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.

Төраганын милдетин аткаруучу

З. Чокоев
