# Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын 2020-жылдын 19-августундагы № 2020-П-14/46-4-(ПC) ""Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында төлөм уюмдарында жана төлөм системасынын операторлорунда ички контролдоону уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" Токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын 2020-жылдын 19-августундагы № 2020-П-14/46-4-(ПC) ""Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында төлөм уюмдарында жана төлөм системасынын операторлорунда ички контролдоону уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" Токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2020-П-14/46-4-(ПС)
- Кабыл алынган күнү: 19.08.2020
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 19.08.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/800481>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/800481/edition/1272842/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/800481.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 19.08.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук Банк башкармасынын 2020-жылдын 19-августундагы № 2020-П-14/46-4-(ПC) ""Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында төлөм уюмдарында жана төлөм системасынын операторлорунда ички контролдоону уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" Токтому (19.08.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/800481

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНК БАШКАРМАСЫНЫН ТОКТОМУ 2020-жылдын 19-августу № 2020-П-14/46-4-(ПC) "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында төлөм уюмдарында жана төлөм системасынын операторлорунда ички контролдоону уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Төлөм системасы жөнүндө" Мыйзамынын 26-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:

1. "Террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү максатында төлөм уюмдарында жана төлөм системасынын операторлорунда ички контролдоону уюштурууга карата минималдуу талаптар жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

3. Юридика башкармалыгы:

- токтомдун Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен төлөм уюмдарын жана төлөм системасынын операторлорун тааныштырсын.

5. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.

6. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасы

Т.С.Абдыгулов
