Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 20-апрели № 239 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдериндеги карама-каршылыктарды жоюу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Качкындардын ырастамасынын, качкындын статусу жөнүндөгү өтүнүч катты каттоо тууралуу күбөлүктүн бланкаларынын үлгүсүн бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 6-ноябрындагы № 740 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 3-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Миграциялык кызмат департаменти" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөргө алмашылсын;
- аталган токтом менен бекитилген качкындын ырастамасынын, өтүнүч катты каттоо тууралуу күбөлүктүн бланкаларынын үлгүлөрүндө жана бланкаларынын баяндоосунда:
ар түрдүү жөндөмөдөгү "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Миграциялык кызмат департаменти", "Кыргыз Республикасынын ТИМге караштуу Миграциялык кызмат департаменти", "Миграциялык кызмат департаменти" деген сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орнотуу боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөргө алмаштырылсын; ар түрдүү жөндөмөдөгү "директор" деген сөз тийиштүү жөндөмөдө "төрага" деген сөз менен алмаштырылсын.
2. "Кыргыз Республикасында качкындар менен иштөө жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 4-апрелиндеги № 188 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында качкындар менен иштөө жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 5-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Миграциялык кызмат департаменти (мындан ары - Департамент)" деген сөздөр "миграция тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- бүткүл текст боюнча:
ар түрдүү жөндөмөдөгү "Департамент" деген сөз тийиштүү жөндөмөдө "миграция тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын; ар түрдүү жөндөмөдөгү "директор" деген сөз тийиштүү жөндөмөдө "жетекчи" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- аталган Жобонун тиркемелериндеги "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Миграциялык кызмат департаменти", "Кыргыз Республикасынын ТИМине караштуу миграциялык кызмат департаменти" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орноштуруу боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөргө алмаштырылсын;
аталган Жобонун № 5 тиркемесиндеги "Тышкы иштер министрлигине караштуу Миграциялык кызмат департаменти", "Миграциялык кызмат департаменти" деген сөздөр "Кыргыз Республикасынын Миграция жана ишке орнотуу боюнча мамлекеттик комитети" деген сөздөргө алмаштырылсын.
3. "Тажикстан Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуунун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 25-майындагы № 380 токтому менен бекитилген Тажикстан Республикасынын жарандарына Кыргыз Республикасынын жарандыгын алуунун жөнөкөйлөтүлгөн тартиби жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 9-пункттагы "Миграциялык кызмат департаменти" деген сөздөр "миграция тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын;
- 26-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине караштуу Миграциялык кызмат департаменти" деген сөздөр "миграция тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган" деген сөздөргө алмаштырылсын.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
И.Чудинов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (2)
- Постановление Правительства КР от 6 ноября 2002 года №740 "Об утверждении образцов бланков удостоверения беженца, свидетельства о регистрации ходатайства о статусе беженца"Постановление · 06.11.2002 · № 740
- Положение об упрощенном порядке приобретения гражданства Кыргызской Республики гражданами Республики Таджикистан (утверждено постановлением Правительства КР от 25 мая 2004 года N…Положение · 25.05.2004 · № 380
Шилтеме берет (3)
- Постановление Правительства КР от 6 ноября 2002 года №740 "Об утверждении образцов бланков удостоверения беженца, свидетельства о регистрации ходатайства о статусе беженца"Постановление · 06.11.2002 · № 740
- Постановление Правительства КР от 4 апреля 2003 года №188 "Об утверждении Положения о работе с беженцами в Кыргызской Республике"Постановление · 04.04.2003 · № 188
- Постановление Правительства КР от 25 мая 2004 года N 380 "Об утверждении Положения об упрощенном порядке приобретения гражданства Кыргызстан Республики гражданами Республики…Постановление · 25.05.2004 · № 380
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасында качкындар менен иштөө жөнүндө Жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 4-апрелиндеги № 188 токтому менен бекитилди)Положение · 04.04.2003 · № 188
- 2008-2012-жылдарга Кыргыз Республикасында мамлекеттик мүлктү менчиктештирүү Программасы (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 17-сентябрындагы № 518 токтому менен…Программа · 17.09.2008 · № 518