# Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын 22-февралындагы № 2023-П-15/11-6-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-15/54-4-(НПА) "Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын 22-февралындагы № 2023-П-15/11-6-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-15/54-4-(НПА) "Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2023-П-15/11-6-(НПА)
- Кабыл алынган күнү: 22.02.2023
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 22.02.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/800471>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-728/edition/1234798/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/800471.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.02.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы 2023-жылдын 22-февралындагы № 2023-П-15/11-6-(НПА) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-15/54-4-(НПА) "Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (22.02.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/800471

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ БАШКАРМАСЫ ТОКТОМ 2023-жылдын 22-февралы № 2023-П-15/11-6-(НПА) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-15/54-4-(НПА) "Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" конституциялык Мыйзамынын 5, 9 жана 64-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-15/54-4-(НПА) "Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна сунушталган өзгөртүүлөр (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Юридика башкармалыгы:

- тиешелүү документтерди алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күнү ичинде ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий интернет-сайтына жарыяласын;

- расмий жарыялангандан кийин токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын, депозиттерди тартуу менен иш алып барган банк эмес финансы-кредит уюмдарын, Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгынын ишин тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.

Төраганын милдетин аткаруучу

З.Чокоев

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2023-жылдын 22-февралындагы № 2023-П-15/11-6-(НПА) токтомуна карата тиркеме

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-15/54-4-(НПА) "Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөр

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-15/54-4-(НПА) "Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин: жогоруда аталган токтом менен бекитилген Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптардын:

- бүтүндөй тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Банк" деген сөздөн кийин тиешелүү жөндөмөдөгү "/БФКУ" деген сөз менен толукталсын;

- 1-пункту төмөнкү редакцияда берилсин:

"1. Талап кылуу укугу Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы (мындан ары - Улуттук банк) тарабынан кредит берүү учурунда күрөө катары кабыл алынышы мүмкүн болгон, кредит портфелине камтылган коммерциялык банктардын (мындан ары - банктар), депозиттерди тартуучу банк эмес финансы-кредит уюмдарынын (мындан ары - БФКУ) кредиттеринин/лизингдеринин мүнөздөмөлөрүн жана аларга коюлган талаптарды аныктоо жана аларды минималдуу талаптарга шайкеш келиши көз карашында текшерүү, ушул минималдуу талаптардын максаты болуп саналат.";

- 4-пунктунун 10-абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

"Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын кайра каржылоо жана ликвиддүүлүктү колдоо максатында кредиттик аукциондорду өткөрүү тартиби жөнүндө", "Акыркы инстанция кредити жөнүндө", "Ликвиддүүлүктү колдоого кредит берүү жөнүндө" жана "Депозиттерди тартуучу банк эмес финансы-кредит уюмдарына акыркы инстанциядагы кредиттер жөнүндө" жоболордун алкагында берилген кредиттик ресурстар боюнча күрөөлүк камсыздоо катары улуттук валютада берилген кредиттер каралат.";

5-пунктунун:

- 5-пунктчасы төмөнкү редакцияда берилсин:

"5) кредит/лизинг банктар үчүн "Активдерди классификациялоо жана потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга камга тиешелүү чегерүүлөр жөнүндө" жобого жана депозиттерди тартуучу БФКУ үчүн "Банк эмес финансы-кредит уюмдары тарабынан активдерди классификациялоо, потенциалдуу жоготуулардын жана чыгым тартуулардын ордун жабууга кам түзүү жөнүндө" жобого ылайык, нормалдуу жана канааттандырарлык кредиттердин (активдердин) мүнөздөмөлөрүнө туура келет;";

- 6-пунктчасындагы "Улуттук банк Башкармасынын 2010-жылдын 30-июнундагы № 52/4 токтому менен бекитилген," деген сөздөр алынып салынсын;

- 18-1-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 21-июлундагы № 18/3 токтому менен бекитилген" деген сөздөр алынып салынсын.
