# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-апрелиндеги № 237 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-апрелиндеги № 237 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 237
- Кабыл алынган күнү: 20.04.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.04.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/80047>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13594/edition/1002542/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/80047.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 20-апрелиндеги № 237 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (30.04.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/80047

---

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 30-апрелиндеги № 227 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 20-апрели № 237 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-январындагы № 1 токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдериндеги карама-каршылыктарды жоюу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. (КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 8-январындагы № 1 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

2. "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментин түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 26-сентябрындагы № 556 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаменти жөнүндө жобого төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 8-пунктунун биринчи абзацы төмөнкү редакцияда баяндалсын:

"8. Департаментти Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызматка дайындалчу жана кызматтан бошотулчу директор башкарат.".

Премьер-министр

И.Чудинов
