# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-апрелиндеги №234 "Консулдук иш-аракеттерди аткаруудагы консулдук жыйымдар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-апрелиндеги №234 "Консулдук иш-аракеттерди аткаруудагы консулдук жыйымдар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 234
- Кабыл алынган күнү: 16.04.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.12.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/80040>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13588/edition/1076486/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/80040.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.12.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 16-апрелиндеги №234 "Консулдук иш-аракеттерди аткаруудагы консулдук жыйымдар жөнүндө" токтому (18.12.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/80040

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 18-декабрындагы № 839 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 16-апрели №234 Консулдук иш-аракеттерди аткаруудагы консулдук жыйымдар жөнүндө Консулдук жана иш жүзүндөгү жыйымдарды бир түргө келтирүү, аларды Кыргыз Республикасынын консулдук ишмердикти жөнгө салуучу нормативдик укуктук актыларына ылайык келтирүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Консулдук иш-аракеттерди аткаруудагы консулдук жыйымдар жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

2. "Консулдук жыйымдар жана консулдук кызмат көрсөтүүлөрдү аткаруудагы иш жүзүндөгү чыгымдар үчүн жыйымдар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-июлундагы № 502 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган учурдан тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигине жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
