# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги №229 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 503 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан ташып чыгарылчу товарларга ташып чыгуу (экспорттук) бажы алымынын ставкасын белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги №229 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 503 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан ташып чыгарылчу товарларга ташып чыгуу (экспорттук) бажы алымынын ставкасын белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 229
- Кабыл алынган күнү: 14.04.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.07.2010
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/80034>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13585/edition/436151/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/80034.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.07.2010 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 14-апрелиндеги №229 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 503 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан ташып чыгарылчу товарларга ташып чыгуу (экспорттук) бажы алымынын ставкасын белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (29.07.2010 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/80034

---

КР Убактылуу Ѳкмѳтүнүн 2010-жылдын 29-июлундагы №142 токтому менен КУЧУН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2009-жылдын 14-апрели № 229 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 503 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан ташып чыгарылчу товарларга ташып чыгуу (экспорттук) бажы алымынын ставкасын белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын бажы тарифи жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 7-беренесине ылайык жана "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 503 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан ташып чыгарылчу товарларга ташып чыгуу (экспорттук) бажы алымынын ставкасын белгилөө жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоору жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2009-жылдын 12-мартындагы № 1036-IV токтомун көңүлгө алуу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 23-октябрындагы № 503 "Кыргыз Республикасынын бажы аймагынан ташып чыгарылчу товарларга ташып чыгуу (экспорттук) бажы алымынын ставкасын белгилөө жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

аталган токтомдун тиркемесинин "5101", "5102", "5103", "5104", "5105" жана "5106" позициялары алып салынсын.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Евразия экономикалык шериктештигинин Интеграциялык комитетинин секретариатына ушул токтомдун кабыл алынгандыгы тууралуу белгиленген тартипте билдирсин.

3. Бул токтом расмий жарыяланган учурдан тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

И.Чудинов
