# КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-апрелиндеги №215 ""Аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын,Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын, финансылык полиция, атайын байланыш, жазык-аткаруу системасынын органдарынын, баңгизаттарды контролдоо органдарынын катардагы жана жетекчи курамдагы кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө кызмат өтөгөн жылдарын эсептөөнүн, пенсия жана пособие чектөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-апрелиндеги №215 ""Аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын,Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын, финансылык полиция, атайын байланыш, жазык-аткаруу системасынын органдарынын, баңгизаттарды контролдоо органдарынын катардагы жана жетекчи курамдагы кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө кызмат өтөгөн жылдарын эсептөөнүн, пенсия жана пособие чектөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 215
- Кабыл алынган күнү: 06.04.2009
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 06.04.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/80025>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-13576/edition/356899/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/80025.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.04.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 6-апрелиндеги №215 ""Аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын,Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын, финансылык полиция, атайын байланыш, жазык-аткаруу системасынын органдарынын, баңгизаттарды контролдоо органдарынын катардагы жана жетекчи курамдагы кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө кызмат өтөгөн жылдарын эсептөөнүн, пенсия жана пособие чектөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (06.04.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/80025

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 6-апрели № 215 "Аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын,Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын, финансылык полиция, атайын байланыш, жазык-аткаруу системасынын органдарынын, баңгизаттарды контролдоо органдарынын катардагы жана жетекчи курамдагы кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө кызмат өтөгөн жылдарын эсептөөнүн, пенсия жана пособие чектөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 35-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын жазык-аткаруу системасынын органдарынын кызматкерлерин жана медициналык персоналдарын социалдык коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын, финансылык полиция, атайын байланыш, жазык-аткаруу системасынын органдарынын, баңгизаттарды контролдоо органдарынын катардагы жана жетекчи курамдагы кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө кызмат өтөгөн жылдарын эсептөөнүн, пенсия жана пособие чектөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 13-январындагы № 12 токтому менен бекитилген Аскер кызматкерлерине, ички иштер органдарынын, Мамлекеттик өрткө каршы кызматтын, финансылык полиция, атайын байланыш, жазык-аткаруу системасынын органдарынын, баңгизаттарды контролдоо органдарынын катардагы жана жетекчи курамдагы кызматкерлерине жана алардын үй-бүлөлөрүнө кызмат өтөгөн жылдарын эсептөөнүн, пенсия жана пособие чектөөнүн жана төлөөнүн тартиби жөнүндө жобонун 1-пунктуна төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- он үчүнчү жана он жетинчи абзацтары "ички иштер органдарына" деген сөздөрдөн кийин "жана жазык-аткаруу тутумдарына" деген сөздөр менен толукталсын;

- он алтынчы абзац "ички иштер органдарынын," деген сөздөрдөн кийин ", жазык-аткаруу тутумдарынын" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргонуу, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

И.Чудинов
