# Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 12-декабрындагы № 2018-П-14/53-8-(ПС) "Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө жобо тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 12-декабрындагы № 2018-П-14/53-8-(ПС) "Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө жобо тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2018-П-14/53-8-(ПС)
- Кабыл алынган күнү: 12.12.2018
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.09.2019
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/800238>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-691/edition/1048561/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/800238.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.09.2019 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 12-декабрындагы № 2018-П-14/53-8-(ПС) "Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө жобо тууралуу" токтому (02.09.2019 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/800238

---

КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 2-сентябрындагы № 2019-П-14/46-1-(ПС) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ

2018-жылдын 12-декабры № 2018-П-14/53-8-(ПС) Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобо тууралуу

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын:

- Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-ноябрындагы № 71/11 «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтому;

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-14/54-11-(НПА) «Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-ноябрындагы № 71/11 «Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө» жобону бекитүү тууралуу» токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» токтому.

3. Юридика башкармалыгы:

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

4. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана документ менен иш алып баруу бөлүмү ушул токтом менен Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.

6. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын, төлөм системасынын операторлорун жана төлөм уюмдарын тааныштырсын.

7. Токтомдун аткарылышын контролдоо төлөм системалары боюнча маселелерди тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басарына жүктөлсүн.

Төрага

Т. Абдыгулов
