# Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 26-декабрындагы № 2018-П-14/58-8-(ПС) "Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 "Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 26-декабрындагы № 2018-П-14/58-8-(ПС) "Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 "Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2018-П-14/58-8-(ПС)
- Кабыл алынган күнү: 26.12.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 26.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/800235>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-688/edition/919678/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/800235.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 26.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 26-декабрындагы № 2018-П-14/58-8-(ПС) "Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 "Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (26.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/800235

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2018-жылдын 26-декабры № 2018-П-14/58-8-(ПС) Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 "Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 9-декабрындагы № 76/8 "Кыргыз Республикасындагы банктык төлөм карттар жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

4-пунктундагы "2019-жылдын 1-январынан" деген сөздөр "2021-жылдын 1-январынан" дегенге алмаштырылсын.

2. Юридика башкармалыгы:

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын жана эл аралык төлөм системаларын тааныштырсын.

5. Токтомдун аткарылышын контролдоо Төлөм системалары башкармалыгын тескөөгө алган Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсүнө жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы

Т.Абдыгулов
