# "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) токтому менен бекитилген)

- Толук аталышы: "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) токтому менен бекитилген)
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 2017-П-12/23-1-(НПА)
- Кабыл алынган күнү: 08.06.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/800234>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/46-3641/edition/1088574/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/800234.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) токтому менен бекитилген) (25.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/800234

---

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 8-июнундагы № 2017-П-12/23-1-(НПА) токтомуна тиркеме

"Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" ЖОБО (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА), 2019-жылдын 27-февралындагы № 2019-П-33/9-7-(НФК,), 2021-жылдын 14-июлундагы № 2021-П-12/38-3-(НПА),2021 жылдын 25-августундагы № 2021-П-12/47-2-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык) I БӨЛҮК. ЖАЛПЫ ЖОБОЛОР

## 1-глава. Банк, анын уюштуруучулары (акционерлери)

1. Бул "Банк ишин лицензиялоо жөнүндө" жободо (мындан ары - жобо) Кыргыз Республикасынын аймагында түзүлүүчү коммерциялык банктардын (мындан ары - "банк") ишин лицензиялоо тартибин, банктын капиталына чектүү катышууга ээ болууга уруксат алуу, банктардын кызмат адамдарын макулдашуу, обочо түзүмдүк бөлүмдөрдү түзүү аркылуу банктардын иш чөйрөсүн кеңейтүү, банктардын уставына сунушталган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду макулдашуу тартиби, банктарды жана "өтмө" банк мекемелерин өзгөртүп түзүү чараларын ишке ашыруунун алкагында өзгөртүп түзүү тартиби, ошондой эле микрофинансылык компанияларды коммерциялык банкка кайра каттоо жана кадимки банкты ислам банкына өзгөртүп түзүү тартиби аныкталган.

Бул жобонун талабы Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Мыйзамында каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкына да таркатылат. Банк өз ишин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана уставга ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын (мындан ары - "Улуттук банк") банк операцияларын жүргүзүү укугуна берген лицензиясынын негизинде жана ушул жобого ылайык жүзөгө ашырат. Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы болгон шартта "ислам терезесине" ээ банк Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банк операцияларын жүзөгө ашырууга тийиш. Улуттук банктын тиешелүү лицензиясы болгон шартта ислам банкы Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык гана банк операцияларын жүзөгө ашырууга тийиш.

2. Банкка лицензиянын берилишин жана анын лицензияга ылайык ишин жүзөгө ашырылышын банктын төлөөгө жөндөмдүүлүгүнө Улуттук банктын гарантиясы катары кароого болбойт.

3. Банк акционердик коом (жабык же ачык) уюштуруу-укуктук формасында гана түзүлүшү жана иш алып барышы мүмкүн.

4. Банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып юридикалык жак статусуна ээ болот. Юридикалык жак катары банкты мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн Улуттук банктын банкты уюштурууга уруксаты сунушталууга тийиш.

5. Банк өз ишин баштоосу үчүн банктык операцияларды жүргүзүү укугуна Улуттук банктын лицензиясын алууга тийиш.

Лицензия үчүн мамлекеттик алым өлчөмү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат. Банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алганга чейин банкты уюштурууга байланыштуу иштерди эске албаганда, юридикалык жак катары кандай болбосун иш менен алектенүүсүнө тыюу салынат. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2019-жылдын 27-февралындагы № 2019-П-33/9-7-(НФКО) токтомунун редакциясына ылайык)

6. Банк өзүнүн фирмалык (расмий) аталышы катары уставында жазылган аталышты колдонот. Банк уставында көрсөтүлгөн аталыштан башка аталышты кандай болбосун документтерде, кулактандырууларда же жарнамаларда колдонууга укугу жок.

Банктын фирмалык (расмий) аталышы Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасындагы Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамынын 78-беренесинин жана ушул жобонун 7-пунктунун талаптарына ылайык келүүгө тийиш.

7. Банктын фирмалык (расмий) аталышында чет мамлекеттердин/калктуу пункттардын аталыштарын, анын ичинде банктын чет мамлекеттерге/калктуу пункттарга толук же жарым-жартылай таандыгын билдирген сөздөрдү колдонушуна төмөнкү учурларда гана жол берилет, эгерде:

а) банктын добуш берүүгө укук чегерген кандай болбосун акцияларынын 40 жана андан көп пайызына ээ болгон банктын уюштуруучулары (акционерлери) ошол чет мамлекеттердин/калктуу пункттардын атынан, алардын мыйзамдарына ылайык кандай болбосун уюмдарда иш алып барууга/катышууга ыйгарым укуктуу болсо. Мындай учурда тиешелүү мамлекеттин фирмалык аталаштар жагында иш алып барган ыйгарым укуктуу органынын ошол мамлекеттин/калктуу пункттун (шаарлардын же кыштактардын) аталышын, анын ичинде аларга толук же жарым-жартылай таандыгын билдирген сөздөрдү, мыйзамга ылайык колдонууга уруксат берилгендигинин кат жүзүндөгү тастыктамасы же ошол органдын мыйзам талабына ылайык мындай уруксат берүү/тастыктоо талап кылынбай тургандыгы тууралуу кат жүзүндөгү тастыктамасы Улуттук банкка тапшырылууга тийиш.

б) колдонулган аталыш тиешелүү мамлекеттин мыйзамдарына ылайык каттоодон өткөн уюштуруучунун (акционердин) - юридикалык жактын фирмалык аталышына/катталган товардык белгисине дал келген шартта.

Банктын добуш берүүгө укук чегерген кандай болбосун акцияларынын 40 жана андан көп пайызына ээ болгон банктын уюштуруучуларынын (акционерлеринин) - юридикалык жактардын негизги экономикалык иши тиешелүү аймактын көпчүлүк бөлүгүндө ишке ашырылган болсо, банктын фирмалык аталышында башкача географиялык белгилерди/аталыштарды (евразиялык, европалык, азиялык жана башка) колдонууга жол берилет. Банктын уставдык капиталында эл аралык уюмдардын жана/же эл аралык финансылык/кредиттик институттардын үлүшү 50 жана андан көп пайызды түзсө, банктын фирмалык аталышында "эл аралык" деген сөздү колдонууга жол берилет. Банк баалуу кагаздар менен соода жүргүзүү жана/же инвестициялык долбоорлорду (тиешелүү инвестициялык саясаты болгон шартта) каржылоо боюнча инвестициялык ишти жүргүзсө жана мамлекеттик баалуу кагаздарга жана банктык жайларга инвестицияларды эске албаганда, мындай инвестициялардын үлүшү банктын таза суммардык активдеринин 60 жана андан көп пайызын ээлесе, банктын фирмалык аталышында "инвестициялык" деген сөздү колдонууга жол берилет. Мында, инвестицияларын үлүшүн эсептөөдө, анда чогуу алганда банктын таза суммардык капиталынын 20 пайызынан көбүрөөгүн түзгөн узак мөөнөткө инвестициялоо максатында уюмдардын уставдык капиталына инвестициялар да камтылышы мүмкүн. Ушул жобонун алкагында инвестициялык долбоорлор дегенден улам, Кыргыз Республикасынын экономикалык жана социалдык абалын андан ары жакшыртуу максатында турак жайларды, социалдык мекемелерди жана жолдорду куруу, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана башка маанилүү чөйрөлөрдү камтыган долбоорлорду өздөштүрүүнү караган иш багыттарын түшүнүү зарыл. Эгерде банк тарабынан жеке адамдардан жана юридикалык жактардан тартылган мөөнөттүү депозиттердин үлүшү банктын тартылган милдеттенмелеринин 60 жана андан көп пайызын түзсө, банктын фирмалык аталышында "аманат" деген сөздүн колдонулушуна жол берилет. Эгерде банк ишинде кандайдыр бир иш багыты басымдуу абалды ээлесе, б.а. анын таза суммардык активдеринин же милдеттенмелеринин 60 жана андан көп пайызын түзсө, банктын фирмалык аталышында ошол иш багыттарын мүнөздөгөн сөздөрдү колдонууга жол берилет. Банкты уюштуруу учурунда фирмалык аталышында иш багытынын мүнөздүү өзгөчөлүгүн белгилеген көрсөтмөлөрдү колдонууда Жобонун ушул пунктунун талаптарын аткаруу банктын бизнес-планына жараша аныкталат. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети банктын уюштуруучуларынын (акционерлердин) курамы, статусу же уставдык капиталдагы алардын үлүшү өзгөрүп, ошондон улам, банк Жобонун ушул пунктунун талабын аткара албай калса, ошондой эле ал үч жылдан беш жылга чейинки аралыкта фирмалык аталышына ылайык келбеген ишкердикти жүргүзүп келген болсо жана/же Жобонун ушул пунктунда белгилеген чектүү маани банктын таза суммардык активдеринин жана милдеттенмелеринин 20 пайызынан азды түзгөн деңгээлге чейин төмөндөп кеткен шартта, банктын фирмалык (расмий) аталышын өзгөртүүнү талап кылууга укуктуу.

8. Жаңыдан түзүлүп жаткан банктар үчүн уставдык капиталдын минималдуу өлчөмү Улуттук банк тарабынан аныкталат.

9. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аларга банк ишине катышууга тыюу салынбаган жеке адамдар жана/же юридикалык жактар (Кыргыз Республикасынын резиденттери жана резидент эместери) банктын уюштуруучусунан (акционеринен) болушу мүмкүн.

10. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ыйгарым укуктуку мамлекеттик орган аркылуу банктын уюштуруучусунан (акционеринен) боло алат.

11. Төмөнкүлөр банктын уюштуруучусунан (акционеринен) боло албайт:

1) оффшордук аймактарда жашаган жана/же каттоодон өткөн же тизмеги Улуттук банк тарабынан аныкталган оффшордук аймактарда каттоодон өткөн аффилирленген жактар алардын катышуучусунан болгон жеке адамдар жана юридикалык жактар.

2) Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңеши тарабынан аларга карата эл аралык санкциялар белгиленген жеке адамдар жана юридикалык жактар, ошондой эле көрсөтүлгөн жактар менен укуктук мамилелерге тыюу салган жана Бириккен Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңеши тарабынан аларга карата, Кыргыз Республикасы үчүн да милдеттүү болгон санкциялар белгиленген мамлекеттерде каттоодон өткөн жеке адамдар жана юридикалык жактар;

3) өз иши, финансылык абалы, катышуучуларынын курамы жөнүндө маалыматтарды белгиленген тартипте бербеген жана бенефициардык менчик ээлерин кошо алганда, юридикалык жактын катышуучуларын так идентификациялоого жана алар боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген кандай болбосун башка маалыматтарды жана документтерди сунуштабаган, же болбосо бенефициардык менчик ээлерин кошо алганда, юридикалык жактын катышуучуларын так идентификациялоого жана алар боюнча иликтөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк бербеген маалыматтарды сунуштаган, ошондой эле өзүнүн кынтыксыз ишкердик аброюн тастыктай албаган жеке адамдар жана юридикалык жактар;

4) банктын акцияларын сатып алууга жумшалган акча каражаттарынын мыйзамдуу булактарын Улуттук банк тарабынан белгиленген тартипте тастыктай албаган жеке адамдар жана юридикалык жактар;

5) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүн кошпогондо, республикалык же жергиликтүү бюджеттерден каржылануучу юридикалык жактар;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына же болбосо чет мамлекеттердин мыйзамдарына ылайык аларга карата тыюу салуулар же чектөөлөр орун алган жеке адамдар жана юридикалык жактар.

12. Банк жана/же финансылык иш менен алектенбеген юридикалык жактар өз алдынча же башка жактар менен биргеликте төмөнкүлөрдү ишке ашыра албайт:

1) кайсыл болбосун банктын добуш берүүгө ыйгарым укук чегерген акцияларынын жыйырма жана андан жогору пайызына тике же кыйыр түрдө ээлик кылууга же аларды тескөөгө алууга;

2) банк ишин контролдоого.

13. Ушул жобонун максатында эгерде, ошол юридикалык жак төмөнкүлөрдөн болуп саналса, финансылык иш жана банк жана/же финансылык ишке байланыштуу ишкердикти жүргүзгөн юридикалык жак болуп эсептелет:

а) банктык холдингдик компания (башкаруучу компания) болуп саналса жана ушул жобонун 14-пунктунда көрсөтүлгөн ишкердиктин түрүн жүзөгө ашырган банктарды жана башка компанияларды башкаруу максатында гана түзүлгөн болсо;

б) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын лицензиясынын (уруксатынын) негизинде жана ошол компания жайгашкан (каттоодон өткөн) өлкөдө консолидацияланган көзөмөл жөнүндө мыйзам иштелип чыккан шартта, ушул жобонун 14-пунктунда көрсөтүлгөн ишкердиктин кайсыл болбосун түрүн жүзөгө ашыра алат.

14. Ушул жобонун максатында төмөндө көрсөтүлгөн иш багыттары банктык жана/же финансылык иштин түрүнөн болуп саналат:

1) банк иши;

2) микрокаржылоо иши (микрокредиттерди берүү);

3) инвестициялык фондулардын иши;

4) камсыздандыруу иши;

5) лизингдик иши;

6) ипотекалык кредиттөө боюнча ишти жүзөгө ашыруу;

7) ишеним боюнча башкарууну (траст) ишке ашыруу;

8 ) аудитордук иш.

15. Уюштуруучулар (акционерлер) - банктын олуттуу катышуучуларынын финансылык абалы канааттандырарлык болууга тийиш жана алар салыктарды жана аларга теңдештирилген төлөмдөрдү төлөө боюнча өз милдеттенмелерин так аткарышы зарыл. Уюштуруучулар (акционерлер) - юридикалык жактар бекитилген мыйзамдык тартипте каттоодон өтүп, кеминде бир жыл иш алып барууга тийиш.

16. Банктын уюштуруучулары (акционерлери) ошондой эле банк менен аффилирленген жана байланыштуу жактар Улуттук банктын талабы боюнча өз иши, уюштуруучулар/акционерлер курамы тууралуу маалыматты, уюштуруу документтерин, уюштуруучулар (акционерлер) жөнүндө маалымат камтыган финансылык жана башка отчетторду, финансылык абал жана жүргүзүлүп жаткан операциялар, ошондой эле бенефициардык менчик ээлерин кошо алганда, юридикалык жактардын катышуучуларын айкын тастыктоого жана аларга иликтөөлөрдү жүргүзүүгө мүмкүндүк берген башка маалыматтарды жана документтерди берүүгө милдеттүү.

Уюштуруучулар (акционерлер) Улуттук банктын талабы боюнча банк жана анын уюштуруучулары (акционерлери) менен жалпы кызыкчылыгы болгон жактарга тиешелүү жогоруда көрсөтүлгөн маалыматтарды сунуштоого милдеттүү.

17. Мамлекеттик же муниципалдык кызматчылар:

1) кызматта турган учурда аларды милдеттүү түрдө ишеним боюнча тескөөгө өткөрүп берүү менен банктын жана/же банктык холдингдик компаниянын акцияларына ээ болууга;

2) алар банктын жана/же банктык холдингдик компаниянын башкаруу органдарында катыша албайт.

18. Банктык жайлар, анын ичинде филиалдардын жана аманат жана көчмө касса жайлары (касса түйүндөрүнүн, сактоо жайларынын ж.б. жайлардын жабдылышын кошо алганда) техникалык жактан жабдылышы, өрт коопсуздугунун сакталышы боюнча белгиленген талаптарга жооп берүүгө жана ал тууралуу банк менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын ортосунда тиешелүү документтер түзүлүүгө тийиш.

Банктык жайларга карата белгиленген бул талаптар кассадагы акча каражаттарынын калдыгы 500000 сомдон ашпаган көчмө касса жайларына таркатылбайт.

19. Банкты жоюу (ишин токтотуу) Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарга ылайык ишке ашырылат.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкын жоюуга карата "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Мыйзамдын 24-беренесинин талаптары колдонулат.

20. Жободо камтылган терминдер (атоолор) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамында, банктык мыйзамдарда жана Улуттук банктын банктык терминдер глоссарийинде каралган аныктамаларына ылайык колдонулат.

Бул Жободо ошондой эле, төмөнкү терминдер да колдонулат:

1) Ишеним боюнча башкаруу - бул, ишеним боюнча тескөө келишимине ылайык активдерди (акцияларды) тескөөгө алуу. Ушул жобонун максатында ошол жактын активдерин тескөөчү аны менен жалпы кызыкчылыкка ээ болууга тийиш жана:

а) ошол жак тарабынан кандай болбосун негизде контролдукка алынууга же анын активдерин тескөөдө андан көз каранды болууга тийиш эмес;

б) ошол жактын кызматкери болгон эмес жана кызматкери болуп саналбайт же иш боюнча өнөктөшү дагы эмес;

в) ошол жактын жакын тууганы эмес.

2) Чет өлкө банкы - Кыргыз Республикасынын аймагында катталбаган банк;

3) "Ислам терезесине" ээ банк - тиешелүү лицензиясы болгон шартта, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, тиешелүү бөлүмдүн ("ислам терезесинин") алкагында кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштаган банк;

4) Ислам банкы - Улуттук банктын тиешелүү лицензиясынын негизинде ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банк ишин жүзөгө ашырган банк;

5) Банктык жай - банкка таандык болгон же финансылык ижара келишими же башка келишимдер боюнча банктын карамагында турган жана негизги каражат катары пайдаланылып жаткан/пайдаланыла турган кыймылсыз мүлк (анын ичинде курулуп/орнотулуп жаткандарын кошо алганда).

6) Шариат кеңеши - банктын саясаттарынын жана типтүү келишимдеринин Шариат стандарттарына дал келүүсү үчүн жооп берген орган.

7) Алмашуу пункту - банк операцияларын жүргүзүү укугуна берген лицензиянын негизинде нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү үчүн атайын жабдылган жай.

## 2-глава. Улуттук банктын кароосуна сунушталуучу документтерге карата талаптар

21. Ушул жобого ылайык Улуттук банкка сунушталуучу жана бир нече барактан турган документтердин ар бир барагына номер, кол коюлуп, талаптагыдай таризделинип көктөлүүгө тийиш. Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарынын талаптарына ылайык басып чыгарылуучу жылдык отчеттор (түшүндүрмөлөрдү жана чечмелөөлөрдү, консолидацияланган балансты, түшкөн пайдалар жана кеткен чыгымдар жөнүндө отчетту, финансылык отчеттун башка формаларын, ошондой эле финансылык отчеттун анык жана тактыгын тастыктаган аудитордук корутундуну камтыган) типографиялык жол менен басылып чыгарылган китепче түрүндө сунушталышы мүмкүн.

22. Улуттук банкка документтин түп нускасы жана/же анын тиешелүү түрдө тастыкталган көчүрмөсү берилиши зарыл. Чет өлкөлүк уюштуруучулар (акционерлер) тарабынан берилген документтер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте легалдаштырылууга тийиш. Чет тилде толтурулган документтер тиешелүү негизинде күбөлөндүрүлгөн мамлекеттик жана/же расмий тилдердеги котормосу менен бирге берилиши зарыл.

Зарылчылык келип чыккан шартта, айрым документтер Улуттук банктын талабы боюнча электрондук формада берилиши мүмкүн.

23. Банк лицензиясы үчүн алдын ала уруксат алууга өтүнүч кат жана документтер кайтарылып алынган учурунда же лицензия берүүдөн, банк капиталына чектүү катышууга берилген өтүнүч катты канааттандыруудан баш тартылган шартта жана ушул жобонун алкагында ушундай башка учурларда банк жана өтүнүч ээсинин документтери Улуттук банк тарабынан кайтарылып берилбейт.

24. Ушул жободо башкача белгиленбесе, өтүнүч ээсинин документтерди кайрадан иштеп чыгууга кеткен убакыты Улуттук банктын документтерди кароого алуу мөөнөтүнө кирбейт.

25. Улуттук банкка келип түшкөн документтер ал белгилеген талаптарга жооп бербесе, документтерди кароого алуу мөөнөтү, белгиленген талаптарга жооп берген документтер алынган күнүнөн тартып эсептелинет.

II БӨЛҮК. БАНКТАРДЫ УЮШТУРУУ ЖАНА ЛИЦЕНЗИЯЛОО

## 3-глава. Банкты уюштуруу үчүн берилген документтер

26. Уюштуруучулар банкты уюштуруу чечимин кабыл алгандан кийин банктык операцияларды жүргүзүү укугуна уруксат алуу үчүн зарыл документтерди даярдоо максатында уюштуруучулар уюштуруу тобун түзүүгө жана документтерди карап чыгуу маселелери боюнча Улуттук банк менен байланышып туруу үчүн ыйгарым укуктуу адамды аныктоого тийиш.

27. Уюштуруучулар тарабынан Директорлор кеңешинин төрагасы же башкармасынын төрагасы кызматына шайланган/дайындалган адам ыйгарым укуктуу адам болушу мүмкүн.

28. Уюштуруучулардын өкүлү банкты уюштурууга уруксат алуу өтүнүчү берилгенге чейин эле тиешелүү кеп-кеңештерди алып, банктарды лицензиялоо жол-жоболору менен таанышуу үчүн Улуттук банкка кайрылышы мүмкүн.

29. Банкты уюштурууга уруксат алуу үчүн өтүнүч ээси төмөндө көрсөтүлгөн документтердин мамлекеттик жана/же расмий тилдеги түп нускасын же алардын талаптагыдай негизде тариздетилген көчүрмөлөрүн Улуттук банкка сунуштоого тийиш:

1) уюштуруучулардын жалпы жыйынында дайындалган ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасы коюлган банкты уюштурууга уруксат алуу үчүн өтүнүч катты (1-тиркемеде келтирилген форма боюнча);

2) уюштуруучулардын (жалпы) жыйынынын протоколу, - төмөнкү чечимдерди камтыган нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрдүн эки нускасы:

а) банкты уюштуруу жөнүндө;

б) анын фирмалык (расмий) аталышын бекитүү жөнүндө;

в) Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн жана анын төрагасын шайлоо жөнүндө;

г) Директорлор кеңешинин Комитеттеринин мүчөлөрүн жана анын өкүлдөрүн шайлоо жөнүндө;

д) Башкарма мүчөлөрүн, Башкарманын төрагасын жана анын орун басарларын дайындоо, башкы бухгалтерди бекитүү жөнүндө;

е) уставды бекитүү жөнүндө;

ж) алгачкы үч жыл үчүн бизнес-планды, банктын уюштуруу түзүмүн, болжолдуу балансты, кирешелер, чыгашалар жана пайда алуу планын бекитүү жөнүндө;

з) ыйгарым укуктуу адамды бекитүү жана ага тиешелүү документтерге кол коюу укугун берүү жөнүндө;

3) уюштуруучулар кол койгон уюштуруу келишиминин эки түп нускасы. Уюштуруучулардын - юридикалык жактардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кол тамгасы юридикалык жактын мөөрү менен тастыкталат. Уюштуруучу - жеке адамдын колтамгасы нотариус тарабынан тастыкталат. Чет өлкөлүк өтүнүч ээсинин документтери ушул жобонун 2-главасынын 2.2 пунктунун талаптарына ылайык келүүгө тийиш. Уюштуруу келишиминде (типтүү форма) чагылдырылуучу маселелер тизмеси 2-тиркемеде келтирилет;

4) банктын уставы - эки нускада.

Банк уставында (уставдын типтүү формасы 3-тиркемеде келтирилген) мыйзамда каралган маалыматтардан тышкары, милдеттүү түрдө төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

а) уюштуруучулар жыйыны уставды бекитүү чечимин кабыл алган күн жана чечимдин номери;

б) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамынын жана ушул жобонун талаптарына ылайык келген мамлекеттик жана расмий тилдеги толук жана кыскартылган фирмалык (расмий) аталышы;

в) банктын уюштуруу-укуктук формасы жана менчик формасы боюнча маалыматтар;

г) банктын башкаруу органдары жөнүндө жоболор;

д) акционерлердин көпчүлүк добушун талап кылган маселелер тизмесин кошо алганда, банктын башкаруу органдарынын чечимдерди кабыл алуу тартиби;

е) банктын жана анын обочо жайгашкан бөлүмдөрүнүн юридикалык дареги (жайгашкан орду) жөнүндө маалымат;

ж) чет өлкө банкынын филиалын ачуу учурунда Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарынын аткарылышы жөнүндө жобо;

5) юридикалык жактарды каттоодон өткөргөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын фирмалык аталышты колдоо боюнча корутундусунун көчүрмөсү. Улуттук банк, банкты уюштурууга уруксат берүү чечимин кабыл алганга чейин тиешелүү документтерди кайталап талап кылууга укуктуу;

6) ушул жобонун 7-пунктуна ылайык, эгерде бул зарыл болсо, банктын жарыяланган фирмалык аталышына ылайык келишин тастыктаган башка документтер;

7) банктын ырааттуу чагылдырылган уюштуруу түзүмү;

8) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзам талабын эске алуу менен эки нускада түзүлгөн бизнес-план;

9) 5 жана 6-тиркемеде келтирилген форма боюнча эки анык нускада түзүлгөн, Директорлор кеңешинин төрагасы кол койгон уюштуруучулар (акционерлердин) тизмеси;

10) төмөнкү маалыматтарды кошо алганда, уюштуруучуларга (акционерлерге) тиешелүү маалыматтар:

а) ар бир уюштуруучунун (акционердин) банктын капиталына катышуу үлүшү (өлчөмү);

б) банктын уставдык капиталына багытталуучу акча каражаттарынын келип чыгуу булактарына тиешелүү маалыматтар, зарыл болгон документтерди кошо тирөө менен;

в) ушул жобонун III бөлүгүнө ылайык банктын бардык уюштуруучуларына (акционерлерине) тиешелүү болгон башка маалыматтар жана документтер;

11) эгерде банк, банктык топтун бөлүгү болсо, Жобонун III бөлүгүнө ылайык кошумча маалыматтар жана документтер;

12) эгерде банк, банктык холдингдик компаниянын туунду компаниясы түрүндө түзүлсө, ушул жобонун 22-главасына ылайык тиешелүү документтер;

13) Төраганын жана орун басарларынын аты-жөнүн көрсөтүү менен Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмесин жана Жобонун IV бөлүгүнө ылайык маалыматтарды/документтерди;

14) Төрагалык кылуучу адамдардын аты-жөнүн көрсөтүү менен Аудит боюнча комитеттин, Тобокелдиктерди тескөө боюнча комитеттин, Дайындоо жана сый акы төлөө боюнча комитеттин мүчөлөрүнүн тизмесин жана Жобонун IV бөлүгүнө ылайык алардын төрагаларына тиешелүү маалыматтарды/документтерди;

15) ушул жобонун IV бөлүгүнө ылайык, банк башкармасынын төрагасынын, башкарманын төрагасынын орун басарларынын, башкарма мүчөлөрүнүн, башкаруучу директордун (болгон болсо), башкы бухгалтердин, банктын кредиттик ишине жооп берген түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин, активдердин жана пассивдердин тескөөгө алынышына жооп берген түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин, ошондой эле ички аудит кызматынын жетекчисинин, тобокелдикти аныктоо менеджментинин жана комплаенс-контролдун (же болбосо функционалдык милдеттери боюнча ага теңештирилген адамдын) кызмат ордуна талапкерлер жөнүндө маалыматтарды (документтерди);

16) террористик ишти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча саясатты жана жол-жоболорду;

17) банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген жана төмөнкүлөрдү камтыган кредиттик саясатты, операциялык иш саясатын жана банктын башка негизги саясаттарын:

а) банк дуушар болушу ыктымал болгон тобокелдиктерди аныктоо, баа берүү, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү жол-жоболору;

б) келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча туруктуу ишке ашырылып турган контролдук чараларын;

в) бекитилген саясатка ылайык маалымат системасы, тобокелдиктерди тескөө, ички контролдук системасы боюнча кыскача маалыматтарды;

г) террористик ишти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү боюнча саясатты жана жол-жоболорду;

18) банкты түзүү жана анын ишин уюштуруу боюнча иш-чаралардын ырааттуу чагылдырылган планы;

19) Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо фондусуна өтүүгө билдирме;

20) Кыргыз Республикасында "Элкарт" банктык төлөм карттарын колдонуу менен нак эмес эсептешүүлөрдүн улуттук системасына туташуу/кошулуу жөнүндө милдеттенме-кат, мамлекеттик тилде ишин жүргүзүү үчүн персоналдын зарыл санын камсыз кылуу жөнүндө милдеттенме-кат жана пландаштырылып жаткан көрсөткүчтөр (региондорду кошо алганда, карттарды чыгарууну, аралыкта орнотулуучу жабдуулардын саны) чагылдырылган бизнес-план.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

30. Чет өлкө валютасында банк операцияларын жүзөгө ашыруу үчүн кошумча дагы төмөнкү талаптарды аткарууга милдеттүү:

1) болжолдонуп жактан иш багытын жөнгө салып, тобокелдиктерге баа берип, мониторинг жүргүзүүгө өбөлгө түзгөн бекитилген ички документтердин болушу.

2) жабдууларга карата талаптарды кошо алганда, банктын техникалык жактан жабдылышын камсыз кылуу жана ал ишке ашырылышы болжолдонуп жаткан операциялар чөйрөсүнө шайкеш болууга тийиш.

31. Чет өлкө валютасында банк операцияларын жүзөгө ашыруу үчүн банк ушул жобонун 29-пунктунда көрсөтүлгөн документтерге жана маалыматтарга кошумча, төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш:

1) ишке ашыруу болжолдонуп жаткан операцияларга жана алардын банк ишине тийгизүүчү таасирине ар тараптуу талдап-иликтөөлөр жүргүзүлгөндүгү жана Директорлор кеңеши тарабынан ошол операцияларды коштогон тобокелдиктер идентификациялангандыгы тууралуу Директорлор кеңешинин билдирүүсү;

2) эгерде негизги бизнес-планда мындай жоболор караштырылбаган болсо, чет өлкө валютасында банктык операцияларды эске алуу менен иштелип чыккан бизнес-план;

3) квалификациялуу персоналдын бардыгын ырастоочу маалыматтар;

4) банктын болжолдонуп жаткан операцияларды жөнгө салуучу ички документтери (саясаттары).

32. Банктын болжолдонуп жаткан операциялар боюнча иш багытын жөнгө салган ички документтери (саясаттары) ички контролдуктун шайкеш деңгээлин камсыз кылууга жана өзүндө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) болжолдонуп жаткан операцияларга байланыштуу бардык тобокелдиктерди аныктоо, ага баа берүү, мониторинг жана контролдук жүргүзүү;

2) болжолдонуп жактан операциялардын бухгалтердик эсепке алынышы жол-жобосун;

3) келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерге бөгөт коюу боюнча контролдук чараларды;

4) Улуттук банк тарабынан белгиленген стандарттар жана эрежелер боюнча маалыматтардын берилишине техникалык жабдуулардын даярдыгы.

33. Жаңы уюштурулуп жаткан банк Башкармасынын төрагасы кызматына дайындалган адам, Кыргыз Республикасынын банктык мыйзам талаптарына ылайык он төрт күндүн ичинде мурдагы кызмат ордун бошотуп берүүгө тийиш.

## 4-глава. Ислам банкын уюштуруу үчүн сунушталуучу документтер

34. Уюштуруучулар тарабынан ислам банкын уюштуруу чечими кабыл алынгандан кийин, банкты уюштурууга уруксат алуу үчүн тиешелүү документтерди даярдоого, Улуттук банк менен туруктуу негизде байланышып туруучу ыйгарым укуктуу адамды аныктап, уюштуруу тобун түзө алышат.

35. Уюштуруучулар тарабынан Директорлор кеңешинин жана банк башкармасынын төрагасынын кызмат ордуна шайланган/дайындалган адам ыйгарым укуктуу адам болушу мүмкүн.

36. Уюштуруучулардын өкүлү ислам банкын уюштурууга уруксат алуу өтүнүчү берилгенге чейин эле тиешелүү кеп-кеңештерди алып, банктарды лицензиялоо жол-жоболору менен таанышуу үчүн Улуттук банкка кайрылышы мүмкүн.

37. Ислам банкын уюштурууга уруксат алуу үчүн өтүнүч ээси төмөндө көрсөтүлгөн документтердин мамлекеттик жана/же расмий тилдеги түп нускасын же алардын талаптагыдай негизде тариздетилген көчүрмөлөрүн Улуттук банкка сунуштоого тийиш:

3) уюштуруучулардын жалпы жыйынында дайындалган ыйгарым укуктуу адамдын кол тамгасы коюлган ислам банкын уюштурууга уруксат алуу үчүн өтүнүч катты (1-тиркемеде келтирилген форма боюнча);

4) уюштуруучулардын жалпы жыйынынын протоколу - төмөнкү чечимдерди камтыган нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрдүн эки нускасы:

а) ислам банкын уюштуруу;

б) банктын фирмалык (расмий) аталышын бекитүү;

в) Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн жана анын төрагасын шайлоо;

г) Шариат кеңешинин мүчөлөрүн жана анын төрагасын шайлоо;

д) Комитеттердин, Директорлор кеңешинин мүчөлөрүн, алардын төрагаларын шайлоо;

е) башкарма мүчөлөрүн, төрагасын жана анын орун басарларын дайындоо, башкы бухгалтерди бекитүү

ж) уставды бекитүү;

з) алгачкы үч жыл үчүн бизнес-планды, ислам банкынын уюштуруу түзүмүн, болжолдуу балансты, кирешелер, чыгашалар жана пайда алуу планын бекитүү;

и) тиешелүү документтерге кол коюуга укуктуу ыйгарым укуктуу адамды бекитүү;

3) уюштуруучулар кол койгон уюштуруу келишиминин эки түп нускасы. Уюштуруучулардын - юридикалык жактардын ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн кол тамгасы юридикалык жактын мөөрү менен тастыкталат. Уюштуруучу - жеке адамдын колтамгасы нотариус тарабынан тастыкталат. Чет өлкөлүк өтүнүч ээсинин документтери ушул жобонун 22-пунктунун талаптарына ылайык келүүгө тийиш. Уюштуруу келишиминде (типтүү форма) чагылдырылуучу маселелер тизмеси 2-тиркемеде келтирилген;

4) банктын уставы - эки нускада. Банктын уставында (ислам банкы үчүн типтүү форма 4-тиркемеде келтирилген) мыйзамдарда каралган маалыматтардан тышкары, милдеттүү түрдө төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

а) уюштуруучулар жыйыны уставды бекитүү чечимин кабыл алган күн жана чечимдин номери;

б) Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамынын жана ушул жобонун талаптарына ылайык келген мамлекеттик жана расмий тилдеги толук жана кыскартылган фирмалык (расмий) аталышы;

в) банктын уюштуруу-укуктук формасы жана менчик формасы боюнча маалыматтар;

г) банктын башкаруу органдары жөнүндө жоболор;

д) акционерлердин көпчүлүк добушун талап кылган маселелер тизмесин кошо алганда, банктын башкаруу органдарынын чечимдерди кабыл алуу тартиби;

е) Шариат кеңеши аткаруучу милдеттер жана анын ыйгарым укуктары, ошондой эле кеңешти түзүү тартиби (кеңештин мүчөлөрү кайсыл орган тарабынан канча мөөнөткө шайланат) жана ислам каржылоо принциптери боюнча кеңештин мүчөлөрүнө карата талаптар;

ж) банктын жана анын обочо жайгашкан бөлүмдөрүнүн юридикалык дареги (жайгашкан орду) жөнүндө маалымат;

з) чет өлкө банкынын филиалын ачуу учурунда Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарынын аткарылышы жөнүндө жобо;

5) юридикалык жактарды каттоодон өткөргөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын фирмалык аталышты колдоо боюнча корутундусунун көчүрмөсү. Улуттук банк, ислам банкын уюштурууга уруксат берүү чечимин кабыл алганга чейин тиешелүү документтерди кайталап талап кылууга укуктуу;

6) ушул жобонун 7-пунктуна ылайык, эгерде бул зарыл болсо, банктын жарыяланган фирмалык аталышына ылайык келишин тастыктаган башка документтер;

7) банктын ырааттуу чагылдырылган уюштуруу түзүмү;

8) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзам талабын эске алуу менен эки нускада түзүлгөн бизнес-план;

9) 5 жана 6-тиркемеде келтирилген форма боюнча эки анык нускада түзүлгөн, Директорлор кеңешинин төрагасы кол койгон уюштуруучулар (акционерлердин) тизмеси;

10) төмөнкү маалыматтарды кошо алганда, уюштуруучуларга (акционерлерге) тиешелүү маалыматтар:

а) ар бир уюштуруучунун (акционердин) ислам банкынын капиталына катышуу үлүшү (өлчөмү);

б) банктын уставдык капиталына багытталуучу акча каражаттарынын келип чыгуу булактарына тиешелүү маалыматтар, зарыл болгон документтерди кошо тирөө менен;

в) ушул жобонун III бөлүгүнө ылайык банктын бардык уюштуруучуларына (акционерлерине) тиешелүү болгон башка маалыматтар жана документтер;

11) эгерде банк, банктык топтун бөлүгү болсо, Жобонун III бөлүгүнө ылайык кошумча маалыматтар жана документтер;

12) эгерде банк, банктык холдингдик компаниянын туунду компаниясы түрүндө түзүлсө, ушул жобонун 22-главасына ылайык тиешелүү документтер;

13) Төраганын жана орун басарларынын аты-жөнүн көрсөтүү менен Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмесин жана Жобонун IV бөлүгүнө ылайык маалыматтар/документтер;

14) Төрагасынын аты-жөнүн көрсөтүү менен Шариат кеңешинин мүчөлөрүнүн тизмесин жана Жобонун IV бөлүгүнө ылайык төрагага тиешелүү маалыматтар/документтер;

15) Төрагалык кылуучу адамдардын аты-жөнүн көрсөтүү менен Аудит боюнча комитеттин, Тобокелдиктерди тескөө боюнча комитеттин, Дайындоо жана сый акы төлөө боюнча комитеттин мүчөлөрүнүн тизмесин жана Жобонун IV бөлүгүнө ылайык алардын төрагаларына тиешелүү маалыматтарды/документтерди;

16) ушул жобонун IV бөлүгүнө ылайык, банк башкармасынын төрагасынын, башкарманын төрагасынын орун басарларынын, башкарма мүчөлөрүнүн, башкаруучу директордун (болгон болсо), башкы бухгалтердин, банктын кредиттик ишине жооп берген түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин, активдердин жана пассивдердин тескөөгө алынышына жооп берген түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин, ошондой эле ички аудит кызматынын жетекчисинин, тобокелдикти аныктоо менеджментинин жана комплаенс-контролдун (же болбосо функционалдык милдеттери боюнча ага теңештирилген адамдын) кызмат ордуна талапкерлер жөнүндө маалыматтарды (документтерди);

17) банктын Директорлор кеңеши тарабынан бекитилген, шариат кеңеши колдоого алган жана төмөнкүлөрдү камтыган каржылоо саясатын, операциялык иш саясатын жана банктын башка негизги саясаттарын:

а) банк дуушар болушу ыктымал болгон тобокелдиктерди аныктоо, баа берүү, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү жол-жоболору;

б) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык операциялары жүзөгө ашырууда келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча туруктуу ишке ашырылып турган контролдук чараларын;

в) бекитилген саясатка ылайык маалымат системасы, тобокелдиктерди тескөө, ички контролдук системасы боюнча кыскача маалыматтарды;

18) Шариат стандарттарына ылайык түзүлгөн жана банктын шариат кеңеши тарабынан жактырылган ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банк операцияларын жүзөгө ашыруу боюнча келишимдердин түптүү формалары;

19) террористик ишти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү саясаты жана жол-жоболору;

20) ислам банкын түзүү жана анын ишин уюштуруу боюнча иш-чаралардын ырааттуу планы;

21) Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо фондусуна өтүүгө билдирме;

22) Кыргыз Республикасында "Элкарт" банктык төлөм карттарын колдонуу менен нак эмес эсептешүүлөрдүн улуттук системасына туташуу/кошулуу жөнүндө милдеттенме-кат, мамлекеттик тилде ишин жүргүзүү үчүн персоналдын зарыл санын камсыз кылуу жөнүндө милдеттенме-кат жана пландаштырылып жаткан көрсөткүчтөр (региондорду кошо алганда, карттарды чыгарууну, аралыкта орнотулуучу жабдуулардын саны) чагылдырылган бизнес-план.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

38. Чет өлкө валютасында банк операцияларын жүзөгө ашыруу үчүн кошумча дагы төмөнкү талаптарды аткарууга милдеттүү:

1) болжолдонуп жактан иш багытын жөнгө салып, тобокелдиктерге баа берип, мониторинг жүргүзүүгө өбөлгө түзгөн бекитилген ички документтердин болушу;

2) жабдууларга карата талаптарды кошо алганда, банктын техникалык жактан жабдылышын камсыз кылуу жана ал ишке ашырылышы болжолдонуп жаткан операциялар чөйрөсүнө шайкеш болууга тийиш.

39. Чет өлкө валютасында банк операцияларын жүзөгө ашыруу үчүн банк ушул жобонун 37-пунктунда көрсөтүлгөн документтерге жана маалыматтарга кошумча, төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш:

1) ишке ашыруу болжолдонуп жаткан операцияларга жана алардын банк ишине тийгизүүчү таасирине ар тараптуу талдап-иликтөөлөр жүргүзүлгөндүгү жана Директорлор кеңеши тарабынан ошол операцияларды коштогон тобокелдиктер идентификациялангандыгы тууралуу Директорлор кеңешинин билдирүүсү;

2) эгерде негизги бизнес-планда мындай жоболор караштырылбаган болсо, чет өлкө валютасында банктык операцияларды эске алуу менен иштелип чыккан бизнес-план;

3) квалификациялуу персоналдын бардыгын ырастоочу маалыматтар;

4) банктын болжолдонуп жаткан операцияларды жөнгө салуучу ички документтери ( саясаттары).

40. Банктын болжолдонуп жаткан операциялар боюнча иш багытын жөнгө салган ички документтери (саясаттары) ички контролдуктун шайкеш деңгээлин камсыз кылууга жана өзүндө төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) болжолдонуп жаткан операцияларга байланыштуу бардык тобокелдиктерди аныктоо, ага баа берүү, мониторинг жана контролдук жүргүзүү;

2) болжолдонуп жаткан операциялардын бухгалтердик эсепке алынышы жол-жобосун;

3) келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерге бөгөт коюу боюнча контролдук чараларды;

4) Улуттук банк тарабынан белгиленген стандарттар жана эрежелер боюнча маалыматтардын берилишине техникалык жабдуулардын даярдыгы.

41. Жаны уюштурулуп жаткан банктын Төрагасынын орун басарына дайындалган адам, он төрт күндүн ичинде дайындаган күндөн, мурда иштеп жаткан кызмат ордунан бошотулуш керек.

42. Ислам банкын түзүүгө уруксат берүү өтүнүчүн кароо, ислам банкын түзүүдө анын уставдык капиталын топтоо жана анын өлчөмүн кийинчерээк өзгөртүү тартиби, ислам банк иши жана каржылоо принцибине ылайык операцияларды жүзөгө ашырууга банк лицензиясын алууга алдын ала уруксат берүү, банктын банк ишин жүзөгө ашырууга даярдыгын текшерүү, банк түзүүгө мурда берилген уруксатты жокко чыгаруу жана лицензия берүүдөн баш тартуу ушул жобонун 5-9-главаларында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

## 5-глава. Банк түзүүгө уруксат алууга берилген өтүнүч катты кароо тартиби

43. Банк түзүүгө уруксат алууга өтүнүч кат Улуттук банк тарабынан өтүнүч кат жана талап кылынган бардык документтер келип түшкөндөн кийинки алты айдан ашпаган мөөнөттө каралууга тийиш. Эгерде документтер Улуттук банктын талаптарына жооп бербесе, кароо мөөнөтү талаптагыдай документтер алынгандан тартып башталат.

44. Өтүнүч катты кароого алуу мөөнөтү Улуттук банк Башкармасынын чечими менен дагы алты айга узартылышы мүмкүн.

Улуттук банктын кароо мөөнөтүн узартуу тууралуу чечими түзүлүп жаткан банктын ыйгарым укуктуу өкүлүнө (уюштуруу тобунун өкүлүнө) чечим кабыл алынгандан кийинки үч күн ичинде тааныштырылууга тийиш.

45. Өтүнүч катты жана ушул жобонун 3 жана 4-главаларында белгиленген, талап кылынган документтерди кароого алуунун жыйынтыгы боюнча Улуттук банк банкты түзүүгө уруксат берет же андан баш тартат.

Банк түзүүгө уруксат берүү чечими Улуттук банк Башкармасы тарабынан ушул жобонун 43 жана 44-пункттарына көрсөтүлгөн мөөнөт ичинде кабыл алынат.

46. Банк түзүүгө алдын ала уруксат алууга өтүнүч катты карап чыгууда Улуттук банк уюштуруучуларга (акционерлерге), Директорлор кеңешинин, Шариат кеңешинин жана башкарманын мүчөлөрүнө жана башка кызмат адамдарына карата маалыматтарды, ошондой эле өтүнүч кат менен бирге алынган маалыматтарды топтоп, иликтөөгө алып, алардын аныктыгын текшерет.

47. Ушул жобонун 126-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарына талапкерлер банк түзүүгө уруксат берүүгө чейин, ушул жобонун IV бөлүгүнө ылайык Улуттук банктан макулдашуудан өтүүгө тийиш.

48. Өтүнүч кат жана аны менен бирге тапшырылган документтер түзүлүп жаткан банк өз ишин алгылыктуу жана коопсуз банктык тажрыйбанын негизинде ишке ашыруусун аныктоо максатында иликтөөгө алынат. Атап айтканда, бизнес-пландын алгылыктуулугу, капиталдык базанын шайкештиги, уюштуруучулардын (акционерлердин) ишкердик аброю, компетенттүүлүгү жана Директорлор кеңешинин, Шариат кеңешинин (болгон болсо), башкарма мүчөлөрүнө талапкерлер жана башка кызмат адамдары, пландаштырылып жаткан банк ишинин банктык мыйзамдарга ылайык келиши, монополияга каршы мыйзам талаптарынын аткарылышы, банктын пландаштырылып жаткан ишинин Кыргыз Республикасынын экономикасына жана банк тутумуна тийгизүүчү таасири кылдат иликтөөгө алынат.

49. Банкты түзүүгө уруксат берүү маселеси оң чечилген шартта, өтүнүч ээси ушул жобонун 63-пунктунун талаптарын аткаргандан кийин ага банк операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия берилет.

Уруксат алты айга чейин берилет. Ушул мезгил аралыгында уюштуруучулар түзүлгөн банкты юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөртүүгө жана лицензия алуу өтүнүчү менен Улуттук банкка кайрылууга милдеттүү.

50. Улуттук банк Башкармасы тарабынан банкты уюштурууга уруксат берүү маселеси оң чечилген шартта, чечим кабыл алынгандан кийинки үч жумуш күнү ичинде:

1) ыйгарым укуктуу адамдын (уюштуруу тобунун өкүлүнө) же Директорлор кеңешинин төрагасынын же башкарманын төрагасынын атына - уставдык капиталды топтоо үчүн Улуттук банкта ачылган топтоо эсебинин номерин көрсөтүү менен кат жөнөтүлөт;

2) юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга - банктын уставына жана уюштуруу келишимине ылайык уставдык капиталдын өлчөмүн көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын мыйзам талабына ылайык банкты мамлекеттик каттоодон өткөртүү үчүн макулдук каты жөнөтүлөт;

3) баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга - банктын уставына жана уюштуруу келишимине ылайык уставдык капиталдын өлчөмүн көрсөтүү менен Кыргыз Республикасынын мыйзам талабына ылайык банкты мамлекеттик каттоодон өткөртүү жана банктын акцияларын чыгарууну (эмиссияны) мамлекеттик каттоону ишке ашыруу үчүн макулдук катынын көчүрмөсү берилүүгө тийиш.

51. Мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн тастыктаган күбөлүктү алгандан кийинки беш жумуш күнү ичинде банк ыйгарым укуктуу адамдын (уюштуруу тобунун өкүлү) же Директорлор кеңешинин же башкарманын төрагасы кол койгон, төмөнкүлөр кошо тиркелген коштомо катты Улуттук банкка бериши зарыл:

1) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын юридикалык жак мамлекеттик каттоодон өткөртүлгөндүгүн тастыктаган күбөлүгүнүн тиешелүү негизде тастыкталган көчүрмөсүн;

2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын банк акцияларынын чыгарылышын каттоодон өткөртүү чечиминин тиешелүү негизде тастыкталган көчүрмөсүн;

3) юридикалык жакты каттоодон өткөргөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын штампы басылган банктын уюштуруу келишиминин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн;

4) юридикалык жакты каттоодон өткөргөн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын штампы басылган банктын уставынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн.

52. Банкты түзүүгө уруксат берилгенден лицензия алууга чейинки мезгил ичинде банк жана анын уюштуруучулары (акционерлер) алардын негизинде уруксат берилген документтерге киргизилген кандай болбосун өзгөрүүлөр тууралуу беш жумуш күнүнөн кечиктирбестен Улуттук банкка маалымдоого тийиш.

## 6-глава. Банкты түзүү учурунда уставдык капиталды топтоо жана кийинчерээк анын өлчөмүн өзгөртүү тартиби

53. Банктын капиталынын негизин толугу менен төлөнгөн уставдык капитал түзөт. Банктын капиталынын курамына уюштуруучулар (акционерлер) тарабынан салынган каражаттарды кайтаруу милдеттенмеси камтылбаган, ошондой эле уставдык капитал гана кирет.

54. Банктын уставдык капиталы Кыргыз Республикасынын улуттук валютасында жана уюштуруучулардын (акционерлердин) акча каражаттарынын эсебинен нак эмес формада гана топтолот.

Банктын уставдык капиталы займ (насыя) келишиминин же маңызы боюнча ушундай эле келишимдин алкагында уюштуруучулардан (акционерлерден) алынган каражаттардын эсебинен топтолсо же анын өлчөмү көбөйтүлсө, анда карыз алуучу акциялардын кыйыр ээси катары каралат. Анда мындай келишимдерде карыздык каражаттар банктын акцияларын сатып алуу үчүн гана каралгандыгы көрсөтүлүүгө тийиш. Карыздык каражатты сунуштоо/алуу карыз алуучунун финансылык абалына баа берүүдө эске алынышы зарыл.

55. Банктын уставдык капитал өлчөмүн түзүүдө же көбөйтүүдө, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган банкты реструктуризациялоо же кайра өзгөртүп түзүү учурларын эске албаганда, акциялар үчүн төлөө нак эмес формадагы акча каражаттары, ошондой эле бөлүштүрүлбөгөн пайданы банктын уставдык капиталын толуктоо үчүн багыттоо аркылуу гана жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

Банктын уставдык капитал өлчөмүн негизги каражаттар, материалдык жана материалдык эмес активдер түрүндө түзүүгө же көбөйтүүгө жол берилбейт.

56. Акцияларды сатып алуу үчүн банктардан жана башка финансы-кредит уюмдарынан кредит алууга тыюу салынат. Банк сатып алууларга же банк өзү чыгарган баалуу кагаздардын кепилдиги астында кредит бере албайт.

Мыйзамдарда түздөн-түз каралган учурларды эске албаганда, уставдык капиталды мамлекеттик бюджет каражаттарынын жана мамлекеттик бюджеттен тышкаркы каражаттардын эсебинен түзүүгө жол берилбейт.

57. Банктын уюштуруучулары (акционерлери) Улуттук банкта ачылган топтоо эсебине Улуттук банк Башкармасы тарабынан банк түзүүгө уруксат берүү чечими кабыл алынган күндөн кийинки, бирок Улуттук банкка банк операцияларын жүзөгө ашыруу укугуна банктык лицензия берүү өтүнүчү менен кайрылган күндөн кечиктирбестен, алты ай ичинде уставдык капиталдын минималдуу өлчөмүн салууга милдеттүү.

58. Банктык операцияларды жүзөгө ашыруу укугуна лицензия алганга чейин уюштуруучулар Улуттук банкта ачылган топтоо эсебиндеги каражаттарды кандайдыр-бир максаттарда пайдалана алышпайт. Лицензия берүүдөн баш тартылган учурда Улуттук банк уюштуруучуларга (акционерлерге) топтоо эсебиндеги бардык каражаттарды кайтарып берет.

59. Уставдык капиталды алгач түзүү учурунда сыяктуу эле, аны кийин көбөйтүүдө да башка жактардын уюштуруучулары (акционерлери) үчүн акча каражаттарын салууга жол берилбейт.

Уюштуруучунун (акционерлердин) каражаттары, анын ичинде насыя келишиминин алкагында алган же ага теңештирилген каражаттары Кыргыз Республикасына чет өлкө банктарынан чегерилген болсо (Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан туунду банктарды капиталдаштырууну жүзөгө ашырган башкы банктарды эске албаганда), мындай банктар төмөнкүдөй кредиттик рейтингдердин бирине жооп берүүгө тийиш:

- Standart & Poor's (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган "ВВВ" категориясынан төмөн болбогон узак мөөнөткө каралган кредиттик рейтингге,

- Moody's Investors Servise (АКШ) рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган "Ваа" категориясынан төмөн болбогон узак мөөнөткө каралган кредиттик рейтингге,

- Fitch-IBCA рейтингдик агенттиги тарабынан ыйгарылган "ВВВ" категориясынан төмөн болбогон узак мөөнөткө каралган кредиттик рейтингге,

- же Capital Intelligence, Japan Credit Rating Agency (JCR), Dominion Bond Rating Service (DBRS), Rating & Investment Information (R&I) рейтингдик агенттиктери тарабынан ыйгарылган жогоруда белгиленген кредиттик рейтингдерге барабар болсо,

- же банк-жөнөтүүчү жайгашкан өлкөнүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарында аккредитацияланган жана анын рейтинги банк-жөнөтүүчү жайгашкан өлкөнүн борбордук (улуттук) банкы тарабынан таанылган улуттук рейтингдик агенттик тарабынан ыйгарылган, жогоруда белгиленген кредиттик рейтингге барабар болсо.

Ушул пункттун максаттарында чет өлкө банктары дегенден улам банк-жөнөтүүчүлөрдү гана түшүнүү зарыл. Банк-корреспонденттер (транзиттик банктар, банк-ортомчулар) бул аныктамага кирбейт.

60. Акционерлер каттоодон өткөндөн кийинки үч жумуш күнү ичинде банк Улуттук банкка акционерлердин тиешелүү негизде тастыкталган реестрин сунуштоого милдеттүү.

Андан кийин, акционерлер курамы же акционерлер үлүшү өзгөргөн учурда, банк акционерлер реестрине өзгөртүүлөр киргизилгенден кийинки беш жумуш күнү ичинде Улуттук банкка тиешелүү негизде тастыкталган, кагаз бетине түшүрүлгөн өзгөртүүлөр киргизилген акционерлер реестрин сунуштайт. Эгерде банкка акцияларды сатып алуу, ошондой эле чектүү маанинин өзгөрүүсүнө таасирин тийгизген санда ажыратып алуу ыкмасына көз карандысыз акцияларды өзгөртүү же ажыратып алуу фактылары маалым болсо, банк андан кийин жобонун ушул пунктуна ылайык өзгөртүүлөр киргизилген акционерлер реестрин сунуштоо менен үч жумуш күнүнөн кечиктирбестен Улуттук банкка дароо билдирүүгө милдеттүү.

61. Уставдык капитал өлчөмүн өзгөртүү жобонун VI бөлүгүнө ылайык Улуттук банктан макулдук алгандан кийин жүргүзүлөт.

Банктын уставдык капитал өлчөмүнүн түзүлүшүн, көбөйтүлүшүн текшерүү Улуттук банктын комплекстүү жана максаттуу текшерүүлөрүнүн алкагында жүргүзүлүшү мүмкүн.

62. Банктын бардык катышуучуларынын (акционерлеринин) юридикалык иштерин жана банкты түзүүдө уставдык капиталды калыптандыруу, андан ары - уставдык капитал өлчөмүн (төлөм документтеринин, уставдык капитал өлчөмүн өзгөртүүгө байланыштуу чечимдеринин жана башка документтердин көчүрмөлөрүн кошо алганда), акциялар санын жана банк акционерлеринин курамын өзгөртүү боюнча баштапкы документтердин көчүрмөлөрүн банк атайы номенклатуралык номер ыйгаруу менен өзүнчө көктөмөдө сактоого жана алар туруктуу сактоо мөөнөтүнө ээ болууга тийиш. Банк бул көктөмөлөрдүн (юридикалык иштердин) талаптагыдай түзүлүшүн жана сакталышын камсыз кылган жооптуу адамды аныкташы зарыл.

Банктын уставдык капиталынын кеминде беш пайызына ээлик кылуу үлүшү менен уюштуруучулардын (акционерлердин) юридикалык иштеринде кеминде төмөнкү маалыматтар камтылууга тийиш:

- жеке адамдар боюнча - паспорттогу маалыматтарды;

- юридикалык жактар боюнча - юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн тастыктаган күбөлүк же документ.

Банктын уставдык капиталынын беш жана андан жогору пайызына ээлик кылган акционерлердин юридикалык иштеринде байланыштуу, караштуу, туунду, аффилирленген жактар жана компаниялар/банктар боюнча маалымат ушул жобого карата 15 (жеке адамдар үчүн), 16 (юридикалык жактар үчүн) жана 17 (чет өлкө банктары үчүн) тиркемелердеги формаларда камтылууга тийиш.

## 7-глава. Лицензия берүү жөнүндө өтүнүч катты кароо тартиби жана банктын ишкердикти жүзөгө ашырууга даярдыгын текшерүү

63. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин, бирок банкты уюштурууга уруксат берилген күндөн тартып алты айдан кечиктирбестен Директорлор кеңеши Улуттук банкка банк операцияларын жүзөгө ашыруу укугуна лицензия берүү өтүнүчүн сунуштайт.

Өтүнүч катка төмөнкү талаптар аткарылгандыгы жөнүндө документтер жана маалыматтар кошо тиркелет:

1) мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүнүн болушу;

2) минималдуу уставдык капитал өлчөмү төлөнгөндүгүн тастыктоо;

3) банк жайгашкан жайлар жана жабдуулар (касса түйүндөрүнүн жана сактоо жайынын жабдылышын жана жабдууларды кошо алганда) Улуттук банк тарабынан белгиленген техникалык жактан чыңдоо жана жабдуу, өрт коопсуздугу талаптарына ылайык келүүсү (ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мөөрү менен тастыкталган, жайлардын талапка жооп бере тургандыгы жөнүндө актысы);

4) келерки финансалык жылга көз карандысыз тышкы аудиторду тандоо;

5) Улуттук банктын талаптарына ылайык уюштуруу түзүмүнүн, башкаруу органынын жана банк персоналынын (кызмат адамдарынын) болушу;

6) бизнес-план, негизги саясаттар, жоболор жана жол-жоболор болууга;

7) ишкердикти жүргүзүүдө Улуттук банктын капитал боюнча бардык экономикалык талаптары жана ченемдери сакталгандыгы жөнүндө маалымат;

8) ички контролдук системасынын, техникалык, маалыматтык, технологиялык коргоо, мүлктү камсыздандыруу чараларынын болушу;

9) банк ишин жүзөгө ашыруу үчүн маалымат жана коопсуздук системаларын ийгиликтүү тесттен өткөрүү;

10) лицензия үчүн төлөө;

11) банктын атынан ишеним каттын негизинде анын өкүлү иш алып барган учурда лицензия алууга анын өкүлүнө сунушталган ишеним кат;

12) Депозиттерди коргоо фондуна кирүү төлөмүн төлөө.

64. Улуттук банк лицензия берүү өтүнүчү жана бардык талапка жооп берген документтер сунушталган учурдан тартып алты айдан ашпаган мөөнөттө аларды кароого алып, анын жыйынтыгы боюнча Улуттук банк лицензия берүү же четке кагуу чечимин кабыл алат.

65. Улуттук банк банктын лицензия берүү өтүнүчүн кароого алуу учурунда минималдуу уставдык капиталды түзүү укук ченемдүү экендигин текшерет.

## 8-глава

. Банк түзүүгө уруксат берүүнү четке кагуу, мурда берилген уруксатты жокко чыгаруу жана лицензия берүүдөн баш тартуу үчүн негиздер

66. Улуттук банк төмөнкү себептердин бири боюнча банк ачууга өтүнүч катты четке кагышы мүмкүн:

1) уруксат алуу үчүн сунушталган уюштуруу же башка документтер белгиленген талаптарга ылайык келбесе же такталбаган документтер жана маалыматтар сунушталса;

2) банктык топтун катышуучулары жөнүндө маалымат жана документтер сунушталбаса же толук эмес көлөмдө сунушталса же болбосо банктык топко же банктык топтун катышуучулары менен байланыштуу жактарга натыйжалуу банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу мүмкүн эмес болсо;

3) акча каражаттарынын келип чыгуу булактары жөнүндө маалымат жана документтер сунушталбаса же толук эмес көлөмдө сунушталса:

а) сунушталган маалыматтан акча каражаттарынын келип чыгуу булактары мыйзамдуу экендигин аныктоого мүмкүн болбосо;

б) сунушталган маалыматтарга ылайык, акча каражаттарынын келип чыгуу булактары Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга жана критерийлерге ылайык келбесе;

4) минималдуу уставдык капитал өлчөмү Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келбесе;

5) уюштуруучулар (акционерлер) жана Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш болгон кызмат адамдары белгиленген талаптарга жооп бербесе;

6) чет өлкө банкы же финансы-кредит уюму туунду банкты ачууда чет өлкө көзөмөл органы тарабынан расмий макулдук берүү сунушталбаса же болбосо уюштуруучу катталган өлкөнүн мыйзамдарына ылайык мындай макулдук талап кылынбай тургандыгынын тастыктамасы сунушталбаса;

7) Улуттук банктын баа берүүсү боюнча чет өлкө уюштуруучу-банкка же финансы-кредит уюмуна, ошондой эле банктык топтун катышуучусу каттоодон өткөн жери боюнча жеткире көзөмөлдүккө алынбаса, анын ичинде консолидацияланган негизде.

67. Улуттук банк төмөнкү учурларда мурда банк уюштурууга берген макулдугун жокко чыгарууга укуктуу:

1) алардын негизинде уруксат берилген маалыматтарда жана документтерде такталбаган маалыматтар табылса;

2) уюштуруучулардын (акционерлердин) финансылык абалы начарласа же алардын негизинде уруксат берүүдөн баш тартылган фактылар табылса;

3) Улуттук банктын макулдугусуз уюштуруучулар (акционерлер) курамына, уюштуруу жана башка документтерге өзгөртүүлөр киргизилсе;

4) уюштуруучулар (акционерлер) банкты уюштуруудан баш тартса же тиешелүү аракеттерди көрбөсө.

68. Улуттук банк төмөнкү учурларда себептерин көрсөтүү менен лицензия берүүдөн баш тартууга укуктуу:

1) лицензия берүү жөнүндө өтүнүч кат уруксат берүү мөөнөтү өткөндөн кийин сунушталса;

2) сунушталган документтер жана маалыматтар Жобонун 63-пунктунун талаптарына ылайык келбесе;

3) Жобонун 67-пунктуна ылайык уруксатты жокко чыгаруу үчүн негиздер келип чыкса.

69. Банкты уюштурууга уруксат берүүдөн баш тартуу, мурда берилген макулдукту жокко чыгаруу, ошондой эле Жобонун ушул главасында каралган лицензияны берүүдөн баш тартуу чечимдери Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынат жана ал Улуттук банк тарабынан ыйгарым укуктуу адамга (уюштуруу тобунун өкүлүнө) же Директорлор кеңешинин төрагасына же болбосо банк башкармасынын төрагасына чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күнү ичинде кат жүзүндө маалымдалат.

70. Улуттук банк уруксат берүүлөр, уруксат берүүдөн баш тартуулар жана уруксатты жокко чыгаруу жөнүндө маалыматты жалпыга маалымдоо каражаттарында жана/же Улуттук банктын расмий сайтында жарыялайт.

## 9-глава. Банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензиялар жана аларды берүү тартиби

71. Улуттук банк тарабынан ушул жобонун алкагында сунушталуучу банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензияларды колдонуу мөөнөтү чектелбейт жана ал Кыргыз Республикасынын бүтүндөй аймагында колдонулат, ошондой эле алар өздүк (ажыратып алынгыс) болуп саналат жана аларды үчүнчү жактарга өткөрүп берүүгө жол берилбейт.

72. Банктык операциялардын бардык түрлөрү банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия болгон учурда гана жана банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензиянын ажырагыс бөлүгү болуп саналган, уруксат берилген банктык операциялардын тизмегинде түздөн-түз көрсөтүлгөн учурда жүзөгө ашырылышы мүмкүн.

Банктык операцияларды Улуттук банктын лицензиясыз ишке ашырууга тыюу салынат.

73. Ушул жобонун алкагында банкка төмөнкү лицензиялар берилиши мүмкүн:

1) улуттук жана/же чет өлкө валютасында банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия (9, 10-тиркемелер);

2) банк операцияларын ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык улуттук жана/же чет өлкө валюталарында жүргүзүү укугуна лицензия (11, 12-тиркемелер);

3) банк операцияларын "ислам терезеси" аркылуу ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык улуттук жана/же чет өлкө валюталарында жүргүзүү укугуна лицензия (кошумча лицензия) (13, 14-тиркемелер).

Лицензиянын ажыратып алынгыс бөлүгү катары уруксат берилген банк операцияларынын тизмеси саналат. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык уруксат берилген операциялар тизмегин аныктайт.

74. Банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензиялар жана аларга кошо тиркелүүчү уруксат берилген банк операцияларынын тизмеги Директорлор кеңешинин төрагасына же банк башкармасынын төрагасына же болбосо ишеним каттын негизинде ыйгарым укуктуу адамга берилет.

75. Улуттук банк Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, банк операцияларынын айрым түрлөрүн жүзөгө ашырууга чектөөлөрдү белгилөө чечимин кабыл алышы мүмкүн.

76. Банк операцияларын жүзөгө ашырууга чектөөлөрдү белгилөөдө же аларды алып салууда лицензияга карата уруксат берилген операциялар тизмеги алмаштырылат. Тизмекти алмаштырууда (кайра тариздөөдө) мурдагы тизмек Улуттук банкка тапшырылууга тийиш.

77. Өтмө банк түзүү аркылуу банкты кайра өзгөртүп түзүүдө же реструктуризациялоодо Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларына ылайык банкты кайра каттоодон өткөртүүнү талап кылган анын аталышын же жайгашкан ордун өзгөртүүдө, ошондой эле банк жайгашкан калктуу пункттун аталышы өзгөргөн учурда, лицензия алмаштырылууга (кайра таризделүүгө) тийиш. Лицензияны алмаштыруу үчүн банк Улуттук банкка көрсөтүлгөн маалыматтарды тастыктаган тиешелүү документтерди кошо тиркөө менен лицензияны алмаштыруу (кайра тариздөө) жөнүндө өтүнүч кат сунуштайт.

78. Лицензияны алмаштыруу (кайра тариздөө) Улуттук банк тарабынан, Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларында белгиленген өлчөмдө лицензия үчүн төлөнгөндүгүн тастыктаган документти кошо тиркөө менен тиешелүү өтүнүч кат жана аны алмаштыруу негиздерине байланыштуу документтер сунушталган күндөн тартып беш жумуш күнү ичинде жүзөгө ашырылат.

79. Улуттук банк лицензияга ээ банктардын реестрин жана берилген лицензиялар реестрин жүргүзөт. Лицензияга ээ банктардын реестринен жана берилген лицензиялар реестринен маалымат Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланат.

Лицензияларды алмаштырууда (кайра тариздөөдө) Улуттук банк берилген банктык лицензиялар реестрине тиешелүү жазууларды чагылдырат.

80. Банктын банк-корреспонденттерге сунуштоо үчүн талабынын негизинде Улуттук банк беш жумуш күнү ичинде лицензиялардын жана "көчүрмөсү анык" деген жазуусу менен уруксат берилген банк операцияларынын тизмегинин тастыкталган көчүрмөлөрүн берет.

## 10-глава. Банкка баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүү укугуна уруксат берүү тартиби

81. Банк баалуу металлдар (күмүш, алтын, платина жана төлөм каражаты болуп саналбаган жогору сапатка ээ металлдардан жасалган монеталар гана) менен банктык операцияларды ушул жобонун талаптарына ылайык Улуттук банктын тиешелүү уруксаты болгон учурда, лицензияга карата уруксат берилген банктык операциялар тизмегине ошол операцияларды көрсөтүү аркылуу ишке ашырышы мүмкүн.

82. Тиешелүү лицензияга карата уруксат берилген банк операцияларынын тизмегинде баалуу металл менен операциялар белгиленсе, банк төмөнкү операцияларды жүргүзүшү мүмкүн:

1) Улуттук банк тарабынан эмитирленген (чыгарылган), нак жана нак эмес формада аффинаждалган өлчөнгөн куйма түрүндөгү баалуу металлдар менен;

2) башка эмитенттердин аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймалар жана жогору сапат белгисине ээ күмүш, алтын, платинадан монеталар түрүндөгү баалуу металлдар менен.

83. Улуттук банк тарабынан эмитирленген (чыгарылган), аффинаждалган өлчөнгөн куйма түрүндөгү баалуу металлдар менен операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн төмөнкү талаптарды аткарууга тийиш:

1) уставдык капитал өлчөмү Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында белгиленген талаптарга ылайык келүүгө;

2) Улуттук банкта атайын окутуудан өткөн (Улуттук банктын каты менен тастыкталат) квалификациялуу персоналга ээ болууга;

3) Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди так сактоого;

4) Улуттук банк тарабынан эмитирленген (чыгарылган), аффинаждалган өлчөнгөн куймалар түрүндөгү баалуу металлдар менен операцияларды жүзөгө ашыруу боюнча бекитилген жол-жоболорго ээ болууга.

84. Банктар башка эмитенттердин стандарттык жана өлчөнгөн куймалар түрүндөгү аффинаждалган баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүү үчүн төмөнкүлөргө милдеттүү:

1) ушул жобонун 83-пунктунун шарттарын аткарууга;

2) бул чөйрөдө кеминде бир жылдык иш тажрыйбасына ээ квалификациялуу персоналга же акыркы беш жыл ичинде бул багытта тажрыйбалык такшалуудан же окутуудан өткөндүгүн тастыктаган документи болууга;

3) баалуу металлдарды талаптагыдай сактоо жана ташып жеткирүү шарттарын камсыз кылуу үчүн банк тарабынан көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтарды берүү;

4) камсыздандыруу шарттары тууралуу маалымат берүү (банк камсыздандыруу келишимин түзүүгө ниеттенип жаткан компания жана анын финансылык абалы жөнүндө маалыматтарды кошо алганда);

5) Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 26-августундагы № 35/3 "Коммерциялык банктардын баалуу металлдар менен операциялары жөнүндө" Жобосунда белгиленген баалуу металлдар менен операциялар ишке ашырылгандыгы жөнүндө тастыктаманы сунуштоо;

6) "Коммерциялык банктардын баалуу металлдар менен операциялары жөнүндө" Жобонун талаптарын эске алуу менен иштелип чыккан баалуу металлдар менен операцияларды ишке ашыруу боюнча бизнес-план жана бекитилген саясат болууга.

85. Болжолдонгон операциялар боюнча ишти жөнгө салган банктын ички документтери (саясаттары) шайкеш ички контролдукту камсыз кылууга жана анда төмөнкүдөй талаптар камтылууга тийиш:

1) болжолдонгон операцияларды жүргүзүүгө байланыштуу бардык тобокелдиктерди аныктоо, ага баа берүү, мониторинг жүргүзүү жана контролдукка алуу;

2) болжолдонгон операцияларды бухгалтердик эсепке алуу жол-жобосу;

3) туруктуу негизде бардык келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерге бөгөт коюу боюнча контролдук чараларды;

4) техникалык жабдуу жана Улуттук банк тарабынан белгиленген стандарттар жана аны өткөрүп берүү эрежелери боюнча маалыматты сунуштоо даярдыгы.

86. Ушул жобонун 85-пунктунда чагылдырылган талаптардан тышкары баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүнү жөнгө салган банктын ички документтеринде (саясаттарында) ишке ашырылган операциялар чөйрөсүн арттыруу үчүн металлдын жол берилген тазалыгы жана аны аныктоо тартиби, баалуу металлдарды эсепке алуу жана сактоо тартиби, баалуу металлдар менен операциялар боюнча ачык позицияларды жөнгө салуу тартиби, Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы менен өз ара иш алып баруу тартиби сыяктуу маселелер чагылдырылууга тийиш.

87. Банктар Улуттук банктан башка эмитенттердин аффинаждалган стандарттык жана өлчөнгөн куймалар түрүндөгү баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүүнү болжолдогон шартта кошумча төмөнкүдөй документтер сунушталат:

1) Директорлор кеңешинин болжолдонгон операцияларга ар тараптуу талдап-иликтөө жүргүзүлгөндүгү жана алардын банк ишине таасири жөнүндө, ошондой эле Директорлор кеңеши тарабынан жаңы операциялар менен коштолушу мүмкүн болгон тобокелдиктер идентификациялангандыгы жөнүндө өтүнүч каты;

2) бизнес-план;

3) баалуу металлдарды талапка ылайык сактоо жана ташып жеткирүү шарттарын камсыз кылуу үчүн банк тарабынан көрүлгөн чаралар тууралуу маалыматтарды берүү;

4) камсыздандыруу шарттары тууралуу маалымат берүү (банк камсыздандыруу келишимин түзүүгө ниеттенип жаткан компания жана анын финансылык абалы жөнүндө маалыматтарды кошо алганда).

88. Улуттук банк баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүү укугуна уруксат берүү өтүнүч катын жана кошо тиркелген документтерди белгиленген талаптарга жооп берген өтүнүч кат жана документтер келип түшкөн күндөн тартып эки ай ичинде кароого алып, анын жыйынтыгы боюнча уруксат берүү же аны четке кагуу чечимин кабыл алат. Кайрадан түзүлүп жаткан банктын баалуу металлдар менен операцияларды жүргүзүү укугуна уруксат берүү же аны четке кагуу чечими белгиленген талаптарга жооп берген өтүнүч кат жана документтер келип түшкөн күндөн тартып эки ай ичинде кабыл алынат, бирок банк операцияларын жүзөгө ашыруу укугуна лицензия берүү чечими кабыл алынгандан кийин гана жол берилет.

Баалуу металлдар менен банк операцияларын жүргүзүү укугуна уруксат берүү чечими Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынат жана ал чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күнү ичинде Улуттук банк тарабынан жазуу жүзүндө банкка тааныштырылат.

89. Улуттук банк Башкармасы тарабынан баалуу металлдар менен банк операцияларын жүргүзүү укугуна уруксат берүү чечими оң кабыл алынса, Улуттук банк мындай чечим кабыл алынгандан кийинки үч жумуш күнү ичинде лицензияга карата уруксат берилген банк операцияларынын тизмесин алмаштырат (кайрадан тариздейт). Уруксат берилген банк операцияларынын тизмеси алмаштырылган (кайрадан таризделген) шартта мурдагы тизмек Улуттук бакка тапшырылууга тийиш.

90. Улуттук банк Башкармасы тарабынан баалуу металлдар менен банк операцияларын жүргүзүү укугуна уруксат берүү чечими кабыл алынгандан кийинки үч жумуш күнү ичинде Улуттук банк бул тууралуу Кыргыз Республикасынын депозиттерди коргоо фондуна, террористик ишти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү иш-аракеттерди көрүү боюнча ыйгарым укуктуу органга жана иштеп жаткан коммерциялык банктарга билдирме жөнөтөт.

## 11-глава

. Банктык операцияларды ишке ашырууга же лицензиядагы чектөөлөрдү алып салууга уруксат берүү жөнүндө өтүнүчтү кароо тартиби

91. Уруксат берилген операциялар тизмегинде көрсөтүлбөгөн банктык операцияларды жүргүзүүгө же лицензияга карата уруксат берилген банктык операциялар тизмегин алмаштырууга алып келген таасир этүү чараларын колдонуунун алкагында белгиленген банктык лицензиядагы (уруксат берилген банктык операциялардын тизмегинде) чектөөлөрдү алып салууга Улуттук банктын уруксатын алуу үчүн банк тиешелүү өтүнүч менен Улуттук банкка кайрыла алат.

92. Улуттук банктан уруксат берилген операциялардын тизмесинде көрсөтүлбөгөн банктык операцияларды жүргүзүүгө уруксат алуу же таасир этүү чараларын колдонуунун алкагында белгиленген жана лицензияга карата уруксат берилген банктык операциялардын тизмесинин өзгөрүшүнө алып келген банктын лицензиясындагы чектөөлөрдү алып салуу (уруксат берилген банктык операциялардын тизмесинде) үчүн банк, банктын директорлор кеңеши тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып, 6 айдан ашпаган мөөнөт ичинде Улуттук банкка төмөнкү документтерди жөнөтөт:

1) айрым банктык операцияларды жүргүзүүгө уруксат берүү жөнүндө/банк ишке ашырууга ниеттенген операциялардын белгилүү тизмесин көрсөтүү менен лицензиядагы чектөөлөрдү алып салуу жөнүндө маселени карап чыгуу тууралуу башкарманын төрагасынын колу коюлган банктын өтүнүч каты;

2) болжолдонуп жаткан операцияларды жүргүзүүгө уруксат берүүчү директорлор кеңешинин чечимин камтыган, директорлор кеңешинин отурумунун протоколунан толук берилген көчүрмөнү, ошондой эле болжолдонуп жаткан операциялар директорлор кеңеши тарабынан ар тараптуу талдап-иликтөөгө алынгандыгы, ал операциялардын банктын ишине тийгизген таасири, тобокелдик-менеджменти кызматынын корутундусунун негизинде жаңы операциялар менен коштолгон тобокелдиктер банк тарабынан идентификациялангандыгы тууралуу маалыматты - банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;

3) операцияларды жүргүзүү/алардан чектөөлөрдү алып салуу зарылдыгын экономикалык жактан негиздеген маалыматты камтыган, болжолдонуп жаткан операциялар боюнча банктын бекитилген бизнес-планы, иш-чараларды жүзөгө ашыруу боюнча маркетинг план, болжолдонгон экономикалык эсептөөлөр, кредиттик стратегия, тобокелдиктерди башкаруу стратегиясы;

4) болжолдонуп жаткан операцияларга байланышкан кирешелерди болжолдоо;

5) тиешелүү банктык операцияларды жүргүзүүгө чектөөлөрдү белгилөөгө себеп болгон Улуттук банк тарабынан коюлган талаптардын аткарылгандыгы жөнүндө/Улуттук банк тарабынан аныкталган бузуулар четтетилгендиги жөнүндө маалыматтар;

6) квалификациялуу персоналдын бар экендигин тастыктаган маалыматтар;

7) банк ишин кеңейтүү пландаштырылып жаткандыгына байланыштуу банктын кайра каралган уюштуруу түзүмү (зарылдыгына жараша);

8) болжолдонуп жаткан операциялар боюнча ишти жөнгө салган, банктын ички документтери (саясаттары);

9) лицензия алууга ишеним каттын түп нускасы;

10) лицензияга төлөм.

Ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык кошумча банк операцияларын жана бүтүмдөрүн жүргүзүүгө уруксат алуу үчүн төмөнкү документтер берилүүгө тийиш:

1) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык "ислам терезеси" аркылуу улуттук жана/же чет өлкө валютасында айрым банктык операцияларды жүргүзүүгө тиешелүү маселени карап чыгуу тууралуу башкарманын төрагасынын колу коюлган, банк ишке ашырууга ниеттенген операциялардын белгилүү тизмесин камтыган банктын өтүнүч каты;

2) болжолдонуп жаткан операцияларды жүргүзүүгө уруксат берүүчү директорлор кеңешинин чечимин камтыган, директорлор кеңешинин отурумунун протоколунан толук берилген көчүрмөнү, ошондой эле болжолдонуп жаткан операциялар директорлор кеңеши тарабынан ар тараптуу талдап-иликтөөгө алынгандыгы, ал операциялардын банктын ишине тийгизген таасири, тобокелдик-менеджменти кызматынын корутундусунун негизинде жаңы операциялар менен коштолгон тобокелдиктер банк тарабынан идентификациялангандыгы тууралуу маалыматты - банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;

3) банк ишин кеңейтүү пландаштырылып жаткандыгына байланыштуу банктын кайра каралган уюштуруу түзүмү (зарылдыгына жараша);

4) болжолдонуп жаткан операциялар боюнча ишти жөнгө салган, банктын Шариат кеңеши тарабынан жактырылган, банктын тиешелүү органы тарабынан бекитилген жана төмөнкүлөр каралган банктын ички документтери;

а) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, банк операцияларын ишке ашыруунун натыйжасында банк дуушар болушу мүмкүн болгон бардык тобокелдиктерди аныктоо, өлчөө, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча чаралар;

б) ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык, банк операцияларын ишке ашырууга байланыштуу келип чыгуучу бардык мүмкүн болгон тобокелдиктерди туруктуу негизде төмөндөтүү чараларын контролдоо;

5) шариат стандарттарына ылайык түзүлгөн жана банктын Шариат кеңеши тарабынан бекитилген, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банк операцияларын ишке ашыруу боюнча типтүү келишимдер;

6) лицензияны алууга ишеним каттын түп нускасы;

7) лицензияга төлөм.

Электрондук акчаны чыгарууга уруксат алуу үчүн банк, Улуттук банктан уруксат берилген операциялардын тизмесинде көрсөтүлбөгөн банктык операцияларды жүргүзүүгө уруксат алуу же таасир этүү чараларын колдонуунун алкагында белгиленген жана лицензияга карата уруксат берилген банктык операциялардын тизмесинин өзгөрүшүнө алып келген банктын лицензиясындагы чектөөлөрдү алып салуу (уруксат берилген банктык операциялардын тизмесинде) үчүн берилүүчү документтерге кошумча төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш:

1) электрондук акчаны жайылтуу боюнча агент менен түзүлгөн типтүү агенттик келишимдин көчүрмөсү - эки нускада;

2) оператор менен түзүлгөн келишимдин көчүрмөсү (эгерде эмитент оператор менен иш алып барган болсо) - эки нускада;

3) электрондук акча боюнча калдыктарды жана анын жүгүртүлүшү жөнүндө маалыматтар базасын алуу, күн сайын жаңыртып туруу жана сактоо үчүн программалык камсыздоону орнотуу боюнча актынын көчүрмөсү - эки нускада;

4) башкарманын/директорлор кеңешинин төрагасы тарабынан кол коюлган электрондук акча системасы менен иштөө эрежелери эки нускада, эрежелер төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

- банк, оператор, агенттер жана акцептанттар ортосунда операцияларды жүзөгө ашыруу тартиби, анда бардык акча жана маалымат агымдарынын жалпы схемасы камтылууга тийиш;

- электрондук акчаны пайдалануудагы финансылык жана техникалык тобокелдиктерди контролдоону уюштуруу;

- электрондук акчаны пайдалануу учурунда маалыматтык ресурстардан пайдалануу мүмкүнчүлүгү укугун чектөө, маалыматты коргоо жана коопсуздук системасы - эки нускада;

- лимиттерге карата белгиленген талаптарга, ошондой эле "Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жободо көрсөтүлгөн башка талаптарга ылайык, электрондук капчыктар боюнча лимиттер тууралуу маалыматты таблица формасында;

- электрондук акча системасынын катышуучуларынын ортосунда өз ара иш алып баруу схема/диаграмма түрүндө.

Үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча ишти жүзөгө ашырууга уруксат алуу үчүн банк, Улуттук банктан уруксат берилген операциялардын тизмесинде көрсөтүлбөгөн банктык операцияларды жүргүзүүгө уруксат алуу же таасир этүү чараларын колдонуунун алкагында белгиленген жана лицензияга карата уруксат берилген банктык операциялардын тизмесинин өзгөрүшүнө алып келген банктын лицензиясындагы чектөөлөрдү алып салуу (уруксат берилген банктык операциялардын тизмесинде) үчүн берилүүчү документтерге кошумча төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш:

1) катышуучу банктардын тизмеси;

2) төлөм системасында ишке ашырылган операцияларга финансылык мониторинг жүргүзүү тартибин жөнгө салган ички документтердин көчүрмөлөрү;

3) башкарманын/директорлор кеңешинин төрагасы тарабынан кол коюлган жана банктын мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн төлөм системасынын иштөө эрежелери, анда төмөнкүлөр камтылууга тийиш:

а) системанын архитектурасы жана анын иш схемасы;

б) системага кирүү жана андан чыгуу жол-жоболору;

в) катышуучуну системага туташтыруу тартиби;

г) процессинг жүргүзүү тартиби;

д) төлөм системасынын катышуучулары тарабынан өз иши тууралуу маалыматтарды төлөм системасынын операторуна берүү тартиби;

е) тобокелдиктерди тескөө боюнча колдонулган моделди, тобокелдиктерди тескөө иш-чаралар тизмесин жана ыкмаларын кошо алганда, төлөм системасындагы тобокелдиктерди тескөө системасы;

ж) маалыматтарды коргоого талаптар;

з) талаш маселелерди чечүү тартиби;

и) системада штаттан тышкаркы жагдайлар келип чыккан учурда катышуучулардын иш-аракеттеринин тартиби;

к) катышуучулардын укуктары, милдеттери жана жоопкерчиликтери;

л) жөнөтүүчүлөрдүн жана алуучулардын маалымдамасын тескөө, кардарларды эл аралык уюмдар тарабынан даярдалган террористтердин тизмеси, террористтердин улуттук тизмеси жана терроризмге катышы бар деген шектенүүнү жараткандарды улуттук тизме боюнча текшерүү механизмдеринин системада бар экендигин сыпаттоо;

4) төлөм системасынын операторлорунун ишин жөнгө салуу боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптардын аткарылышы жөнүндө маалымат.

Мында, үчүнчү жактардын төлөмдөрү жана эсептешүүлөрү боюнча финансылык маалыматтарды кабыл алуу, иштеп чыгуу (процессинг, клиринг) жана төлөм системасынын ошол процессинг, клиринг борборунун катышуучуларына берүү боюнча ишти жүзөгө ашыруу үчүн банк төмөнкүлөрдү аткарууга тийиш:

1) төлөм системасынын операторлорунун ишин жөнгө салуу боюнча Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген талаптарды аткарууга;

2) Улуттук банк тарабынан белгиленген бардык экономикалык ченемдерди жана талаптарды аткарууга;

3) банкка карата таасир этүү чараларын же башка санкцияларды колдонуунун натыйжасында банк иши боюнча чектөөлөр болбоого.".

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА), 2021 жылдын 25-августундагы № 2021-П-12/47-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

93. Банктын ички саясаты ички контролдуктун талаптагыдай деңгээлин камсыз кылууга жана өзүндө төмөнкүлөр камтууга тийиш:

1) болжолдонуп жаткан операцияларды жүргүзүүгө байланыштуу бардык тобокелдиктерге көз салуусуна жана контролдукка алынышына баа берүү;

2) болжолдонуп жаткан операциялардын бухгалтердик эсепке алуу жол-жобосун;

3) бардык мүмкүн болуучу тобокелдиктерди туруктуу негизде алдын алуу боюнча контролдук чаралар;

4) техникалык жабдуунун жана Улуттук банк тарабынан белгиленген стандарттар жана аны берүү эрежелери боюнча маалыматты банк тарабынан берүү даярдыгынын сүрөттөлүшүн.

94. Улуттук банк уруксат берилген операциялар тизмегинде көрсөтүлбөгөн банктык операцияларды жүргүзүүгө же лицензияга уруксат берилген операциялар тизмегин алмаштырууга алып келген таасир этүү чараларын колдонуунун алкагында белгиленген банктык лицензияда (уруксат берилген банктык операциялар тизмегинде) чектөөлөрдү алып салууга уруксатын алуу үчүн банктын өтүнүчүн жана кошо тиркелген документтерди талаптарды канааттандырган документтер келип түшкөн күндөн тартып эки ай ичинде жана кароого алуунун жыйынтыгы боюнча өтүнүчтү канааттандыруу же андан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат. Банк тарабынан сунушталган документтерди кароого алуунун жүрүшүндө Улуттук банк банкты белгиленген талаптарга ылайык келүүсүн тастыктоо максатында, банкты текшерүүгө укуктуу.

Улуттук банк банктын өтүнүч катын кароонун кайсыл баскычында болбосун уруксат берүүдөн төмөнкү учурларда баш тартууга укуктуу:

- банк ишинде бузууга жол берүүлөрдү аныктаган учурда, эгерде бузуулар банкта талаптагыдай ички контролдоо системасынын жоктугун түздөн-түз күбөлөндүрсө;

- террористтик ишти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүү боюнча мыйзам талаптарын же Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди сактоо талаптарын бузууга жол берүүлөр аныкталган шартта.

Жобонун 92-пунктуна ылайык берилген өтүнүчтү канааттандыруу же канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө чечим Улуттук банк башкармасы тарабынан кабыл алынат жана Улуттук банк мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күн ичинде жазуу жүзүндө банктарды тааныштырууга тийиш. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

95. Лицензияга уруксат берилген банктык операциялардын тизмегин алмаштыруу Улуттук банк башкармасы тарабынан айрым банктык операцияларды жүргүзүүгө уруксат алуу/лицензияларга чектөөлөрдү алып салуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн кийинки үч жумуш күн ичинде жүргүзүлөт. Уруксат берилген банктык операциялар тизмегин алмаштырууну (кайра тариздөөнү) жүзөгө ашырууда уруксат берилген банктык операциялардын буга чейинки тизмеги Улуттук банкка тапшырылууга тийиш.

## 12-глава

. "Ислам терезесин" ачуу жана ал аркылуу ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык улуттук жана чет өлкө валютасында банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби

96. Банк, ушул жобонун талаптарына ылайык ислам банк иши жана каржылоо принциптеринин негизинде операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн "ислам терезесин" ача алат.

97. "Ислам терезеси" аркылуу банктык операцияларды жүзөгө ашыруу үчүн банк "ислам терезеси" аркылуу ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык улуттук жана/же чет өлкө валютасында банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия алууга тийиш.

98. Банк "ислам терезесин" ачуу үчүн төмөнкү талаптарды аткарууга тийиш:

а) Улуттук банктын талаптарына ылайык шайкеш капиталга ээ болуу;

б) Улуттук банк тарабынан белгиленген экономикалык ченемдерди жана башка талаптарды аткаруу.

Банкта өтүнүч кат берилген күнгө карата банктын туунду компанияларын, филиалдарын, өкүлчүлүктөрүн жана башка түзүмдүк бөлүмдөрүн түзүүгө чектөөлөр же тыюу салуулар жок болгон, ошондой эле атайын режим киргизилбеген шартта, банкка "ислам терезеси" аркылуу банк операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берилиши мүмкүн. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2021 жылдын 25-августундагы № 2021-П-12/47-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

99. Ислам терезеси" аркылуу улуттук жана/же чет өлкө валюталарында банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензияны алуу үчүн банк төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш:

1) банк ишке ашырууга ниеттенген операциялардын типтерин толук камтыган, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык "ислам терезеси" аркылуу улуттук жана/же чет өлкө валюталарында банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия берүү жөнүндө банктын директорлор кеңешинин өтүнүч каты;

2) банктын ыйгарым укуктуу органынын төмөнкү чечимдерди кабыл алуу жөнүндө протоколунан алынган толук көчүрмө (банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмө):

а) "ислам терезесин" ачуу жөнүндө;

б) Шариат кеңешинин мүчөлөрүн жана анын төрагасын шайлоо, "ислам терезесинин" жетекчисин, ислам принциптери боюнча каржылоого жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисин дайындоо жөнүндө. Шариат кеңеши кеминде үч адамдан турууга тийиш;

в) банктык операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашыруунун саясаттарын жана башка ички ченемдик документтерин бекитүү жөнүндө;

г) болжолдонуп жаткан операциялар директорлор кеңеши тарабынан ар тараптуу талдап-иликтөөгө алынгандыгы, ал операциялардын банктын ишине тийгизген таасири, тобокелдик-менеджменти кызматынын корутундусунун негизинде жаңы операциялар менен коштолгон тобокелдиктер банк тарабынан идентификациялангандыгы тууралуу;

3) болжолдонуп жаткан операцияларды ишке ашырууга байланыштуу болжолдонгон кирешелүүлүктү, жүргүзүлүүчү операциялардын көлөмүн жана тобокелдиктерин көрсөтүү менен (кеминде келерки эки жылга) бизнес-план;

4) квалификациялуу персоналдын бар экендигин тастыктаган маалыматтар (көрсөтүлгөн кызматкерлер банк/финансы чөйрөсүндө кеминде бир жыл иш тажрыйбасына жана бул багытта атайын окутуудан өткөндүгүн тастыктаган документтерге ээ болууга тийиш);

5) банк ишин кеңейтүү пландаштырылып жаткандыгына байланыштуу банктын кайра каралган уюштуруу түзүмү;

6) Улуттук банктын ченемдик актыларында белгиленген тартипте, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банк операцияларын ишке ашыруу маселелерин камтыган банктын уставынын эки нускасы (банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү); уставда Шариат кеңешинин милдеттери, функциялары жана ыйгарым укуктары, аны түзүү тартиби (кеңештин мүчөлөрү кайсы орган тарабынан жана кайсы мөөнөткө дайындалат) жана ислам каржылоо принциптери боюнча кенештин мүчөлөрүнө карата талаптар камтылууга тийиш;

7) ушул жобонун IV бөлүгүнө ылайык, банктын Шариат кеңешинин төрагасынын жана анын мүчөлөрүнүн, "ислам терезесинин" жетекчисинин, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча каржылоо үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчисинин кызмат ордуна талапкерлер жөнүндө маалыматтар;

8) банктын Шариат кеңеши тарабынан жактырылган, банктын директорлор кеңеши тарабынан бекитилген жана анда төмөнкүлөр каралган банктын каржылоо боюнча саясаты, операциялык, эсепке алуу саясаттары жана башка негизги саясаттары:

а) банк тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банк операцияларын ишке ашыруунун натыйжасында, банк дуушар болушу мүмкүн болгон бардык тобокелдиктерди аныктоо, өлчөө, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү боюнча чаралар;

б) банк тарабынан ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банк операцияларын ишке ашырууга байланыштуу пайда болушу мүмкүн болгон бардык тобокелдиктерди туруктуу негизде төмөндөтүү боюнча контролдоо чаралары;

9) Шариат стандарттарына ылайык түзүлгөн жана банктын Шариат кеңеши тарабынан жактырылган, ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банк операцияларын ишке ашыруу боюнча типтүү келишимдер

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА), 2021 жылдын 25-августундагы № 2021-П-12/47-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

100. "Ислам терезеси" аркылуу ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырган банктын ички саясаты ички контролдуктун талаптагыдай деңгээлин камсыз кылууга жана төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

1) болжолдонуп жаткан операцияларды жүргүзүүгө байланыштуу орун алган бардык тобокелдиктерди чагылдыруу жана аларга баа берүү ыкмалары;

2) болжолдонуучу операцияларды бухгалтердик эсепке алуу принциптери.

101. Улуттук банк банктын "ислам терезеси" аркылуу ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык улуттук жана/же чет өлкө валютасында банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензияларды алуу жөнүндө өтүнүчүн жана кошо тиркелген документтерди белгиленген талаптарга ылайык келген документтер келип түшкөн күндөн тартып эки ай ичинде кароого алат жана анын жыйынтыгы боюнча лицензия берүү же берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алынат.

"Ислам терезеси" аркылуу ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензияларды банкка берүү чечими Улуттук банк Башкармасы тарабынан кабыл алынат жана Улуттук банк мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып үч күндүн ичинде жазуу жүзүндө банкты маалымдоого тийиш. Болжолдонуп жаткан бир же бир нече операциялар боюнча документтер ылайык келбеген учурда Улуттук банк Башкармасы, Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жооп берген бардык зарыл документтер тапшырылган гана операцияларды жүзөгө ашырууга уруксат берет. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

102. "Ислам терезеси" аркылуу ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензия Улуттук банк башкармасы тарабынан лицензия үчүн төлөм төлөнгөндүгү жөнүндө тастыктаманы сунуштаган шартта, банкка кошумча лицензия берүү чечими кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күнү ичинде лицензия банкка берилет.

III БӨЛҮК. БАНКТЫН КАПИТАЛЫНДА ЧЕКТҮҮ КАТЫШУУНУ САТЫП АЛУУНУ МАКУЛДАШУУ ТАРТИБИ

## 13-глава. Жалпы эрежелер

103. Жеке өзү же башка жактар менен биргелешип, акцияларга менчик укугуна ээ болуу ыкмасына карабастан, анын ичинде мурастап алуу же укугун калыбына келтирүүнү кошо алганда, олуттуу катышууну жана контролдукту, анын ичинде акцияларды кошумча сатып алуу аркылуу банктын капиталына чектүү катышууга ээ болууга ниеттенген кандай болбосун жеке адам же юридикалык жак Улуттук банктын кат жүзүндөгү уруксатын алууга милдеттүү.

Төмөнкүдө эскертилген ар бир учурда милдеттүү түрдө жеке адам же юридикалык жак Улуттук банктын жазма түрүндөгү уруксатын алуусу зарыл:

1) банктын олуттуу катышуучусу болгусу келсе;

2) тике же кыйыр ээлик кылууну же тескөөнү (анын ичинде ишеним боюнча тескөө келишимине ылайык ишке ашырса) каалаган учурда:

- добуш берүүгө укук чегерген акцияларынын жыйырма же андан көп пайызына,

- добуш берүүгө укук чегерген акцияларынын отуз үч же андан көп пайызына,

- добуш берүүгө укук чегерген акцияларынын элүү же андан көп пайызына,

- добуш берүүгө укук чегерген акцияларынын алтымыш жети же андан көп пайызына.

104. Банктын капиталына чектүү катышууга ээ болгон жеке өздөрү же башка жактар менен биргелешип, менчиктен ажыратып алуу ыкмасынан көз карандысыз, чектүү маанини өзгөртүүгө таасир этүүчү сандагы акцияларды ажыратып алууга ниеттенген кандай болбосун жеке адам же юридикалык жак алдын-ала, бирок бүтүм келишилгенге чейин беш жумуш күн мурда ал тууралуу Улуттук банкка маалымдоого милдеттүү.

105. Банктын капиталында чектүү катышууга ээ болууга Улуттук банктын жазуу жүзүндөгү уруксатын алуу үчүн кызыкдар жак ушул жобонун 14-главасынын талаптарына ылайык документтерди жана маалыматтарды кошо тиркөө менен жазуу жүзүндөгү өтүнүч кат менен Улуттук банкка кайрылуусу зарыл.

106. Өтүнүч ээси башка адамдар менен бирдикте иш алып барганы тууралуу маалымат болгон учурда, Улуттук банк ушул факт боюнча маалыматты ачып көрсөтүүнү өтүнүч ээсинен талап кылууга укуктуу.

107. Улуттук банк контролдоочу жактан жана банктын олуттуу катышуучуларынан, анын ичинде кыйыр түрдө ушул жобого ылайык каалаган учурда маалыматты талап кылууга укуктуу.

108. Банктын капиталында чектүү катышууга ээ болгон же башкаруу жүргүзгөн, же болбосо банктын капиталында чектүү катышууну же тескөөнү ниет кылган юридикалык жактардын кызмат адамдары (байкоо жана аткаруу органынын мүчөлөрү) ушул жобонун 119-пунктуна ылайык кынтыксыз ишкердик аброюна ээ болууга тийиш.

Кайрадан дайындалган Директорлор кеңешинин мүчөлөрү (байкоо органынын) же башкармасынын (аткаруу органынын), (юридикалык жактардын) банктын капиталында чектүү катышууга ээ болгон же тескөө жүргүзгөн, же болбосо банктын капиталында чектүү катышууну же тескөөнү ниет кылган адамдар жөнүндө маалымат 18-тиркемеге ылайык дайындалган учурдан баштап отуз жумуш күн ичинде, кайрадан дайындалган кызмат адамдарынын Улуттук банкка сунушталууга тийиш.

109. Улуттук банк банктын олуттуу катышуучусу же контролдоочу адамынан болуп калышы мүмкүн, же банкка инвестиция жумшап, анын натыйжасында банк ошол жактын компаниясына көз каранды болуп калышын шарттаган, ошол жак контролдогон юридикалык жактардан кыйыр түрдө ээлик кылуу аркылуу да бардык кошумча маалыматтарды берүүнү талап кылууга укуктуу.

110. Олуттуу катышууга же тескөөгө ээ болгон же болбосо банктын капиталында чектүү катышууну же тескөөнү ниет кылган, анын ичинде кыйыр түрдө адам же адамдардын тобу канааттандырарлык финансылык абалга ээ болушу жана банктын туруктуулугуна коркунуч келтирбөөсү зарыл.

Олуттуу катышууга же контролдукка ээ болгон, же болбосо банктын капиталында чектүү катышууну же тескөөнү ниет кылган адам же адамдардын тобу, алардын аффилирленген жактары, кызмат адамдары (байкоо жана аткаруу органдарынын мүчөлөрү), жана ошондой эле бенефициардык ээси жана банк менен байланышкан адамдар ушул жобонун 119-пунктуна ылайык кынтыксыз ишкердик аброюна ээ болууга тийиш.

111. Банктын капиталында чектүү катышууга ээ болгон Улуттук банктын уруксатын алган жактын анкетасында камтылган маалымат өзгөргөн учурда, ал жак Кыргыз Республикасынын резиденти өзгөртүүлөр киргизилген учурдан тартып отуз жумуш күн ичинде бул тууралуу Улуттук банкка кат жүзүндө билдирүүгө тийиш.

## 14-глава. Документтерди берүү

112. Улуттук банктын кат жүзүндө уруксатын алуу үчүн өтүнүч ээси уруксат алууга жазуу жүзүндөгү өтүнүч менен банктын капиталында чектүү катышууга ээ болууга Улуттук банктын уруксатын алууга жазуу жүзүндө өтүнүч катты Улуттук банкка берүүгө тийиш (өтүнүчтүн формасы 19-тиркемеде келтирилген).

Өтүнүч ээси тарабынан ыйгарым укуктуу адам дайындалган учурда, анын ыйгарым укуктары өтүнүч ээсинин мыйзамга ылайык тариздетилген ишеним каты (каттары) менен документтештирилүүгө тийиш. Эгерде өтүнүч катта тике сатып алуу же банктын акциялары менен кыйыр түрдө ээлик кылуу жөнүндө эскертилсе, анда өтүнүч ээси байланыштын деңгээли ушул сатып алуу же ээлик кылуу үчүн багытталган каражаттардын булагы тууралуу маалыматты ачып көрсөтүүгө тийиш. Мында акцияларга биргелешип ээлик кылган адамдар ушул Жобонун банктын капиталында чектүү катышууну сатып алуу боюнча талаптарына ылайык, Улуттук банктын талабы боюнча документтерди жана маалыматтарды берүүгө тийиш. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

113. Жобонун 112-пунктунда келтирилген билдирмеге кошумча төмөнкү документтер сунушталышы зарыл:

1) юридикалык жактар тарабынан:

а) мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүк, каттоодон өткөн устав жана/же юридикалык статусун жана юридикалык жактын келип чыгуусун тастыктаган башка документтер;

б) өзүнүн бардык акционерлери (уюштуруучулары, катышуучулары) жана контролдоочу адамдар, ушундай акционерлердин (уюштуруучулары, катышуучулары) акционерлери жөнүндө (уюштуруучулары, катышуучулары) бенефициардык ээсине чейин (анын ичинде соода реестринен көчүрмө же акционерлердин реестри), ошондой эле өзүнүн бардык акционерлери жана айкын контролдукту жүргүзгөн контролдоочу адамдар;

в) өтүнүч ээсинин ыйгарым укуктуу органынын банктын капиталында чектүү катышууга ээ болуу жөнүндө чечими (олуттуу катышууну ишке ашыруу);

г) финансылык отчеттун аныктыгын тастыктаган аудитордук уюмдун корутундусун кошо алганда, акыркы үч жыл үчүн (эгерде ишин жүзөгө ашырып жаткандыгына үч жыл толо элек болсо - отчет акыркы отчеттук жыл үчүн берилет) финансылык отчет (жылдык отчеттордун формасында (консолидацияланган балансты, түшкөн пайда жана кеткен чыгым жөнүндө отчетту, Финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттарына ылайык финансылык отчеттун башка формаларын кошо алганда, түшүндүрмөлөр жана чечмелөөлөрү менен);

д) тастыктоочу документтерди же алардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен өтүнүч ээсинин банктын капиталында катышуу (акцияларды сатып алуу) үчүн жөнөтүлүүчү акча каражаттарынын келип чыгуусу жана анын келип чыгуу булактары тууралуу маалыматтар;

е) 16-тиркемедеги форма боюнча анкета менен ылайык келген маалыматтар (чет өлкө юридикалык жактар үчүн - 17-тиркемедеги форма боюнча);

ж) Кыргыз Республикасынын резиденттери тарабынан - Кыргыз Республикасынын бюджетинин жана салык органдарынын алдында билдирме берүү күнүнө карата бардык милдеттенмелердин аткарылышы жөнүндө мамлекеттик салык кызматынын жана социалдык фондунун органдары тарабынан берилген маалымкат же башка документ;

з) өзүнүн бардык акционерлери (уюштуруучулары, катышуучулары) жана контролдоочу адамдары боюнча төмөнкү маалыматтар:

- алардын иши жана кесиптик тажрыйбасы жөнүндө маалымат (капиталда алардын үлүшү беш жана андан көп пайызды түзгөн акционерлер, катышуучулар уюштуруучулар бөлүгүндө);

- аудитордук уюмдун отчету же финансылык абал жөнүндө башка маалымат;

- акционерлер (уюштуруучулар, акционерлер) жалпы кызыкчылыкка ээ болгон кандай болбосун жактар жөнүндө маалымат;

и) Директорлор кеңешинин (байкоо органынын) жана башкарманын (аткаруу органынын) бардык мүчөлөрүнүн ушул жобонун 108-пунктуна ылайык, Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдык критерийлерге ылайык келишин тастыктаган маалыматты;

2) чет өлкө банктары, алардын туунду банктары жана башка чет өлкө юридикалык жактары тарабынан ушул пункттун 1-пунктчасында аталган документтерге кошумча белгиленген тартипте легалдаштырылган төмөнкү документтер сунушталууга тийиш:

а) банкка (туунду банкты түзүү же Кыргыз Республикасынын аймагында филиалды ачуу) инвестициялоо үчүн чет өлкө уюштуруучунун (акционердин) түзүлгөн (каттоодон өткөн) өлкөсүнүн тиешелүү көзөмөл органынын жазуу жүзүндөгү макулдугу, эгер ал түзүлгөн (каттоодон өткөн) өлкөнүн мыйзамдарына ылайык талап кылынса, же уюштуруучунун өлкөсүнүн мыйзамы боюнча мындай макулдук талап кылынбаса, ал тууралуу тиешелүү көзөмөл органынан, юридикалык компаниядан же башка ыйгарым укуктук жактардан жазуу жүзүндөгү тастыктоосу;

б) эгер өтүнүч ээси туулуп өскөн (каттоодон өткөн) өлкөнүн көзөмөл органы тарабынан көзөмөлдөнүүгө тийиш болсо - ал тиешелүү болгон көзөмөл режимине карата маалымат, чет өлкө юридикалык жак түзүлгөн (каттоодон өткөн) өлкөнүн көзөмөл органынын өтүнүч ээсинин финансылык, банктык же башка ишин ишке ашырууга ыйгарым укуктуу (банктарга карата - өтүнүч ээсинин ыйгарым укуктуу орган тарабынан тиешелүү банктык лицензиясы бар экендигин тастыктоо), келип чыккан (катталган) өлкөдө консолидацияланган негизде көзөмөлдөөгө тийиш экендиги жана көзөмөл органынын Улуттук банк менен туруктуу негизде кызматташуусуна даяр экендиги жөнүндө жазуу жүзүндөгү тастыктоосун кошо алганда;

в) эң акыркы (консолидацияланган - банктык топ, банктык холдинг үчүн) баланстык отчет жана түшкөн кирешелер жана кеткен чыгашалар жөнүндө отчет (маалымат өтүнүч берген күнгө чейин токсон күндөн кечиктирилбестен сунушталууга тийиш);

3) эгер банк сатып алуунун натыйжасында банктык топтун же банктык холдингдик компаниянын бөлүгү болуп калса, ал төмөнкүлөрдү кошо алганда, топ тууралуу кошумча маалыматтарды берүүсү зарыл:

а) банктык топтун түзүмү тууралуу маалымат;

б) топко кирген катышуучулардын негизги иши тууралуу маалыматтарды кошо алганда, банктык топтун катышуучулары жөнүндө маалыматтарды;

в) тобокелдиктерди тескөө жана ички контролдук боюнча банктык топтун саясатын;

г) банктык топтун катышуучуларынын контролдоочу жактары жөнүндө маалыматтарды;

д) банктык топто реалдуу контролдукту ишке ашырып жаткан жактар жөнүндө маалыматтарды;

е) топтун катышуучуларынын финансылык абалы жөнүндө маалыматтарды, анын ичинде:

- өтүнүч ээсинин жана анын башкы компаниясынын акыркы үч финансылык жылы үчүн аудиттен өткөн консолидацияланган отчету;

- эң акыркы жеткиликтүү консолидацияланган баланстык отчет жана түшкөн пайдалар жана кеткен чыгымдар жөнүндө консолидацияланган отчет (маалымат өтүнүч кат берген күнгө чейинки токсон күндөн кечиктирилбеген күнгө карата берилүүгө тийиш);

ж) төмөнкүлөрдү камтыган документтерди кийинчерээк берип туруу жөнүндө милдеттенме кат:

- ушул жобонун талаптарына ылайык, дайындалган кызмат адамдарынын ишкердик аброюна жана ишенимдүүлүгүнө тиешелүү маалыматтар менен бирге байкоо жана аткаруу органдарынын, олуттуу катышуучулардын, тике же кыйыр түрдө контролдоочу жактардын курамындагы өзгөрүүлөр тууралуу маалыматтарды;

- Улуттук банк тарабынан белгиленген форма боюнча өз алдынча сыяктуу эле, консолидацияланган негизде мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчетту/мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчетту. Мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик отчет/мезгил-мезгили менен берилүүчү регулятивдик банктык отчет банктык холдингдик компания тарабынан өз алдынча Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөттө, ал эми консолидацияланган негизде - чейрек сайын, отчеттук мезгил бүткөн күндөн кийинки 12 календардык күн ичинде Улуттук банкка берилет (мындай маалыматтар Кыргыз Республикасынын резиденттери тарабынан гана берилет);

- уюштуруу документтерине (уюштуруу келишимине, уставга) туунду же караштуу компаниялардын түзүмүнө киргизилген өзгөртүүлөр, алардын иш чөйрөсүнүн кеңейгендиги, туунду же караштуу компаниялардын кызмат адамдарынын алмашылгандыгы, ошондой эле банктын туунду компаниялары тарабынан туунду компаниялардын түзүлгөндүгү жана/же сатылып алынгандыгы тууралуу маалыматтар тиешелүү чечим кабыл алынгандан кийинки 30 күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө берилет;

- жылдык отчет көз карандысыз аудитордук компания тарабынан тастыкталган жылдык финансылык отчет менен биргеликте өз алдынча жана консолидацияланган негизде отчеттук жыл бүткөн күндөн кийинки 180 күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө берилет жана анда банктык топ жана банктык холдингдик компания үчүн ички контролдуктун шайкештигине баа берүүлөр да камтылат. Мындай отчеттордо ошондой эле, банктык холдингдик компаниянын бардык туунду жана караштуу компаниялары жөнүндө, алардын аталыштарын, аларга канча пайызда ээлик кылуу жана банктык топтун ар бир катышуучусу тартылган иштин түрүн көрсөтүүнү кошо алганда, банктык топтун иши жөнүндө маалыматтар да камтылууга тийиш;

- Улуттук банктан лицензия алган банктын туунду жана/же караштуу банктын ишине терс/олуттуу таасир этиши мүмкүн болгон фактылар же жагдайлардын орун алып жатышы жөнүндө кат жүзүндө билдирме, ага жол бербөө боюнча көрүлгөн чараларды көрсөтүү менен маалымдалууга тийиш. Билдирүү алгылыксыз фактылар же жагдайлар бар экендиги аныкталган учурдан кийинки беш жумуш күн ичинде Улуттук банкка берилет.

Жогоруда белгиленген документтер берилбей калган же белгиленген мөөнөттөрдү бузууга жол берүү менен берилген шартта Улуттук банк, Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан туунду жана/же караштуу банкка, анын башкы компаниясына/банктык топко же банктык холдингдик компанияга (Кыргыз Республикасынын резиденттерине) карата Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында каралган таасир этүү чараларын колдонууга укуктуу;

4) жеке адамдар тарабынан:

а) алардын инсандыгын тастыктаган паспортунун же башка документтин көчүрмөсү;

б) аудитордук уюмдун отчету же финансылык абалы жөнүндө башка маалымат, анын ичинде билдирме берилген күнгө карата түзүлгөн (каттоодон өткөн) өлкөнүн мыйзамдарында каралган формада салыктарды толук төлөгөндүгү жана/же кирешелер жөнүндө декларация жөнүндө тастыктоосу;

в) тастыктоочу документтердин же алардын күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен банктын капиталында (акцияларды сатып алуу) катышуу үчүн өтүнүч ээси тарабынан жөнөтүлүүчү акча каражаттарынын келип чыгуусу жана анын келип чыгуу булактары тууралуу маалыматтар (мисалы, аманаттары жөнүндө банктан маалымкат, иш ордунан - кирешелер жөнүндө, дивиденддер же кирешелерди алууну жана банктын акцияларын сатып алууга жөнөтүлүүчү каражаттарды тастыктаган башка документтер). Эгер банктардын эсебиндеги акча каражаттары банктын акцияларын сатып алуу булагынан болсо, 20-тиркеменин формасы боюнча акча каражаттарынын бар экендигин тастыктоо үчүн катты берүүсү зарыл;

г) 15-тиркеменин формасы боюнча иш жана кесиптик тажрыйбасы жөнүндө маалымат;

5) чет өлкө жеке адамдары ушул пункттун 4-пунктчасында көрсөтүлгөн маалыматтарга кошумча, алгылыктуу ишкердик абройго ээ болгон кеминде эки көз карандысыз адам берген алардын ишкердик аброю тууралуу сунуш-көрсөтмөлөрдү беришет.

Өтүнүч ээси - чет өлкө жеке адамы, Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга жооп берген, анын банктагы эсебинде акча каражаттарынын бар экендиги жана ал сатып алган банктын акцияларынын наркын жапкан өлчөмдөгү кредитордук карызынын жок экендиги жөнүндө билдирген катын сунуштоого тийиш;

6) банктын акционеринин - жеке адамдын өлүмүнө же анын сот тарабынан каза болду деп таанылгандыгына байланыштуу акцияларды мураска алган шартта, өтүнүч ээси мураска алуу укугу чегерилген күндөн тартып он календардык күн ичинде, мураска алуу укугу жөнүндө күбөлүктүн тиешелүү негизде тастыкталган көчүрмөсүн Улуттук банкка берет;

7) банктын акцияларына ээлик кылуу укугун калыбына келтирген учурда өтүнүч ээси соттун тиешелүү чечимин Улуттук банкка кошумча сунуштайт.

## 15-глава. Документтерди карап чыгуу

114. Улуттук банк, банктын капиталында чектүү катышууга ээ болууга Улуттук банктын уруксатын алууга өтүнүч кат келип түшкөндөн кийин өтүнүч ээси тарабынан тапшырылган документтердин толуктугун жана жетишерлигин ушул жобонун 14-главасынын талаптарына ылайык келишин текшерип, тапшырылган документтер толук көлөмдө берилген болсо, өтүнүч ээсине өтүнүч кат кароого алынгандыгы тууралуу кат жөнөтөт.

Маалыматты берүү булагынан көз карандысыз түрдө, анын ичинде Улуттук банктын кошумча талабы боюнча Улуттук банкка бардык зарыл болгон маалымат сунушталбаса, өтүнүч кат сунушталган катары эсептелбейт.

115. Улуттук банк келип түшкөн өтүнүч кат боюнча чечимди өтүнүч кат кабыл алынгандыгы тууралуу өтүнүч ээсине билдирген күндөн тартып 60 (алтымыш) календардык күндөн кечиктирбестен кабыл алат. Улуттук банк келип түшкөн өтүнүч катты кароо мөөнөтүн 30 (отуз) календардык күнгө узартууга укуктуу. Улуттук банк өз чечимин - макул экендиги же андан баш тарткандыгы тууралуу өтүнүч ээсине кат жүзүндө ал кабыл алынгандан тартып үч жумуш күнү ичинде маалымдайт. Баш тартуу жүйөөлүү себептер менен түшүндүрүлүүгө тийиш.

Алардын натыйжасында өтүнүч ээси-жеке адам же юридикалык жак олуттуу катышуучу же банктын добуш берүүгө укук чегерген акцияларынын жыйырма же андан көп же отуз үч же андан көп пайызына тике же кыйыр түрдө ээлик кылган же аларды тескөөгө алган жак болушун шарттаган банктын капиталына чектүү катышууга ээ болууга Улуттук банктын макулдугун алууга берилген өтүнүчтү канааттандыруу/андан баш тартуу чечими Улуттук банктын Төрагасынын банктык көзөмөлдүк жана лицензиялоо маселесин түздөн-түз тескөөгө алган орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү кабыл алат. Алардын натыйжасында өтүнүч ээси-жеке адам же юридикалык жак контролдоочу жак же банктын добуш берүүгө укук чегерген акцияларынын 50 (элүү) же андан көп же 67 (алтымыш жети) же андан көп пайызына тике же кыйыр түрдө ээлик кылган же аларды тескөөгө алган жак болушун шарттаган банктын капиталына чектүү катышууга ээ болууга Улуттук банктын макулдугун алууга берилген өтүнүчтү канааттандыруу/андан баш тартуу чечимин Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети кабыл алат. Эгерде өтүнүч ээси банктын мыйзам талаптарына ылайык акцияларга биргелешип ээлик кылган адам болуп саналса, Улуттук банк банктын капиталына чектүү катышууга ээ болууга өтүнүч ээсине түздөн-түз таандык акциялар өлчөмүндө жана үчүнчү жактар менен биргеликте ээлик кылууга макулдугун берет. Банктын капиталына чектүү катышууга ээ болууга Улуттук банктын макулдугун алууга өтүнүч катты канааттандыруу/канааттандыруудан баш тартуу жөнүндө Улуттук банктын чечими ошол чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күнү ичинде жазуу жүзүндө өтүнүч ээсине маалымдалат. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

116. Улуттук банктын кошумча талабы боюнча документтер жана маалыматтар эгерде Улуттук банктын жазуу жүзүндөгү кыйла узак мөөнөт көрсөтүлбөсө, анда он беш жумуш күн ичинде, ал эми резидент эмес жактардан отуз жумуш күн ичинде сунушталууга тийиш. Эгерде документтер жана маалыматтар аталган мөөнөт ичинде тапшырылбаса, өтүнүч ээсине өтүнүч катты канааттандыруудан баш тартылышы мүмкүн.

117. Улуттук банк төмөнкү учурларда өтүнүч катты канааттандыруудан баш тартышы мүмкүн, эгерде:

1) өтүнүч катты канааттандыруу Кыргыз Республикасынын банк тутумундагы монополияга алып келиши мүмкүн болсо;

2) өтүнүч ээсинин финансылык абалы канааттандыраарлыксыз болсо;

3) өтүнүч ээсинин, анын бенефициардык менчик ээлеринин жана кызмат адамдарынын (эгерде өтүнүч ээси - юридикалык жак болсо) ишкердик аброю алгылыксыз экендигин тастыктаган фактылар болсо;

4) өтүнүч ээси бурмаланган же анык эмес (жалган) маалыматтарды берсе, анын ичинде акча каражаттарынын келип чыгуусу жана булактары боюнча толук эмес маалыматты берсе, жана эгерде:

а) көрсөтүлгөн маалыматтан акча каражаттарынын келип чыгуусун жана келип чыгуу булактарын аныктоого мүмкүн эмес болсо;

б) сунушталган маалыматка ылайык акча каражаттарынын келип чыгуу булактарын Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келбесе;

5) өтүнүч ээсинин мыйзамсыз финансылык же башка иштерге катышкандыгы же катышып жаткандыгы тууралуу анык маалыматтар болсо;

6) өтүнүч ээсинин буга чейинки иши кайсы бир юридикалык жактын банкроттугуна же олуттуу финансылык чыгымга учурашы менен аяктаса же өбөлгө түзсө;

7) өтүнүч ээсинин - юридикалык жактын банктын контролдоочу адамдарынан болууга ниеттенген кызмат адамдары банктык мыйзам талаптарына ылайык келбесе;

8) банк аманатчыларынын таламдарына зыян келтирилиши мүмкүн болсо же банк менен өтүнүч ээсинин жана/же банк менен байланыштуу жактардын жана/же өтүнүч ээсинин жалпы таламдары бар компаниялардын ортосунда түзүлгөн мамилелерден улам банкка таасирдүү көзөмөл жүргүзүүгө мүмкүн болбосо;

9) өтүнүч ээсинин бенефециардык менчик ээлерин идентификациялоого мүмкүн болбосо;

10) өтүнүч ээси банк саясатынын олуттуу өзгөрүүсүн болжолдоп, ал анын финансылык туруктуулугуна, ишенимдүүлүгүнө же банк аманатчыларынын таламдарына коркунуч келтирсе, анын ичинде эгерде сунуш кылынган банктын жетекчилиги компетенциясы, тажрыйбасы, квалификациясы боюнча Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга ылайык келбесе;

11) өтүнүч ээси, туулуп-өскөн (катталган) өлкөсүнүн көзөмөл органы тарабынан көзөмөлгө алынууга тийиш болгон чет өлкө юридикалык жак болсо жана эгерде:

а) туулуп-өскөн (катталган) өлкөсүндө натыйжалуу, анын ичинде консолидацияланган негизде көзөмөл ишке ашырылгандыгын тастыктаган маалыматты Улуттук банкка сунуштабаса;

б) Улуттук банктын берген баасы боюнча өтүнүч ээсине таасирдүү көзөмөл, анын ичинде консолидацияланган негизде көзөмөл жүзөгө ашырылбаса;

в) ал өтүнүч ээси туулуп-өскөн (катталган) мамлекетинин көзөмөл органы менен кызматташууга мүмкүн болбосо жана/же натыйжалуу болбосо.

118. Улуттук банк төмөнкү белгилердин бирөөсү болгон шартта өтүнүч ээсинин финансылык абалын канааттандыраарлыксыз катары эсептеши мүмкүн:

1) өтүнүч ээси сот тарабынан төлөөгө жөндөмсүз (банкрот) катары таанылса;

2) өтүнүч ээсинин милдеттенмелери анын акыркы отчеттук күнгө карата активдеринен ашык болсо;

3) өтүнүч ээсинин баланстан тышкаркы милдеттенмелерин кошо алганда, милдеттенмелердин жалпы өлчөмү банктын туруктуулугу үчүн олуттуу коркунуч келтириши мүмкүн болсо;

4) тастыктоо алынбаса же сунушталган маалыматтар өтүнүч ээсинин зарыл болгон шартта кошумча капиталды банкка сунуштоо мүмкүнчүлүгү жоктугу тууралуу тастыктаса;

5) өтүнүч катты канааттандыруунун натыйжасында банкка же анын аманатчыларына зыян келтирүү мүмкүндүгү тууралуу тастыктаган башка негиздер боюнча, анын ичинде өтүнүч катты тапшырган күнүнө карта Кыргыз Республикасынын бюджети жана салык органдарынын алдында төлөнө элек карызынын болушу.

119. Жак (жеке адам же юридикалык) төмөнкү учурларда кынтыксыз кызматтык абройго ээ эмес же андан ажыраган деп эсептелет:

1) эгерде экономика чөйрөсүндө кылмыш жасагандыгы үчүн алып салынбаган же тындырылбаган соттуулугу бар болсо;

2) эгерде жак:

а) өзү мажбурлап жоюлууга, банкроттукка дуушар болсо;

б) сот тарабынан юридикалык жактын олуттуу катышуучусу же башкаруу органынын мүчөсү катары анын аракеттери же аракетсиздиги банкроттукту кошо алганда, мажбурлап жоюлууга алып келген деп таанылган болсо;

3) эгерде соттун чечими боюнча банктык, финансылык, аудитордук, камсыздандыруу жана инвестициялык чөйрөлөрдө ишти жүргүзүүгө укуксуз же Улуттук банктын чечими боюнча банк чөйрөсүндө иш жүргүзүүгө укугу жок болсо;

4) эгерде жак соттун чечими боюнча иштин башка чөйрөлөрүндө кынтыксыз кызматтык аброюнан ажыраса;

5) банктын кызмат адамдары үчүн - эгерде кызмат адамы Улуттук банк башкармасынын же Көзөмөл боюнча комитетинин же чет өлкөнүн банктык көзөмөл боюнча компетенттүү органынын чечими боюнча банкка карата таасир этүү чарасын колдонуу тартибинде ээлеген кызматынан бошотулса;

6) эгерде жак банктын капиталына чектүү катышуу үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузууга атайылап жол берсе;

7) эгерде өзүнүн финансылык милдеттенмелерин төлөө боюнча аткарылбаган соттук чечим бар болсо;

8) эгерде жак Улуттук банкка атайылап такталбаган маалыматтарды жана документтерди берсе.

120. Алгылыктуу чечим кабыл алынган учурда, Улуттук банк өтүнүч ээсинин дарегине анын өтүнүчү канааттандырылгандыгы тууралуу кат жөнөтөт, ал акцияларды сатып алуу жана андан ары каттоо үчүн иштерди аткаруу үчүн негиз болуп саналат, анда андан ары акцияларды сатууда же банктын капиталына чектүү катышуу азайган учурда банк капиталына чектүү катышууну сатып алууга Улуттук банктан алдын ала уруксат алуу зарылдыгы тууралуу банк капиталына чектүү катышууну сатып алып жаткан потенциалдуу сатып алуучуга өтүнүч ээси билдирүүсү зарыл деген талаптар камтылат. Акцияларга менчик укугу өткөндөн кийин, өтүнүч ээси 5 (беш) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка акцияларды сатуу-сатып алуу келишиминин көчүрмөсүн же менчик укугу өткөрүлүп берилген башка документти жана акциялар үчүн төлөнгөн фактысын тастыктаган башка документтерди тапшыруусу керек.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021 жылдын 25-августундагы № 2021-П-12/47-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

121. Эгерде жак такталбаган (жалган) маалыматтардын негизинде Улуттук банктан алынган уруксатынын негизинде банктын капиталына чектүү катышууга ээ болсо же ал Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык уюштуруучуларга (акционерлерге) карата каралган талаптарга ылайык келбей калса, Улуттук банк ушул главага ылайык өтүнүч ээсине буга чейин акцияларды сатып алууга берген уруксатын кайтарып алат жана ушул жобонун 124-пунктунда көрсөтүлгөн кесепеттер келип чыгат.

122. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2021 жылдын 25-августундагы № 2021-П-12/47-2-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)

123. Эгерде тиешелүү жак мурастоо боюнча же аларга укукту калыбына келтирүү аркылуу банктын капиталына чектүү катышуу өлчөмүндө акцияларга карата менчик укугуна ээ болсо, Улуттук банктын уруксатын алууга чейин ушул жобонун 124-пунктунун биринчи абзацында көрсөтүлгөн кесепеттер келип чыгат.

Эгерде көрсөтүлгөн жактарга Улуттук банктын уруксатын берүүдөн баш тартылса, ушул жобонун 124-пунктундагы экинчи абзацында көрсөтүлгөн кесепеттер келип чыгат.

124. Жобонун 121-123-пункттарында көрсөтүлгөн учурларда мындай акциялар боюнча добуштар кворумду эсептөөдө жана чечим кабыл алууда эске алынбайт. Эгерде мындай акциялар боюнча добуштардын саны маңызы боюнча чечим кабыл алууга таасир эткен болсо, буга чейин кабыл алынган бардык чечимдер анык эмес катары эсептелинет.

Жобонун 121-пунктунда жана 123-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда бузууларга жол берген жак акциялардын тиешелүү топтомун аны менен байланыштуу болбогон жактарга Улуттук банк тарабынан аныкталган мезгил ичинде сатууга милдеттүү. Мындай болбосо, Улуттук банк ошол жактын акцияларын мажбурлап ээликтен ажыратуу өтүнүчү менен сотко кайрылат.

125. Улуттук банк ушул жобонун 124-пунктунда көрсөтүлгөн кесепеттердин келип чыккандыгы жөнүндө банктын көз карандысыз реестр жүргүзүүчүсүнө маалымдайт.

15-1-глава. Банк акционерлеринин кынтыксыз ишкердик аброй талаптарына жана башка милдеттүү талаптарга ылайык келүүсү тууралуу маалыматтарды берүү тартиби (Глава КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 125-1. Банктын капиталында олуттуу катышуудан төмөн өлчөмдөгү акцияларына ээлик кылган баардык банк акционерлери Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" мыйзамынын 79-беренесинде белгиленген чектөөлөрдүн жана тыюу салуулардын жоктугун тастыктоого милдеттүү. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 125-2. Биринчи чектүү катышуу деңгээлинен (олуттуу катышуу) төмөн өлчөмдөгү акцияларды сатып алган кандай болбосун жак акцияларга менчик укугуна ээ болгондон кийинки 20 (жыйырма) жумуш күнү ичинде Улуттук банка төмөнкү документтерди сунуштоого тийиш:

1) жеке адамдар үчүн:

а) паспортунун көчүрмөсүн;

б) акча каражаттарын алуу булактары тууралуу маалыматты;

в) кредиттик бюродон же башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан мөөнөтү өтүп кеткен карызынын жоктугу жөнүндө маалымкатты (Кыргыз Республикасынын резидент эместери үчүн);

г) бюджетке милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттенмелеринин жоктугун тастыктаган маалым кат же башка документ (салык кызматынын жана Социалдык фонд органдары (маалыматты ведомстволор аралык өз ара иш алып баруу маалымат системасы аркылуу алуу мүмкүнчүлүгү болгон шартта Кыргыз Республикасынын резиденттери тарабынан берилбейт) же чыккан өлкөнүн ыйгарым укуктуу органы (Кыргыз Республикасынын резидент эместери үчүн));

д) соттолбогондугун тастыктаган маалымкатты же башка документти (Кыргыз Республикасынын резидент эместери үчүн);

е) негизги иши тууралуу маалыматты (эмгек китепчеси, патенти же иши тууралуу маалымат);

2) юридикалык жактар үчүн:

а) уюштуруу документтеринин көчүрмөсүн;

б) юридикалык жактын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүгүн же болбосо өтүнүч ээси түзүлгөн (катталган) өлкөнүн мыйзамдарына ылайык юридикалык жак каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документке теңештирилген башка документ;

в) кредиттик бюродон же башка ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан мөөнөтү өтүп кеткен карызынын жоктугу жөнүндө маалымкатты (Кыргыз Республикасынын резидент эместери үчүн);

г) бюджетке милдеттүү төлөмдөрдү төлөө жөнүндө маалым кат (маалыматты ведомстволор аралык өз ара иш алып баруу маалымат системасы аркылуу алуу мүмкүнчүлүгү болгон шартта Кыргыз Республикасынын резиденттери тарабынан берилбейт);

д) юридикалык жактын уюштуруучуларынын, акционерлеринин, катышуучуларынын, аткаруу органынын жетекчисинин, башкы бухгалтеринин соттолгондугу жок экендигин юридикалык жак тастыктаган маалым кат же башка документ (маалыматты ведомстволор аралык өз ара иш алып баруу маалымат системасы аркылуу алуу мүмкүнчүлүгү болгон шартта Кыргыз Республикасынын резиденттери тарабынан берилбейт);

е) негизги иши тууралуу маалымат;

ж) акционерлердин, катышуучулардын реестри, ошондой эле алардын паспортторунун көчүрмөлөрү;

з) акцияларга (мүлккө, пайларга, үлүшкө) ээлик кылуу үлүшүн, негизги иши жана каттоо жери тууралуу маалымат көрсөтүү менен туунду, караштуу компаниялар тууралуу маалымат;

и) юридикалык жактын түпкү бенефициарлары (жеке адамга чейин же логикалык түпкү пайда алуучулар) тууралуу маалымат. Эгерде бенефициардык менчик ээси катары мамлекеттик орган же мамлекет иш алып барса, тиешелүү мамлекеттик орган же мамлекет көрсөтүлөт.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА), 2021 жылдын 25-августундагы № 2021-П-12/47-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 125-3. Банктар акционерлер тарабынан тапшырылган маалыматты актуалдаштыруу максатында туруктуу негизде мониторинг жүргүзүүгө тийиш. Ушул Жобонун (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 125-2- пунктунда көрсөтүлгөн жактар банктардагы маалыматтар боюнча өзгөртүүлөргө мониторинг жүргүзүү максатында актуалдаштырылган маалыматты Банктын суроо-талабы боюнча туруктуу негизде берип туруулары тийиш. Өзгөртүүлөр бар болгон учурда Банк өзгөртүлгөн маалыматты алгандан кийинки 10 (он) жумуш күнүнөн кечиктирбестен, Улуттук банка жөнөтүүсү зарыл. 125-4. Банктар жыл сайын 2-чейректен кечикпей Улуттук банкка акционерлердин Банктын акцияларынын бирден жогору пайызына ээлик кылуу схемасы тууралуу маалыматты тапшырууга тийиш. Коммерциялык банктын менчик ээлеринин (түпкү пайда алуучулар) схемасын иштеп чыгуу боюнча көрсөтмөлөр ушул жобонун 31-тиркемесинде көрсөтүлгөн. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) IV БӨЛҮК. БАНКТЫН КЫЗМАТ АДАМДАРЫН МАКУЛДАШУУ ТАРТИБИ

## 16-глава. Жалпы жоболор

126. Талапкерлигин Улуттук банк менен милдеттүү түрдө макулдашуу талап кылынган кызмат адамдарынан болуп төмөнкүлөр саналат:

1) Директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү;

2) Шариат кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү;

3) Аудит боюнча комитеттин, Тобокелдиктерди тескөө боюнча комитеттин төрагалары;

4) Башкарманын төрагасы (президент, башкы менеджер, чет өлкө банкынын филиалынын жетекчиси), анын орун басарлары (вице-президент, башкы менеджердин орун басары, чет өлкө банкынын филиалынын жетекчисинин орун басары) жана Башкарманын башка мүчөлөрү;

5) башкаруучу директор;

6) банктын кредиттик ишине жооп берген түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси;

7) банктын активдеринин жана пассивдеринин тескөөгө алынышына жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси (же функционалдык милдеттери ага теңештирилген адам);

8) башкы бухгалтер;

9) ислам принциптери боюнча каржылоо үчүн жооптуу түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси;

10) "ислам терезесинин" жетекчиси;

11) ички аудит кызматынын жетекчиси;

12) тобокелдик-менеджменти кызматынын жетекчиси;

13) комплаенс-контролдук кызматынын жетекчиси.

Жогоруда аталган түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин жана башкы бухгалтердин орун басарлары Улуттук банк менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш болгон кызмат адамдарынан болуп саналат. Мындан тышкары, функционалдык милдеттери жогоруда аталган кызмат адамдарына теңдештирилген кайсы болбосун адамдар Улуттук банкка макулдашылууга тийиш. Ошондой эле Жобонун ушул пунктуна ылайык жетекчилери Улуттук банк менен макулдашылууга тийиш болгон түзүмдүк бөлүмдөрдүн ишин аныктаган/тескөөгө алган кызмат адамдарынын тобу (Директорлор кеңешинин жана Шариат кеңешинин төрагаларын жана мүчөлөрүн, Аудит боюнча комитетинин төрагасын, банк Башкармасынын төрагасын жана башка мүчөлөрүн эске албаганда) макулдашылууга тийиш. Мында, банктын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишин аныктаган/тескөөгө алган кызмат адамдарына ушул Жободо тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине карата белгиленген минималдуу талаптар колдонулат. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

127. Жобонун 126-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар ушул жобонун 17-19-главаларына ылайык Улуттук банк тарабынан белгиленген минималдуу талаптарга ылайык келүүгө тийиш.

128. Кызматтык нускоого (же банктын башка ички документине) ылайык кызмат адамынын убактылуу жоктугунда ордун алмаштырган жана/же Директорлор кеңешинин, Шариат кеңешинин төрагаларын жана мүчөлөрүн жана Аудит боюнча комитетинин төрагасын эске албаганда, ушул жобонун 126-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат милдеттерин эки айдан ашык мөөнөткө аткаруу жүктөлгөн адам жобонун ушул бөлүгүнө ылайык макулдашылууга тийиш.

129. Жобонун 126-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарды макулдашуудан Улуттук банк баш тарткан учурда, көрсөтүлгөн адам макулдашуудан баш тартуу жөнүндө Улуттук банктан кат алган учурдан он жумушчу күндөн ашык эмес мөөнөттө кызмат ордунан бошотулууга тийиш. Талапкер анын негизинде Директорлор кеңешинин мүчөсү кызмат ордуна кабыл алынган документте Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктарынын (Директорлор кеңешинин мүчөсүнүн функциясын аткарууга тиешелүү) токтотуу негизи катары Улуттук банктын кызмат адамды макулдашуудан баш тартуусу көрсөтүлүүгө тийиш.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

130. Директорлор кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, банк Башкармасынын төрагасы жана мүчөлөрү, башкы бухгалтери иштен бошотулган шартта (ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн токтотулушунун натыйжасында) же өз ыктыярдыгы менен иштен бошонгон учурда банк ушундай чечим кабыл алган күндөн тартып 1 (бир) жумуш күнү ичинде себебин көрсөтүү менен Улуттук банкка ал тууралуу маалымдоого милдеттүү.

Жобонун 126-пунктунда көрсөтүлгөн калган кызмат адамдары иштен бошотулган шартта же өз ыктыяры менен иштен бошонгон учурда - 3 (үч) жумуш күнү ичинде маалымдалат. Жогоруда белгиленген талаптар өзүнүн милдеттеринен 2 (эки) айдан көп мөөнөткө убактылуу бошотулган (баланы багуу боюнча өргүү (декрет), эмгекке жарамсыздык баракчасы, убактылуу башка милдеттерди аткаруу) кызмат адамдарга да таркалат. Банктын операцияларды жүзөгө ашырууга түздөн-түз катышкан башка кызматкерлери мыйзамдарды бузууга жол бергендигинен улам же/жана банктын демилгеси боюнча иштен бошотулган учурда, банк мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып он жумуш күнү ичинде анын себебин көрсөтүү менен ал тууралуу Улуттук банкка билдирүүгө милдеттүү. Жобонун алкагында Банктын банктык операцияларды ишке ашырууга түздөн-түз катышкан кызматкерлери дегенден улам, кайсы гана баскычында болбосун банктык операцияларды жүргүзүүгө/ишке ашырууга тартылган банктын кайсы болбосун кызматкерлерин түшүнүүгө болот. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

131. Банктын жетекчилиги отуз календардык күндөн ашпаган мөөнөт ичинде ушул Жобонун талаптарына жооп берген талапкерди, банктын кызмат адамы иштен бошогондугуна/ыйгарым укуктары токтогондугуна/өз эрки боюнча иштен бошогондугуна/башка узак мөөнөткө (2 айдан көп) жок болгондугуна байланыштуу бош турган кызмат ордуна сунуштоого тийиш, мында Директорлор кеңешинин курамында кворумга жана милдеттүү көз карандысыз мүчөлөрүнүн санына таасир этпеген бош орун пайда болгон учурлар эске алынбайт.

Улуттук банк ушул пункттун талаптары аткарылбаган шартта банк жетекчилигине карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген таасир этүүчү чараларын колдонушу мүмкүн. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

132. Банк тарабынан иштелип чыккан талаптарга түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана филиалдардын жетекчилеринин, ошондой эле башка кызмат адамдарынын ылайык келүүсү үчүн жоопкерчилик банк башкармасынын төрагасына жүктөлөт. Банктын ишин текшерүүнүн жүрүшүндө Улуттук банктын инспекторлоруна 24-тиркеменин формасы боюнча түзүмдүк бөлүмдөрдүн жана филиалдардын жетекчилери жана башка кызмат адамдары жөнүндө маалыматтар сунушталууга тийиш.

Башкарманын төрагасынын, анын орун басарларынын жана мүчөлөрүнүн милдеттерин алар жок болгон мезгил ичинде аткаруу, Улуттук банк менен макулдашуудан өткөн төраганын орун басарларына же банк башкармасынын башка мүчөлөрүнө жүктөлүүгө тийиш.

133. Директорлор кеңешинин, Шариат кеңешинин, Башкарманын төрагаларын жана мүчөлөрүн, банктын Аудит боюнча комитетинин, Тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетинин төрагасын эске албаганда, ушул Жобонун 126-пунктунда көрсөтүлгөн, акыркы 12 ай ичинде даражасы бирдей же жогору турган кызмат орундарына буга чейин макулдашуудан өткөн кызмат адамдар Улуттук банктан макулдашуудан өтпөйт жана 21-тиркемедеги форма боюнча анкетаны сунуштоо менен гана чектелишет.

Ошол эле банкта жаңы мөөнөткө кайра шайланган Директорлор кеңешинин, Шариат кеңешинин, Башкарманын төрагалары жана мүчөлөрү, банктын Аудит боюнча комитетинин, Тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетинин төрагалары Улуттук банктан макулдашуудан өтүшпөйт. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

## 17-глава

. Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө жана Аудит боюнча комитеттин, Тобокелдиктерди тескөө боюнча комитеттин төрагасына карата талаптар (Главанын аталышы КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

134. Директорлор кеңешинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн, Тобокелдиктерди тескөө боюнча комитеттин төрагасынын кызматына талапкерлер төмөнкү минималдуу талаптарга жооп берүүгө тийиш:

1) жогорку билимге ээ экендигин тастыктаган диплому жана акыркы он жыл аралыгында экономика, банк, финансы же юридикалык маселелер чөйрөсүндө кеминде үч жылдык иш тажрыйбасы болууга;

2) кынтыксыз ишкердик абройго ээ болууга;

3) корпоративдик башкаруу жана Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдары жагында билимге ээ болууга;

4) банктын бизнес-планын жана анын өнүктүрүү стратегиясын билүүгө;

5) жобонун ушул бөлүгүнүн 20-главасынын шарттарына кирбөөгө.

Мында, Директорлор кеңешинин көпчүлүк мүчөлөрү акыркы он жыл ичинде банк жана/же финансы системасында жетектөөчү кызмат орундарда кеминде эки жылдык иш тажрыйбасына ээ болууга тийиш. Жобонун максаттарында жетекчи кызмат орду дегенден улам, иш чөйрөсү ушул жобонун 13 жана 14-пункттарына туура келген финансы-кредит уюмунун жана/же компаниянын жана/же финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү жөнгө салуу чөйрөсүндөгү уюмдардын түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчисинен төмөн болбогон кызмат ордун түшүнүү зарыл. Мында, иш тажрыйбасына коопсуздук маселелерин жөнгө салууга жана чарбалык ишти жүзөгө ашырууга байланыштуу жогоруда аталган уюмдардын/компаниялардын бөлүмдөрүндө иштеген учурлар кошулбайт. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

135. Аудит боюнча комитеттин төрагасынын кызматына талапкер ушул жобонун 134-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга кошумча:

1) бухгалтердик эсепке алуу жана финансылык отчеттуулуктун эл аралык стандарттары жана эл аралык тажрыйбада кабыл алынган аудит боюнча стандарттары боюнча билиминин болушу жана аталган багыттар боюнча окуудан өткөндүгү жөнүндө сертификатына ээ болуусу зарыл;

2) Жобонун 138-пунктунун талаптарына ылайык Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсүнөн болууга тийиш.

Мындан тышкары, ислам банкынын же "ислам терезесине" ээ банктын Аудит боюнча комитетинин төрагасы ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча кошумча билимге ээ болууга, Ислам финансы институттары (ААОIFI) үчүн бухгалтердик эсепке алууну жана аудитти уюштуруу уюмунун стандарттарын билүүгө жана бул багытта окутуудан өткөндүгүн тастыктаган сертификатын же документин сунуштоого тийиш. Тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетинин төрагасынын кызматына талапкерлер ушул жобонун 134-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга кошумча, төмөнкүлөргө жооп берүүгө тийиш:

1) тобокелдиктерди тескөө чөйрөсүндө билимге ээ болууга, ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү уруксатына/лицензиясына ээ билим берүү мекемесинен алынган багыт боюнча сертификаты же башка документи болууга;

2) ушул Жобонун 138-пунктунун талаптарына ылайык Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү болууга.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

136. Банктын Директорлор кеңешинин кеминде бир мүчөсү мамлекеттик жана/же расмий тилди билген Кыргыз Республикасынын жараны болууга тийиш.

137. Директорлор кеңешинин төрагасын жана мүчөлөрүн шайлоо, ошондой эле, Аудит боюнча комитеттин төрагасын дайындоо Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамынын 100-беренесинин талаптарын эске алуу менен жүргүзүлүүгө тийиш.

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкынын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнө карата Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Мыйзамынын 21-беренесинин талаптары күчүндө болот. Эгер Директорлор кеңешинин курамында кворумга таасир этпеген бош орун пайда болсо, Директорлор кеңешинин мүчөлөрү жетишпеген санында төмөнкү акционерлердин жалпы жыйынында шайланат. Эгер Директорлор кеңешинин курамында кворумга таасир этпеген бош орун пайда болуп, бирок ага себептүү банк тарабынан Директорлордун кеңешинин курамында көз карандысыз мүчөлөрүнүн кеминде үчтөн бири болушу жөнүндө талап аткарылбаса, банк Директорлор кеңеши бош орун пайда болгон күндөн тартып он жумуш күн ичинде акционерлердин кезексиз жалпы жыйынын өткөрүү тууралуу чечим кабыл алуусу зарыл. Бул жыйында Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрү жетишпеген санында шайланууга тийиш. Банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнөн мурда токтотулушунун натыйжасында анын курамы белгиленген кворумга жетпеген санга чейин азайган учурда банк башкармасы Директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары токтотулган күндөн тартып беш күндүн ичинде Директорлор кеңешинин жаңы курамын шайлоо үчүн банктын акционерлеринин кезексиз жалпы жыйынын чакыруу жөнүндө чечим кабыл алууга милдеттүү. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

138. Банктын Директорлор кеңешинин курамынын кеминде үчтөн бирин Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөлөрү түзүүгө тийиш.

Директорлор кеңешинин көз карандысыз мүчөсү - бул, шайлоо учуруна карата:

1) ошол банктын кызматкери болбогон же банк менен байланыштуу кайсы болбосун юридикалык жактын акыркы беш жыл ичинде кызматкери болуп иштебеген;

2) акыркы беш жыл аралыгында тиешелүү банк башкармасынын мүчөсү болбогон жана болуп көрбөгөн же болбосо банк менен байланыштуу юридикалык жактардын башкармасынын мүчөсү болбогон;

3) Директорлор кеңешинин жыйынына катышууга байланыштуу чыгымдардын ордун толтуруп берүүнү кошпогондо, ошол банктан же банкка байланышкан жактардан же алардын атынан акыркы беш жыл ичинде тике же кыйыр түрдө эч кандай олуттуу кошумча акы, компенсацияларды, жөлөкпулдарды же ыктыярдуу жардамдарды албаган.

Жобонун ушул пунктунун алкагында олуттуу кошумча акы, компенсациялар, жөлөк пулдар жана ыктыярдуу жардамдар же башка акы катары акыркы 5 (беш) жыл ичинде 1000000 (бир миллион) сомдон жогоруну түзгөн кошумча акыны, компенсацияларды, жөлөк пулдарды же ыктыярдуу жардамдарды түшүнүүгө болот.

4) ушул банк же банк менен байланыштуу кайсы жак болбосун акыркы беш жыл аралыгында түздөн-түз же өнөктөш катары олуттуу ишкердик байланышка (насыяларды берүүнү жана алууну кошо алганда) ээ болбогон.

Жобонун ушул пункттун алкагында банк менен байланыштуу кайсы жак болбосун ишкердик байланышы коммерциялык, ишкердик же финансылык мамилелери банктын таламдарында объективдүү чечимдерди кабыл алууда ушул жактын жөндөмдүүлүгүнө таасир этпеген учурда олуттуу катары эсептелет. Мында, Директорлор кеңешинин мүчөсү:

а) чогуу алгандагы карызы банктын таза суммардык капиталынын 10% өлчөмүнөн жогору болгон, банктын карыз алуучусу болбоого;

б) чогуу алгандагы карызы банктын таза суммардык капиталынын 10% өлчөмүнөн жогору болгон, банктын карыз алуучусу болуп эсептелген, юридикалык жактын аткаруу (байкоо) органынын мүчөсүнөн болбоого тийиш;

в) банк менен жалпы таламдары болгон бир же андан көп юридикалык жакка жана/же банк менен жалпы таламдарга ээ болгон банк же юридикалык жактын алдында жалпы карызын, кредиттөө боюнча Улуттук банктын критерийлерине ылайык, бир жактын чогуу алгандагы карызы катары каралса;

г) банкка ушул жактын жылдык жалпы дүң кирешесинин 10 пайызынан жогору болбогон жалпы жылдык суммадагы товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштабоого;

д) банк алдында "жоготуулар" катары классификацияланган кредит боюнча карызы болбоого;

е) банкта кредит же банк менен жалпы таламдарга ээ болгон, "жоготуулар" катары классификацияланган кайсы болбосун юридикалык жактан алган юридикалык жактын байкоо, аткаруу органынын мүчөсүнөн болбоого тийиш;

5) ушул банктын же банк менен байланыштуу жактардын учурда иштеп жаткан же мурдагы тышкы аудиторунун акыркы беш жыл ичинде өнөктөшү же кызматкери болуп саналбаган;

6) ушул банктын ишине олуттуу катышууну же контролдоону ишке ашырбаган жана банктын ишине олуттуу катышуучу же банктын үстүнөн контролду ишке ашыруучу акционердин атынан иш алып барбаган;

7) акыркы төрт жыл ичинде ушул банктын директорлор кеңешинин курамына кирген эмес;

8) Жобонун ушул пунктунун 1-7-пунктчаларында эске алынган жактар менен жакын туугандык мамиледе болбогон адам.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА), 2021 жылдын 25-августундагы № 2021-П-12/47-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

139. Берилген документтер Улуттук банк тарабынан ушул жобонун 21-главасына ылайык каралат.

## 18-глава. Ислам банкынын жана "ислам терезесине" ээ банктын Шариат кеңешинин мүчөлөрүнө карата талаптар

140. Шариат кеңешинин мүчөсү кызматына талапкерлер төмөнкү минималдуу талаптарга жооп берүүгө тийиш:

1) жогорку билимге ээ экендигин тастыктаган дипломунун болушу;

2) Кыргыз Республикасынын ислам банк иши каржылоо принциптери боюнча банктык мыйзамдар жагында билим деңгээлине ээ болуу;

3) ушул багыт боюнча окутуудан ийгиликтүү өткөндүгүн тастыктаган документтер менен ислам банк иши жана каржылоо принциптери жагында билим деңгээлине ээ болуу;

4) Шариат кеңешинин төрагасы Шариат жагында укук жана/же соода жүргүзүү багыты боюнча жогорку билимине ээ экендиги жөнүндө диплому (жалпы таанылган жогорку окуу жайларынан алынган) жана ислам банкынын жана "ислам терезесине" ээ банктын Шариат кеңешинде же ислам финансы уюмунда кеминде 1 (бир) жылдык же банктарда 5 (беш) жылдан кем эмес, анын ичинде жетектөөчү кызматтарда бир жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болууга тийиш.

5) Жобонун 20-главасындагы шарттарга жатпаса.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

141. Ислам банкынын жана "ислам терезесине" ээ Шариат кеңешинин мүчөлөрү банктын уюштуруучуларынын (акционерлердин) жалпы жыйынында кумулятивдик добуш берүү аркылуу шайланат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

142. Шариат кеңешинин мүчөлөрүнө көз карандысыздыктын зарыл санын жана критерийлери бөлүгүндө банктын Директорлор кеңешинин мүчөлөрү үчүн каралган ушул жобонун 138-пунктунун талаптары таркатылат.

143. Сунушталган документтер ушул жобонун 21-главасына ылайык, Улуттук банк тарабынан кароого алынат.

## 19-глава

. Банк башкармасынын мүчөлөрүнө, башкы бухгалтерге жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерине карата коюлуучу талаптар

144. Банктын Директорлор кеңешинин, Шариат кеңешинин төрагаларын жана мүчөлөрүн, Аудит боюнча комитетинин төрагасын эске албаганда, Жобонун 126-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат ордуна талапкерлер төмөнкүдөй минималдуу талаптарга жооп берүүлөрү тийиш:

1) жогорку билимге ээ экендигин тастыктаган дипломунун болушу;

2) төмөнкү бош турган кызмат ордуна талапкерлигин коюу үчүн акыркы жети жыл ичинде төмөнкүдөй эмгек стажы (иш тажрыйбасы) болууга тийиш:

а) банк башкармасынын төрагасы, (президент, башкы менеджер, чет өлкө банкынын филиалынын жетекчиси) - банк жана/же финансы системасында кеминде беш жыл, анын ичинде жетектөөчү кызматтарда - кеминде эки жыл;

б) төраганын орун басарлары (вице-президент, башкы менеджердин орун басары, чет өлкө банкынын филиалынын жетекчисинин орун басары), башкарманын мүчөлөрү, тобокелдик-менеджментинин кызматтын жетекчиси жана комплаенс-контролдоо кызматтын жетекчиси - банк жана/же финансы системасында кеминде үч жыл;

в) ички аудит кызматтын жетекчиси жана башкы бухгалтер - банк, финансы системасында жана/же ушул жобонун 13 жана 14-пункттарында көрсөтүлгөн иштерге аудит жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө кеминде үч жыл;

г) банктын башкаруу директорунун, кредиттик ишине, ислам принциптери боюнча каржылоого, активдерди жана пассивдерди тескөөгө, "ислам терезесинин" жетекчиси - банк жана/же финансы системасында кеминде эки жыл.

Аудитордук уюмда банктын ички аудит кызматынын жетекчиси жана башкы бухгалтери кызмат ордунда айкалышта иштөөгө жол берилбейт;

3) Кыргыз Республикасынын банк мыйзамын чөйрөсүндө, банктык тобокелдиктерди тескөө чөйрөсүндө жана алар иш алып барууну болжолдоп жаткан чөйрөдө билиминин болушу.

Мында, ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча каржылоого жооп берген төраганын орун басары/башкарманын мүчөсү, "ислам терезесинин" жетекчиси жана ислам принциптери боюнча каржылоого жооп берген түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси тиешелүү сертификаттар жана документтер менен тастыкталган, ислам банк иши жана каржылоо принциптери жагында кошумча билимге ээ болуулары тийиш;

4) Жобонун 20-главасынын шарттарына кирбөөгө.

Түзүмдүк бөлүмдүн жетекчилерине жана башкы бухгалтерине карата талаптар алардын орун басарларына да таркалат. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

145. Башкы бухгалтер жана ички аудит кызматынын жетекчисинин кызматына талапкерлер ушул жобонун 144-пунктунда көрсөтүлгөн талаптарга кошумча төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш:

1) башкы бухгалтер - бухгалтердик эсепке алуу жана финансы отчеттуулугунун эл аралык стандарттарын жана ал боюнча тиешелүү сертификаттарынын болуусу жана жогоруда көрсөтүлгөн багыттар боюнча курстарды ийгиликтүү аяктаганын (экзамен/тесттен өтүү) жана квалификациясын жогорулаткандыгын тастыктаган талапкерди макулдашуу тууралуу өтүнүчтүн күнүнө карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксатына\\лицензиясына ээ болгон билим берүү уюмдарынан акыркы беш жыл ичинде алынган сертификаттар же башка документтердин болуусу.

Мындан тышкары, ислам банкынын же "ислам терезесине" ээ банктын башкы бухгалтери Ислам финансы институттары үчүн Бухгалтердик эсепке алуу жана аудит уюмунун бухгалтердик эсепке алуу стандарттарын (ААОIFI) кошумча билүүгө жана жогоруда көрсөтүлгөн багыттар боюнча курстарды ийгиликтүү аяктаганын (экзамен/тесттен өтүү) жана квалификациясын жогорулаткандыгын тастыктаган талапкерди макулдашуу тууралуу өтүнүчтүн күнүнө карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксатына\\лицензиясына ээ болгон билим берүү уюмдарынан акыркы беш жыл ичинде алынган сертификаттар же башка документтердин болуусу, ошондой эле ислам каржылоо принциптери боюнча Эсептер планын билүүгө тийиш;

2) Ички аудит кызматынын жетекчиси - Кыргыз Республикасынын аудит боюнча мыйзамдарын, аудиттин эл аралык стандарттарын жана банктардагы ички аудиттин эл аралык стандарттарын билүүгө, көрсөтүлгөн багыттар боюнча тереңдетилген окутуудан өткөндүгү жөнүндө сертификаты (күбөлүгү) болууга жана жогоруда көрсөтүлгөн багыттар боюнча курстарды ийгиликтүү аяктаганын (экзамен/тесттен өтүү) жана квалификациясын жогорулаткандыгын тастыктаган талапкерди макулдашуу тууралуу өтүнүчтүн берилген күнүнө карата ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын уруксатына\\лицензиясына ээ болгон билим берүү уюмдарынан акыркы беш жыл ичинде алынган сертификаттар же башка документтердин болуусу, ошондой эле тиешелүү сертификаттар менен тастыкталган (Банктык окуу борбору, Бухгалтерлер жана аудиттер бирикмеси жана башка окуу борборлору) Финансы отчеттуулугунун эл аралык стандарттарын билүү менен аны ишинде колдонуу жөндөмдүүлүгүнө ээ болууга тийиш.

Мындан тышкары, ислам банкынын же "ислам терезесине" ээ банктын ички аудит кызматтын жетекчисинин ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча кошумча билимге ээ болуусу, Ислам финансы институттары (ААОIFI) үчүн бухгалтердик эсепти, аудитти уюштуруу уюмунун стандарттарын билүүсү жана ислам банк иши жана каржылоо принциптери боюнча окутуудан өткөндүгүн тастыктаган сертификатынын же документинин болуусу зарыл.

146. Башкарманын төрагасынын, анын орун басарларынын, башкарманын башка мүчөлөрүнүн, ички аудит, тобокелдик-менджментинин, комплаенс-контролдоо кызматтардын жетекчилеринин Жобонун ушул главасына ылайык Улуттук банк тарабынан коюлган талаптарга ылайык келүүсү үчүн жоопкерчилик банктын Директорлор кеңеши тартат.

147. Банктын башкаруучу директорлорунун, кредиттик ишине, активдерди жана пассивдерди тескөөгө жана ислам принциптери боюнча каржылоого жооп берген түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилеринин, башкы бухгалтердин, "ислам терезесинин" жетекчисинин талапка ылайык келүүсүнө банк башкармасынын төрагасы жооп берет.

148. Башкарманын төрагасы, башкарманын төрагасынын орун басары, башкарманын мүчөлөрү жана башкы бухгалтер, башкы бухгалтеринин орун басары алардын талапкерлиги Улуттук банк менен макулдашуу жол-жобосунан өткөнгө чейин банктын төлөм документтерине кол коюу укугу жок.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

149. Төлөм документтерине биринчи кол тамга коюу укугу менен бош кызмат ордуна талапкерлерди Улуттук банк менен макулдашуу учурунда, кол коюу укугу төраганын орун басарынын же башкарманын мүчөсүнүн кызмат ордуна макулдашуу жол-жобосунан өткөн адамга ыйгарылышы мүмкүн.

## 20-глава. Талапкерлерди макулдашуудан баш тартуу үчүн негиздемелер

150. Улуттук банк ушул жобонун 126-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат ордуна талапкерлерди (мындан ары - талапкерлер) макулдашуудан баш тартууга милдеттүү, эгерде:

1) Жобонун 119-пунктунда көрсөтүлгөн учурларда жак кынтыксыз кызматтык абройго ээ эмес же андан ажыраган деп эсептелет;

2) талапкерлерге карата экономика, финансы чөйрөсүндө жана банк ишинде кылмыш жасагандыгы, ошондой эле кызматтык иш боюнча кылмыш үчүн жол бергендиги үчүн айыптоочу өкүм чыгарылган болсо;

3) эгерде, алар буга чейин: мажбурлоо тартибинде банкрот катары таанылып, алардын аракеттенүүсү (аракеттенбей коюусу) банктан/финансы-кредит уюмунан лицензиянын (эсептик каттоо тууралуу күбөлүгүнүн) кайтарылып алынышына алып келгендигин тастыктоолор болгон финансы-кредит уюмунун Директорлор кеңешинин төрагасы же мүчөлөрү, аудит боюнча комитеттин төрагасы, башкарманын төрагасы, анын мүчөлөрү, башкы бухгалтери, ички аудит, тобокелдик-менеджмент кызматынын жетекчиси кызмат ордун ээлеген болсо;

4) талапкерлер төмөнкүлөр үчүн коюлган талаптарга жооп бербесе:

а) банктын төрагасы жана Директорлор кеңешинин мүчөсү, банктын аудит боюнча комитетинин төрагасы - ушул жобонун 17-главасынын; башкарманын төрагасы жана башкарманын мүчөсү - "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамдын 100-беренесинин 3-бөлүгүндөгү;

б) банктын Шариат кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү үчүн - ушул жобонун 18-главасындагы;

в) Директорлор кеңешинин, Шариат кеңешинин төрагасын жана мүчөлөрүн, ошондой эле аудит боюнча комитеттин төрагасын эске албаганда, банктын ушул жобонун 126-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат адамдары үчүн - ушул жобонун 19-главасындагы; башкарманын төрагасы жана башкарманын мүчөсү - "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамдын 104-беренесинин 7-бөлүгүндөгү;

5) Улуттук банктын (Улуттук банкынын Көзөмөл боюнча комитеттин чечими, жазма буйруусу, текшерүү боюнча отчеттор ж.б.) талапкерлерди төмөнкүлөргө катыштыгы бар деп тааныган корутундусу, чечими же башка актылары болсо:

а) анын натыйжасында банктын/финансылык кредиттик уюмдардын лицензиясы (эсептик каттоо күбөлүгү) кайтарылып алынган же банкка убактылуу администрациялоо режими киргизилген аракеттерге (аракеттенбей коюуларга);

б) алгылыксыз жана/же коопсуз эмес банктык тажрыйба катары классификацияланган аракеттерге;

в) Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузууга жол берсе;

6) жөнгө салуучу органдар тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүлөр боюнча, талапкер жоопкерчиликтүү болгон участкаларда финансылык же административдик көйгөйлөрдүн орун алгандыгын тастыктаган материалдар бар болсо.

Мында, эгерде талапкер жол берген мыйзам бузуу олуттуу финансылык чыгымды/кирешенин алынбай калышын, банк/финансы-кредит уюму үчүн олуттуу тобокелдиктерди шарттабаса, системалуу мүнөзгө ээ болбосо жана Улуттук банктын баа берүүсү боюнча анчалык олуттуу болбосо, ушул пункттун 5 "в" жана 6-пунктчаларындагы негиздер макулдашылууга тийиш болгон кызмат ордуна талапкерге карата колдонулбашы мүмкүн. Улуттук банк төмөнкү учурларда ушул жобонун 126-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат ордуна талапкерлерди (мындан ары - талапкерлер) макулдашуудан баш тартууга укуктуу:

а) талапкердин буга чейинки иши, ал кызмат ордун ээлеген уюмдун олуттуу чыгым тартуусуна байланыштуу болгондугу тууралуу тастыкталган маалымат болсо;

б) талапкер тобокелдиктүү, негизсиз же уюмдун ички жол-жоболорун бузуу менен системалуу иш алып баргандыгы жөнүндө тастыкталган маалымат болсо;

в) Улуттук банктын баа берүүсү боюнча талапкер негизги милдеттерди аткаруу үчүн дайындалбаса (номиналдуу дайындалса). Бул Жобонун алкагында номиналдуу дайындоо дегенден улам, тиешелүү кызмат орду үчүн каралган функцияларды аткарууга убактысынын аздыгында талапкердин дайындалышын; ага жүктөлгөн функцияларды өз алдынча же бүтүндөй банктын таламында иш алып барууга мүмкүндүк бербеген үчүнчү жактар менен байланыштуулугун/көз карандылыгын тастыктаган фактылардын болушун, Улуттук банкка макулдашуу жол-жобосун өтүүдө талапкерге жүктөлгөн функциялардын аткарылбашын түшүнүүгө болот.

г) Улуттук банктын баа берүүсү боюнча талапкерди макулдашуу таламдардын каршы келип калышын шарттаса;

Ушул Жобонун 126-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарына талапкерлерди макулдашуудан баш тартуу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн негиздемелер, талапкерлердин квалификациясына баа берүүнүн кошумча критерийи болуп эсептелет. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

151. Талапкер, төмөнкү пункттарда берилген фактылардын орун алышы шартында, банктарда ушул Жобонун 126-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарын ээлөөгө укугу жок:

- Жобонун 150-пунктунун 2-пунктчасында жана 119-пунктунун 2 "б" пунктчасында - соттолгондугу алынып салынган же тындырылган күндөн тартып

7 (жети) жыл бою;

- 150-пунктунун 3 жана 5 "а" пунктчаларында жана 119-пункутунун 6-пунктчасында - бузууга жол берүү фактысы боюнча чечим кабыл алынган күндөн тартып 7 (жети) жыл бою;

- 119-пунктунун 4-пунктчасында - тиешелүү чечим күчүнө кирген күндөн тартып 5 (беш) жыл бою;

- 150-пунктунун 5 "б" пунктчасында жана 119-пунктунун 5-пунктчасында - бузууга жол берүү фактысы боюнча чечим кабыл алынган күндөн кийинки 5 (беш) жыл бою;

- 150-пунктунун 5 "в" пунктчасында - бузууга жол берүү фактысы боюнча чечим кабыл алынган күндөн тартып 3 (үч) жыл ичинде. Эгерде талапкердин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын бузгандыгы жөнүндө маалымат Улуттук банктын башка расмий документтеринде камтылса, анда мыйзам бузуу аныкталган күндөн тартып 1 (бир) жылга чейин;

- 150-пунктунун 6-пунктчасында - бузууга жол берүү фактысы аныкталган учурдан кийинки 3 (үч) жыл бою;

- 119-пунктунун 7, 8-пунктчаларында - бузууга жол берүү фактысы аныкталган учурдан тартып бир жыл бою.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА), 2021-жылдын 14-июлундагы № 2021-П-12/38-3-(НПА) токтомдорунун редакцияларына ылайык)

152. Жобонун 126-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарды Улуттук банк менен макулдашуу, алардын кылмыш иши боюнча шектүү/айыпталуучу катары ишке тартылгандыгы тууралуу Улуттук банк маалымат алган учурдан баштап, убактылуу токтотулат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

153. Банк жана/же ушул жобонун 126-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар кайсы болбосун такталбаган, толук эмес маалыматтарды (маалыматтар жана/же документтер) сунуштаса же маалыматты атайын бурмалоо же ката кетирүү менен сунуштаган болсо, Улуттук банк документтерди кароодон жана аны макулдашуудан баш тартууга укуктуу.

154. Улуттук банк талапкерликти макулдашуу мезгил аралыгында ушул Жобонун 150-153-пункттарында көрсөтүлгөн негиздер жол берилип, бирок макулдашуу учурунда Улуттук банкка маалым болбосо, Улуттук банк талапкерлерди макулдашуу жөнүндө чечимин жокко чыгарууга жана алардын четке кагылышын талап кылууга укуктуу. Талапкерди макулдашуу жөнүндө чечимди жокко чыгаруу тууралуу чечим талапкерлерди макулдашуу жөнүндө чечим кабыл алган орган/кызмат адам тарабынан кабыл алынат. Талапкерди макулдашуу жөнүндө чечимдин жокко чыгарылышы Кыргыз Республикасынын банк мыйзамдарында белгиленген, талапкерди макулдашуудан баш тартуу үчүн каралган натыйжаларга алып келет.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

155. Улуттук банк, банктын ишенимдүү жана туруктуу иш алып баруусуна коркунуч жараткан, ошондой эле ушул жобонун 150-пунктунда көрсөтүлгөн фактылар аныкталган учурда банктын кызмат адамдарынын ыйгарым укуктарын токтотууну талап кылууга укуктуу.

156. Жобонун 154 жана 155-пункттарында каралган банктын кызмат адамдарынын иштен четтетүү же ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө Улуттук банктын талабы талапкерди макулдашуу чечимин кабыл алган Улуттук банктын кызмат адамы/органы же болбосо Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык таасир этүү чараларынын колдонуунун алкагында кабыл алынат.

## 21-глава. Банктын кызмат адамдарын макулдашуу тартиби

157. Банк, ушул жобонун 126-пунктунда көрсөтүлгөн адамдар шайланган/дайындалган күндөн тартып 3 жумуш күнү ичинде кызмат адамдардын курамындагы өзгөрүүлөр жөнүндө тиешелүү жазуу жүзүндөгү маалыматты Улуттук банкка берүүгө тийиш.

158. Банк, 10 (он) жумуш күнү ичинде, ал эми резидент эмести шайлаган/дайындаган шартта - талапкер шайланган/дайындалган күндөн кийинки 30 (отуз) календардык күн ичинде төмөнкү документтерди кошо тиркөө менен талапкерлерди макулдашуу жөнүндө өтүнүчтү Улуттук банкка берүүгө тийиш:

1) талапкерди шайлоо/дайындоо жөнүндө чечим кабыл алган ыйгарым укуктуу башкаруу органынын отурумунан толтурулган протоколдун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн (эмгек келишиминин);

2) кызмат ордуна дайындоо тууралуу буйруктун (токтомдун, буйруунун) күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн;

3) 21-тиркеменин формасы боюнча анкеталар, кийин ушул анкетада чагылдырылган маалымат өзгөргөн шартта, кызмат адамы - Кыргыз Республикасынын резиденти 10 (он) жумуш күнү ичинде, ал эми Кыргыз Республикасынын резидент эмеси өзгөртүү киргизилген учурдан тартып 20 (жыйырма) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка бул тууралуу кат жүзүндө билдирүүгө тийиш.

4) (КР Улуттук банк Башкармасынын 2021 жылдын 25-августундагы № 2021-П-12/47-2-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)

5) банк тарабынан тиешелүү негизде тариздетилген жана күбөлөндүрүлгөн функционалдык милдеттердин тизмеси;

6) Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык мындай уруксат алуу милдеттүү болгон шартта, чет элдик жарандарга эмгек же башка ишкердикти жүзөгө ашырууга уруксат;

7) эмгек китепчесинин көчүрмөсү (болгон болсо);

8) ушул Жобого карата 21-тиркеменин формасы боюнча анкетада көрсөтүлгөн паспорттун көчүрмөсү;

9) ушул Жобого карата 32-тиркемеге ылайык банктын талапкерге карата өтүнүчү. Бул талап Директорлор кеңешинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн, ошондой эле Шариат кеңешинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн кызмат ордундарына талапкерлерге таркатылбайт.

Жобонун ушул пунктунун 2 жана 5-пунктчаларында көрсөтүлгөн документтер Директорлор кеңешинин, Шариат кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, ошондой эле Аудит боюнча комитеттин жана тобокелдиктерди тескөө комитетинин төрагасы тарабынан сунушталбайт. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА), 2021 жылдын 25-августундагы № 2021-П-12/47-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

159. Талапкердин мурунку иши жөнүндө маалымат алуу зарылчылыгы келип чыккан учурда, Улуттук банк талапкердин акыркы иштеген үч мекемеден бир же бир нече сунуштама каттарын суроо-талап кылууга укуктуу. Сунуштама катта сунушталып жаткан адамдын аты-жөнү, атасынын аты, иштеген жери жана дареги, кызмат орду, телефону, факсы, электрондук почтасынын дареги, талапкерге берилген мүнөздөмө, ал талапкер менен кайсы жерде жана качан иштегендиги көрсөтүлгөн маалыматтар, ошондой эле сунуштамага кол коюлган күн көрсөтүлүүгө тийиш. Сунуштап жаткан адамдын кол тамгасынын аныктыгы анын иштеген жери боюнча же нотариуста күбөлөндүрүлүүгө тийиш. Бул талап эгерде сунуштама кат уюмдун фирмалык бланкында берилген жана уюмдун мөөрү коюлган учурда талап кылынбайт. Мында сунуштамаларды төмөнкүлөрдүн берүүсүнө жол берилбейт:

1) Улуттук банктын кызматкерлеринен;

2) кайсы болбосун туугандарынан;

3) талапкерди макулдашуу жөнүндө өтүнүч кат берген банктын жетекчилеринен жана кызматкерлеринен;

4) өтүнүч кат берип жаткан банктын аффилирленген компанияларынын кызмат адамдарынан;

5) алгылыксыз жана кооптуу банктык тажрыйбага кирген ишти жүзөгө ашырууга катышы бар деп табылган адамдардан жана ушул Жобонун 126-пунктунда көрсөтүлгөн кызмат орундарына акыркы жолу макулдашуудан өтүү жол-жобосунда макулдашуудан баш тартылган адамдардан.";

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА), 2021 жылдын 25-августундагы № 2021-П-12/47-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

160. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2021 жылдын 25-августундагы № 2021-П-12/47-2-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)

161. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2021 жылдын 25-августундагы № 2021-П-12/47-2-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)

162. Зарыл болгон учурда, Улуттук банк берилген маалыматты чечим кабыл үчүн жетишсиз деп эсептесе, ал банктан, талапкерден жана/же үчүнчү жактардан кошумча маалыматты талап кыла алат.

163. Чет тилде берилүүчү документтер Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана/же расмий тилдерине которулуп, белгиленген тартипте тастыкталууга тийиш.

164. Сунушталган документтерде толук маалымат берилиши, анкеталардын так толтурулушу жана талапкердин ушул Жободо белгиленген талаптарга ылайык келиши кароого алынат.

Документтерди карап чыгууда Улуттук банк талапкердин мурда иштеген ордун, банктык/финансылык чөйрөдө иштөө тажрыйбасынын болушун жана банктык/финансылык чөйрөгө байланыштуу багытта иштегендигин, тиешелүү документтер менен тастыкталган адистештирилген билиминин болушун эске алат. Эгерде сунушталган документтерге карата сын-пикирлер болсо же талапкерлердин иш тажрыйбасы (стажы), билими жана милдеттүү сертификаттары белгиленген талаптарга жооп бербесе Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү аларды жеткире иштеп чыгуу же талапкерди макулдашуудан баш тартуу жөнүндө кат жөнөткөнгө укуктуу. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

165. Документтердин белгиленген талаптарга ылайык келбеген жана документтерин толук эмес топтомун сунуштаган учурда, жеткире иштеп чыгуу жана сын-пикирлерди четтетүү зарылчылыгы тууралуу банкка кат жөнөтүлөт. Банк сын-пикирлерди эске алуу менен жеткире иштелип чыккан документтерди жыйырма календардык күндөн кечиктирбестен, Кыргыз Республикасынын резидент эместери менен учурда отуз календардык күндөн кечиктирбестен Улуттук банкка сунуштоого тийиш. Жобонун талаптарына ылайык келбеген же толук эмес көлөмдө эки жолдон ашык же болбосо белгиленген мөөнөт ичинде документтерди сунуштабаган учурда, талапкердин документтери Улуттук банк тарабынан кароого алынбайт.

166. Талапкерлерди макулдашуу үчүн документтерди сунуштаган күндөн тартып отуз иш күн ичинде макулдашуу тууралуу чечим кабыл алынат. Кошумча маалыматтарды же документтерди алуу зарыл болсо Улуттук банк талапкердин документтерин кароо мөөнөтүн жыйырма иш күнгө чейин созууга укугу бар.

Талапкерлерди кызмат ордуна макулдашуу тууралуу чечим:

- Директорлор кеңешинин, Шариат кеңешинин төрагасы жана мүчөлөрү, Аудит боюнча комитеттин, Тобокелдиктерди тескөө боюнча комитетинин төрагасы, башкарманын төрагасы, банктын кредиттик ишине жана ислам принциптери боюнча каржылоого жооп берген башкарманын төрагасынын орун басары/башкарманын мүчөсү (эгерде, башкаруучу директор банктын кредиттик ишине жана ислам принциптери боюнча каржылоого жооп берген башкарманын төрагасынын орун басарынын алдында болбосо), ички аудит кызматынын жетекчиси, банктын башкы бухгалтери боюнча Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан кабыл алынат;

- төраганын орун басары жана башка Башкарманын мүчөлөрү, башкаруучу директору, комплаенс-контролдоо кызматтарынын жетекчилери, тобокелдик-менеджменти жана "ислам терезесинин" жетекчиси боюнча, Улуттук банктын Төрагасынын банктык көзөмөл жана лицензиялоо маселелерин түздөн-түз тескөөгө алган орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү тарабынан кабыл алынат;

- ислам принциптери боюнча каржылоого, активдерди жана пассивдерди тескөөгө, банктын кредиттик иштерине жооп берген түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери боюнча, Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмүнүн начальниги тарабынан кабыл алынат.

Банктын башка кызматтык адамдардын макулдашуу боюнча чечим Көзөмөл боюнча комитети, Төраганын орун басары/Улуттук банктын банктык көзөмөл жана лицензиялоо маселелерин түздөн-түз тескөөгө алган Башкарманын мүчөсү же Улуттук банктын Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмүнүн начальниги тарабынан, кызматтык адамдын функционалдык милдеттерине жараша кабыл алынат. Түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилеринин орун басарларын/башкы бухгалтерди макулдашуу жөнүндө чечим түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилерин/башкы бухгалтерди макулдашуу жөнүндө чечим кабыл алган орган/кызмат адамы тарабынан кабыл алынат. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

167. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети, Төраганын орун басары/Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү жана/же Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмүнүн жетекчиси талапкерлерди маектешүүгө чакырууга укуктуу. Маектешүү үчүн Улуттук банктын башка түзүмдүк бөлүмдөрүнөн кызматкерлер чакыртылышы мүмкүн. Маектешүүнүн жүрүшүндө протокол толтурулат, ага Улуттук банктын өкүлдөрү кол коёт жана ал талапкерди макулдашуудан баш тартуу үчүн негиз катары кызмат кылышы да мүмкүн. Маектешүүнүн жүрүшүндө аудио жана видео каражаттар колдонулушу мүмкүн.

Талапкер маектешүүгө келбеген учурда, документтер кароого алынбайт. Эгерде талапкер экиден көп жолу жүйөлүү себептерсиз (ооруп калса, иш сапарында болсо ж.б.) маектешүүгө келбесе, Улуттук банк аны макулдашуудан баш тартышы мүмкүн. Маектешүүнүн жүрүшүндө талапкерге анын банктык мыйзам талаптарын, банк иши жөнүндө билим деңгээлине баа берүү үчүн, ошондой эле төмөнкүлөрдү кошо алганда, бирок талапкердин ишкердик аброю, анын мурдагы иши, ишкердик жана тууганчылыгы жөнүндө маселелер менен гана чектелбестен, талапкерди кызмат ордуна макулдашуу процессине тиешелүү кайсыл болбосун башка багыттар боюнча суроолор берилет. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

168. Талапкерлерди карап чыгууда инспектордук текшерүүнүн, ошондой эле кайсы болбосун мамлекеттик же жөнгө салуучу орган тарабынан жүргүзүлүүчү текшерүүнүн жүрүшүндө алынган маалыматтар эске алынат.

169. Талапкерлерди кароонун жыйынтыгы талапкерлер боюнча чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күн ичинде Улуттук банк тарабынан банкка жазуу жүзүндө кат жөнөтүлөт.

## V БӨЛҮМ. ОБОЧОЛОНГОН БӨЛҮМДӨРДҮ ТҮЗҮҮ ЖОЛУ МЕНЕН БАНКТЫН ИШИН КЕҢЕЙТҮҮ ТАРТИБИ

170. Банк филиалдар, өкүлчүлүктөр, сактык жана көчмө кассалары, акча алмаштыруу пункттары түрүндө обочолонгон бөлүмдөрүн, ошондой эле консультация берүү кызматтарын жана банктык кызматтарды сунуштоо боюнча билдирмелерди кабыл алуу боюнча кызматтарды жүзөгө ашыруу укугу менен кардарларды тейлөө пункттарын ача алат. Банк Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарын жана ушул жобонун талаптарын аткарган шартта өзүнүн обочолонгон түзүмдүк бөлүмдөрүн ачышы мүмкүн.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

## 22-глава. Туунду банкты түзүүнүн өзгөчөлүктөрү

171. Туунду банк өз алдынча юридикалык жак болуп саналат. Кыргыз Республикасынын аймагында туунду банкты түзүү Улуттук банктын жазуу жүзүндөгү уруксатынын негизинде жана төмөнкү шарттарда гана мүмкүн:

1) туунду банктын жана башкы банктын менчигинин жана башкаруу түзүмү, финансылык мүмкүнчүлүктөрү Улуттук банк белгилеген критерийлерге ылайык келсе;

2) туунду банктын ишинен улам, башкы банкта келип чыккан тобокелдиктерди контролдукка алуу жол-жобосу жана башкы жана туунду банктын корпоративдик өз алдынчалыгын колдоого багытталган жол-жоболор иштелип чыкса;

3) туунду банкты түзүү же сатып алуу башкы банктын финансылык туруктуулугуна олуттуу деле тобокелдиктерди алып келбесе;

4) Улуттук банк тарабынан белгиленген башка талаптар аткарылса.

172. Чет өлкө башкы банкы Кыргыз Республикасынын аймагындагы туунду банкка карата чет өлкөдөгү банктар болушу мүмкүн, алар төмөнкү кредиттик рейтингдердин бирине ылайык келүүгө тийиш:

- "Standard & Poor's", "Investors Service", "Fitch-IBCA" (АКШ) рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган "В" категориясынан төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингине,

- же "Capital Intelligence", "Japan Credit Rating Agency (JCR)", "Dominion Bond Rating Service (DBRS)", "Rating & Investment Information (R&I)" рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган ушундай эле деңгээлдеги кредиттик рейтингине.

173. Туунду банкты түзүүгө уруксат алуу үчүн ушул жобонун II жана III бөлүктөрүнө ылайык берилүүчү документтерге кошумча түрдө төмөндөгүлөр сунушталууга тийиш:

1) Кыргыз Республикасынын аймагында туунду банкты ачуу (сатып алуу) жөнүндө өтүнүч ээсинин тийиштүү (ыйгарым укуктуу) органынын чечими;

2) туунду банктын ишинен улам өтүнүч ээсинен келип чыгуучу тобокелдиктерди көзөмөлдөө үчүн түзүлгөн жол-жоболор;

3) туунду банктын ишинин өтүнүч ээсинин (башка компаниянын) финансылык абалына мүмкүн болуучу таасирин талдап-иликтөө;

4) өтүнүч ээсинин туунду банкка салуучу инвестициянын суммасы жана анын өтүнүч ээсинин өз капиталына карата пайыздык катышы тууралуу маалыматтар;

5) өтүнүч ээсинин жайгашкан (катталган) өлкөнүн көзөмөлдөөчү органынын төмөндөгүлөр тууралуу жазуу жүзүндөгү тастыктоосу:

а) Кыргыз Республикасынын аймагында туунду банкты түзүүгө (сатып алууга) макулдук же мындай уруксат өтүнүч ээсинин жайгашкан өлкөнүн мыйзамдары боюнча талап кылынбай тургандыгы тууралуу тастыктоо жөнүндө;

б) өтүнүч ээси ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген тийиштүү лицензияга ээ экендиги жөнүндө;

в) Базель принциптерине ылайык консолидацияланган негизде банк тобуна көзөмөлдүн жүзөгө ашырылышы жөнүндө;

г) туруктуу негизде Улуттук банк менен кызматташууга даяр экендиги жана туунду банкка көзөмөлдүк кылууга жана өтүнүч ээсинин финансылык абалына жана аброюна тийиштүү бардык учурларга байланышкан маалыматтарды оперативдүү түрдө сунуштоо жөнүндө.

174. Улуттук банктын лицензиясынын негизинде иш алып барган банктын акциялары ага туунду банктын статусун берүү менен башка юридикалык жак тарабынан сатылып алынса, ушул жобонун 173-пунктунда көрсөтүлгөн документтерге кошумча төмөндөгүлөр берилүүгө тийиш:

1) банктын уставына сунушталуучу өзгөртүүлөр;

2) банктын башкаруу түзүмүнө сунушталган өзгөртүүлөр, анын ичинде кызмат орундарына сунушталган жаңы талапкерлер;

3) банктын кредиттик саясатындагы жана башка негизги саясаттарындагы өзгөртүүлөрдү кошо алганда, банктын сунушталуучу жаңы стратегиясы;

4) банктын болжолдонуучу эсептешүү балансын кошо алганда, финансылык болжолдоо;

5) активдерди сатуу, иш-аракетти кошуу, кеңейтүү, активдерди кыскартуу (көбөйтүү), филиалдардын тармагын кыскартуу (кеңейтүү) ж.б. жагындагы башка пландар менен сунуштар.

175. Улуттук банктын лицензиясынын негизинде иш алып барган банк туунду банкты түзүүгө же туунду банктын статусун берүү менен башка банкта контролдукка ээ болууга уруксат алуу үчүн төмөндөгү талаптарды аткарууга тийиш:

1) Улуттук банктын талаптарына ылайык "шайкеш капиталдашуусун" критерийлерине туура келиши;

2) жаңы банкты түзүүнүн ушул жободо туунду банкка карата каралган бардык шарттарынын аткарылышы;

3) туунду банктын ишинен улам өтүнүч ээсинин келип чыгуучу тобокелдиктерди контролдоо жол-жобосунун Улуттук банк тарабынан белгиленген талаптарга жана эл аралык тажрыйбада кабыл алынган стандарттарга туура келиши;

4) туунду банкка ээлик кылуунун өтүнүч ээсинин финансылык туруктуулугуна алгылыксыз таасиринин жоктугу;

5) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туунду банкты түзгөн учурда - консолидацияланган негиздеги көзөмөлдү кошо алганда, туунду банк жайгашуучу өлкөдөгү (кабыл алуучу өлкөдөгү) көзөмөлдүн сапатынын, ошондой эле, кабыл алуучу өлкөнүн көзөмөл органы менен натыйжалуу кызматташуунун жана маалымат алмашуунун келечегинин Улуттук банк үчүн ылайыктуулугу.

176. Банктын туунду компаниялары өзүнүн банктык жана/же финансылык ишин, ошондой эле банктык жана/же финансылык иш менен байланышкан ишти Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында белгиленген негизде жана тартипте жүзөгө ашырат.

177. Туунду банкты түзүүгө макулдук берүү тууралуу чечим кабыл алууда төмөндөгү факторлор эске алынышы мүмкүн:

а) башкы банк түзүлгөн (каттоодон өткөн) же туунду банкты кабыл алуучу өлкөдө депозиттерди камсыздандыруу системасынын болушу;

б) башкы банк түзүлгөн (каттоодон өткөн) же туунду банкты кабыл алуучу өлкөдөгү экономикалык жагдай.

178. Өтүнүч ээсинин өтүнүч катын жана финансылык абалын баа берүүдө Улуттук банк өтүнүч ээси туулуп өскөн (каттоодон өткөн) өлкөнүн көзөмөл органынын маалыматына жана пикирине таянышы мүмкүн.

179. Улуттук банк туунду банкты сатып алууга карата же түзүүгө өтүнүч катты кароо үчүн зарыл болгон кошумча маалыматты талап кыла алат.

## 23-глава. Банктын филиалын ачуу тартиби

180. Юридикалык жак болуп саналбаган, банктын жайгашкан жерден тышкаркы жайгашкан, банктын атынан банктык операциялардын бардыгын же бөлүгүн банк тарабынан бекитилген Филиал жөнүндө жобонун негизинде жүзөгө ашырган жана банк тарабынан ага берилген ыйгарым укуктардын чегинде иш алып барган анын обочолонгон бөлүмү банктын филиалы болуп саналат.

Филиал банк бөлүп берген мүлккө, банк менен бирдиктүү баланска, ошондой эле "филиал" деген сөздөр кошулган банктын аталышына толук дал келген аталышка ээ болот. Филиалдын жетекчиси банктын уставы боюнча ыйгарым укук берилген башкаруу органы тарабынан дайындалат жана белгиленген тартипте аларга берилген ишеним каттын негизинде иш алып барат. Ишеним катта операциялардын тизмеги жана филиалдын жетекчисинин башка ыйгарым укуктары көрсөтүлүүгө тийиш

181. Банктын филиалы тууралуу маалыматтар банктын уставында камтылууга тийиш. Банк, филиалдын ачылышынан/жабылышынан кийин өткөрүлгөн акционерлердин биринчи жалпы жыйынында банктын уставына тиешелүү өзгөртүүлөрдү/толуктоолорду Банктын уставына бекитүүгө милдеттүү.

182. Улуттук банк берген тиешелүү банктык лицензиянын негизинде иш алып барган банк төмөндөгү шартта Кыргыз Республикасынын аймагында өзүнүн филиалдарын ача алат:

1) банктын абалынын начарлашынан улам Улуттук банктын өзгөчө көзөмөлдүгүнө алынбаса;

2) банк, филиал ачуу өтүнүчү келип түшкөнгө чейинки иш жыйынтыгы боюнча акыркы эки жылдын аралыгында чыгашасыз болсо. Жаңыдан түзүлгөн банктар үчүн лицензия алган учурдан тартып алардын иш алып баруу мөөнөтү кеминде үч жылды түзсө, финансылык жыл пайда алуу менен аякташы зарыл;

3) филиал ачууга тыюу салуу аркылуу банктын ишинин кеңейтилишине Улуттук банк тарабынан чектөөлөр киргизилбесе;

4) Улуттук банктын талаптарына ылайык, банк "шайкеш капиталдаштырылса";

5) банктын ишине инспектордук текшерүүнүн жана күндөлүк көзөмөлдүктүн жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын сунуш-көрсөтмөлөрү жана талаптары аткарылса;

6) филиал жана касса түйүнү жайгашкан жай ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын тиешелүү актылары менен тастыкталган техникалык жактан жабдылышы, күзөт-өрт жана коркунуч билдирүүчү сигналдар менен жабдылышы боюнча талаптарга жооп берсе;

7) филиалдын жетекчиси жана башкы бухгалтери төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:

1) жогорку билимге ээ экендигин тастыктаган диплому болууга;

2) акыркы он жыл ичинде банктарда жана/же башка финансы-кредит уюмдарда кеминде эки жыл иш тажрыйбасына ээ болууга.

183. Банктын филиалы Улуттук банктын алдын ала жазуу жүзүндөгү макулдугу менен ачылат:

Филиалды ачуу жана мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө макулдук-катын алуу үчүн Улуттук банкка төмөнкү документтер берилет:

1) филиалды ачылышын макулдашуу өтүнүчү (23-тиркеме);

2) банктын уставына ылайык филиалды ачуу жөнүндө банктын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын чечими (банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн жыйындан толтурулган протоколдун көчүрмөсү же протоколунан көчүрмө);

3) филиал жөнүндө жобо (эки нускада), анда төмөндөгүлөр көрсөтүлүүгө тийиш: "филиал" деген сөздөр кошулган банктын аталышына толук дал келген филиалдын аталышы, юридикалык дареги, филиал жүзөгө ашырууга укуктуу банктык операциялар тизмеги, пландаштырылуучу операциялардын көлөмү жана мүнөзү, филиалдын жетекчисинин ыйгарым укуктары жана иш-милдеттери, башкы банк тарабынан натыйжалуу контролдукту жүзөгө ашыруу каралууга тийиш болгон анын укуктары менен милдеттери;

4) филиалдын жетекчиси жана башкы бухгалтери тууралуу маалымат (24-тиркеме) эмгек китепчесинин көчүрмөсү, кредиттик бюродон маалымкат;

5) жүзөгө ашырууга ыйгарым укук берилген операцияларды жана бүтүмдөрдү көрсөтүү менен филиалдын жетекчисине берилген ишеним каттын банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

6) банктын стратегиялык максаттарына жетишүү жана банктын болжолдонуучу кирешелүүлүгү боюнча филиалдын ишине таасир этүү көз карашынан филиалдын келечектеги ишине баа берүү;

7) филиал жайгашкан жайдын техникалык жактан жабдылышы боюнча белгиленген талаптарга ылайык келүүсү жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн анын корутундусу;

8) банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн филиал жайгаштырылуучу жайга менчик укугун тастыктаган ижара келишиминин же документтин көчүрмөсү.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

184. Талаптагыдай тариздетилген документтерди алган күндөн тартып он жумуш күнү ичинде, ошондой эле баш тартуу үчүн негиз жок болгон шартта Улуттук банк, Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмүнүн ишин түздөн-түз тескөөгө алган Улуттук банктын Төрагасынын орун басарынын/Башкарма мүчөсүнүн колу коюлган макулдашуу катын юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик органга филиалды мыйзамдарда белгиленген тартипте каттоо үчүн негиз болуп саналган "Филиал жөнүндө" жобонун эки нускасын кошо тиркөө менен жөнөтөт.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

185. Жобонун 182 жана 183-пункттарында көрсөтүлгөн талаптар жана шарттар банк тарабынан сакталбагандыгы аныкталган учурда, Улуттук банктын Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү банктын дарегине филиалды ачуу үчүн белгиленген талаптары аткарылбагандыгы жөнүндө кат жөнөтөт.

Банк филиал ачуу боюнча сын-пикирлерди четтеткенден же документтерди жеткире иштеп чыккандан кийин макулдашуу жөнүндө кайра өтүнүч менен кайрылууга укуктуу.

186. Банктын филиалы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан каттоодон өткөртүлгөндөн кийин беш жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө, филиалды мамлекеттик каттоо тууралуу күбөлүктүн банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн жана мамлекеттик каттоо тууралуу белгиси менен "Филиал жөнүндө" жобонун талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен тиешелүү жазуу жүзүндө билдирүү берүүгө милдеттүү.

187. Улуттук банк, банктардын филиалдарынын реестрин электрондук түрдө жүргүзөт.

Реестр, календардык жыл аяктагандан кийин белгиленген тартипте кагаз жүзүндө архивделет.

188. Банк документтерди ушул жобонун 186-пунктунда каралган документтерди сунуштаган күндөн тартып беш жумуш күн ичинде Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү төмөндөгүлөрдү жүзөгө ашырат:

1) банктардын филиалдарынын реестрине жазуу киргизет;

2) банктын филиалын ачуу жана банктардын филиалдарынын реестрине тиешелүү жазууларды киргизилгендиги тууралуу катты филиалдын жетекчисин жана башкы бухгалтерин, ыйгарылган БИКти көрсөтүү менен жөнөтөт;

а) Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө, областтык башкармалыктарына жана өкүлчүлүгүнө;

б) коммерциялык банктарга;

в) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгына.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

189. Банктын филиалы банктардын филиалдарынын реестрине жазуу киргизилгендиги тууралуу Улуттук банктын билдирүүсүн алган күндөн тартып банктык операцияларды жүргүзүүгө укуктуу.

190. Филиалга жаңы жетекчи жана/же башкы бухгалтер дайындалган учурда банк, ал тууралуу Улуттук банкты жазуу жүзүндө билдирүүгө жана филиалдын жетекчиси жана/же башкы бухгалтери жөнүндө маалыматтарды белгиленген форма боюнча (24-тиркемеге ылайык) эмгек китепчесинин көчүрмөсү, кредиттик бюродон маалымкат дайындалган күндөн тартып он жумуш күн ичинде сунуштоого милдеттүү. Билдирүүдө ошондой эле, банктын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын филиалдын жетекчисинин же башкы бухгалтеринин кызмат ордун буга чейин ээлеген адамдын иштен бошотуу, иштен бошотуу (четтетүү) себептери тууралуу чечиминин күнү жана номери боюнча маалымат сунушталууга тийиш.

Филиалдын жетекчиси жана башкы бухгалтери кынтыксыз ишкердик аброй критерийлерине туура келүүгө тийиш. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

191. Анын мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүү талап кылынбаган филиалдын жайгашкан орду өзгөргөн шартта, банк бул тууралуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын филиал жайгашуучу жай техникалык жактан жабдылышы боюнча белгиленген талаптарга жооп бере тургандыгы тууралуу актысын алган күндөн тартып беш жумуш күн ичинде Улуттук банкка жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.

Жобонун ушул пунктунда көрсөтүлгөн билдирүүгө кошумча төмөнкү документтер кошо тиркелүүгө тийиш:

1) банктын уставына ылайык ыйгарым укуктуу башкаруу органынын филиалдын жайгашкан жеринин дарегинин өзгөргөндүгү тууралуу чечими (банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү);

2) ижаралоо келишиминин же жаңы жайга укук белгилөөчү документтин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

3) филиал жайгашкан жайдын техникалык жактан жабдылышы боюнча белгиленген талаптарга ылайык келүүсү жөнүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн анын актысы.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

192. Жобонун 191-пунктунда каралган талаптарды канааттандырган документтерди банк алып келген учурда, Улуттук банк банктардын филиалынын реестрине тийиштүү жазууну киргизип, банктын филиалын жаңы дареги боюнча банктардын филиалынын реестрине киргизүү жөнүндө он күндүн ичинде банктын дарегине кат жөнөтөт.

Банктын филиалы жобонун ушул пунктунда каралган банктардын филиалдар реестрине филиалдын жаңы дареги катталгандыгы жөнүндө Улуттук банктан билдирме алгандан кийин гана жаңы дареги боюнча банк операцияларын жүргүзүүнү баштоого укуктуу.

193. Филиалды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүү зарылчылыгы келип чыккан шартта банк, банктын филиалын мамлекеттик кайра каттоо үчүн макулдук-катын алууга Улуттук банкка өтүнүч-кат жөнөтөт. Өтүнүч катка төмөнкүдөй документтер кошо тиркелүүгө тийиш:

1) банктын уставына ылайык ыйгарым укуктуу башкаруу органынын филиалды мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүү тууралуу чечими филиалына тиешелүү себептерин көрсөтүү менен/кайра каттоо үчүн негиздери менен (банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү) өткөрүү жөнүндө чечим;

2) эгерде жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилүүдө "Филиал жөнүндө" жобонун жаңы редакциясындагы же болбосо киргизилген өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен эки нускасын;

3) ушул жобонун 191-пунктунун 1 жана 2-пунктчаларында каралган документтер - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык анын мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүү талап кылынбаган филиалдын жайгашкан жеринин өзгөртүлгөн учурда,.

194. Талаптагыдай тариздетилген документтерди алган күндөн тартып он жумуш күнү ичинде Улуттук банк, Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмүнүн ишин түздөн-түз тескөөгө алган Улуттук банктын Төрагасынын орун басарынын/башкарма мүчөсүнүн колу коюлган макулдашуу катын юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик органга филиалды мыйзамдарда белгиленген тартипте каттоо үчүн негиз болуп саналган "Филиал жөнүндө" жобонун эки нускасын кошо тиркөө менен жөнөтөт.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

195. "Филиал жөнүндө" жобого сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор банктык мыйзам талаптарына ылайык келбеген учурда, Улуттук банк банктын филиалын мамлекеттик кайра каттоого макулдук-катын берүүдөн баш тартышы мүмкүн.

196. Банктын филиалы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан кайра каттоодон өткөртүлгөндөн кийин беш жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө, филиалды мамлекеттик кайра каттоо тууралуу күбөлүктүн банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн жана мамлекеттик каттоо тууралуу белгиси менен "Филиал жөнүндө" жобонун талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен тиешелүү жазуу жүзүндө билдирүү берүүгө милдеттүү.

197. Банк документтерди ушул жобонун 196-пунктунда каралган документтерди сунуштаган күндөн тартып үч жумуш күн ичинде Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү төмөндөгүлөрдү жүзөгө ашырат:

1) банктардын филиалдарынын реестрине жазууларды киргизет;

2) эгерде филиалдын аталышы, дарегинин анын мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүү талап кылган жайгашкан жери өзгөрүлгөндө, ал тууралуу тиешелүү макулдук-кат жөнөтөт;

а) Улуттук банктын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө, областтык башкармалыктарына жана өкүлчүлүгүнө;

б) коммерциялык банктарга;

в) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгына.

Банктын филиалынын жайгашкан жери өзгөргөн учурда филиал, Улуттук банктын филиалдын жаңы дареги тууралуу жазууну банктардын филиалдарынын реестрине киргизүү жөнүндө билдирүүсүн алган күндөн тартып жаңы дарек боюнча банктык операцияларды ишке ашырууну баштоого укуктуу.

198. Филиалды жабуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып беш жумуш күн ичинде банк Улуттук банкка төмөнкүлөрдү сунуштоого милдеттүү:

1) филиалды жабуу жөнүндө билдирүү (25-тиркеме);

2) банктын Директорлор кеңешинин филиалды жабуу жөнүндө чечими (жыйындан толтурулган протоколунун банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү же протоколунан көчүрмө).

199. Филиалды жабуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып беш жумушчу күндөн кечиктирилбестен банк, бул тууралуу бардык кардарларды билдирүүгө жана аларга банктын аларды тейлей турган жакын арадагы филиалынын жайгашкан жери тууралуу маалымат берүүгө милдеттүү.

200. Банктын филиалынын ишин токтотууну юридикалык жактарды каттоодон өткөрүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарда каттаган күндөн тартып беш жумуш күн ичинде банк бул тууралуу Улуттук банкты жазуу түрүндө билдирет. Билдирүүгө юридикалык жактарды каттоодон өткөрүү боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын филиалдын ишин токтотууну мамлекеттик каттоо тууралуу чечиминин көчүрмөсү кошо тиркелүүгө тийиш.

201. Банк документтерди ушул жобонун 200-пунктунда каралган документтерди сунуштаган күндөн тартып үч жумуш күн ичинде Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү төмөндөгүлөрдү жүзөгө ашырат:

1) банктардын филиалдарынын реестрине жазууларды киргизет;

2) филиалды жабуу жана банктардын филиалдарынын реестрине тиешелүү жазууларды киргизүү чечимин жөнөтөт;

а) Улуттук банктын тийиштүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө, областтык башкармалыктарына жана өкүлчүлүгүнө;

б) коммерциялык банктарга;

в) Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгына кат жөнөтөт.

202. Улуттук банктын тиешелүү банктык лицензиянын негизинде иш алып барган банк өз филиалдарын Улуттук банктын уруксаты менен гана чет өлкөлөрдө ача алат.

203. Чет өлкөдө филиалды ачуу үчүн банк, ушул жобонун 182-пунктунун 1-5 жана 7-пунктчаларында көрсөтүлгөн шарттарды аткарып, ушул жобонун 183-пунктунун 2-6 жана 8-пунктчаларында каралган чет өлкөдө филиалды ачууну макулдашуу жөнүндө өтүнүчтү, филиалды ачуу боюнча документтерди жана маалыматтарды жана ошондой эле кабыл алуучу өлкөдөгү көзөмөл режимине боюнча кошумча маалыматты сунуштоого тийиш.

204. Чет өлкөдө филиалды ачууну макулдашуу жөнүндө банктын өтүнүчү жана кошо тиркелген документтер Улуттук банк тарабынан талаптарды канааттандырган документтерди толук көлөмдө сунуштаган күндөн тартып бир айдын ичинде кароого алынат. Кароого алуунун жыйынтыгы боюнча банктык көзөмөл жана лицензиялоо ишин түздөн-түз тескөөгө алган Улуттук банктын Төрагасынын орун басары/Башкарма мүчөсү банктын чет өлкөнүн аймагында филиалын ачууга уруксат берүү же андан баш тартуу чечимин кабыл алат.

205. Улуттук банк ушул жобонун 182-пунктунда көрсөтүлгөн шарттарды банк тарабынан так сакталбаганда, ушул жобонун 203-пунктунда көрсөтүлгөн документтер берилбегенде, ошондой эле төмөндөгүлөрдү аныктаган учурда банкка чет өлкөдө филиалын ачуудан баш тартышы мүмкүн:

1) кабыл алуучу өлкөдө натыйжалуу жана жетиштүү банктык көзөмөлдү камсыз кылынбаган учурда, ошондой эле консолидацияланган негизде;

2) кабыл алуучу өлкөнүн көзөмөлдөөчү органдары менен маалымат алмашуу мүмкүнчүлүгүн кошо алганда, натыйжалуу кызматташууга мүмкүнчүлүгү жок болгондо.

206. Банктын филиалы чет мамлекеттин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органында эсептик каттоодон өткөндөн кийин банк, он жумушчу күндүн ичинде Улуттук банкка филиалды эсептик каттоо жөнүндө документтин банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн жана эсептик каттоодон өткөндүгү белгиси менен "Филиал жөнүндө" жобонун көчүрмөсүн (эки нускада) кошо тиркөө менен тиешелүү жазуу жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.

207. Кийинчерээк чет өлкөдөгү филиалдан жетекчиси же/жана башкы бухгалтери, филиалдын жайгашкан дареги өзгөрүлгөн шартта, ошондой эле "Филиал жөнүндө жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген учурда жана/же филиал тарабынан ишке ашырылган банктык операциялар тизмегинде өзгөрүүлөр орун алган учурда, банк ал тууралуу банктын ыйгарым укуктуу башкаруу органы тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып беш жумуш күндүн ичинде Улуттук банкка кат жүзүндө билдирет.

Чет өлкөдөгү банктын филиалынын ишинде болжолдонгон өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык келбеген учурда, Улуттук банк ишин Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарына ылайык келтирүү талабын банкка жөнөтүүгө укуктуу.

## 24-глава. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкө банкынын филиалын ачуу тартиби

208. Кыргыз Республикасынын аймагында финансылык бекем абалга кынтыксыз ишкердик абройго ээ болгон чет өлкөлүк банктар, чет өлкөлүк банк катталган өлкөнүн көзөмөл органы менен Улуттук банктын ортосунда кызматташуу жөнүндө келишим түзүлгөн шартта филиалдарын ача алышат.

Чет өлкөлүк банктардын филиалдары Улуттук банктын банктык операцияларды жүргүзүү укугуна тиешелүү лицензиясынын негизинде иш алып барат.

209. Чет өлкөлүк банктын филиалы "филиал" деген сөздү кошуу менен банктын аталышына толук дал келген аталышка ээ болууга тийиш.

210. Чет өлкөлүк банктар өз филиалдарына Улуттук банктын банк капиталына карата талаптарына ылайык келген өлчөмдө кайтарылып алынгыс жана мөөнөтсүз акча каражаттарын бөлүп берет. Чет өлкөлүк банкынын филиалынын капиталы Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарында белгиленген экономикалык ченемдерди эсептөө үчүн негиз болуп саналат жана Улуттук банк тарабынан белгиленген эрежелерге ылайык формада жана өлчөмдө депозит катары Улуттук банкта жайгаштырылат.

211. Кыргыз Республикасынын аймагында филиалын ачып жаткан чет өлкөлүк банк төмөнкү талаптарга жооп берүүгө тийиш:

1) тийиштүү мамлекеттин рыногунда кеминде беш жыл иш алып баруусу;

2) түзүлгөн мамлекеттин борбордук (улуттук) банкынын/көзөмөл органынын ченемдик актыларын так сакташы;

3) банктык операцияларды ишке ашырууга кандайдыр бир чектөөлөрдүн болбошу;

4) төмөнкү кредиттик рейтингдердин бирине ылайык келүүсү:

а) "Standard & Poor's", "Moody's Investors Service", "Fitch-IBCA" (АКШ) рейтингдик агенттиктер тарабынан ыйгарылган "В" категориясынан төмөн болбогон узак мөөнөттүү кредиттик рейтингге же "Capital Intelligence", "Japan Credit Rating Agency (JCR)", "Dominion Bond Rating Service (DBRS)", "Rating & Investment Information (R&I)" рейтингдик агенттиктери тарабынан ыйгарылган ушундай эле кредиттик рейтингге ээ болушу.

Рейтинг тууралуу маалымат жыл сайын жана ар бир өзгөрүү болгондон кийин жыйырма жумуш күнү ичинде Улуттук банкка сунушталууга тийиш. Чет өлкөлүк банкынын жогоруда аталган агенттиктердин бири тарабынан ыйгарылган рейтингинин начарлоо жагына карай өзгөрүлүшү анын филиалына айрым банктык операциялары боюнча чектөөлөрдү киргизүү же уруксатты (лицензияны) кайтарып алуу үчүн негиз болушу мүмкүн. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

212. Филиалды ачууга уруксат (лицензия) алуу үчүн чет өлкөлүк банк Улуттук банкка төмөнкү документтердин түп нускаларын же тиешелүү негизде күбөлөндүрүлгөн алардын кыргыз жана/же орус тилдериндеги көчүрмөлөрүн сунуштоого тийиш, Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык легалдаштырылган төмөндөгү документтерди берет:

1) филиалды ачуу тууралуу өтүнүч (26-тиркемедеги форма боюнча) жана 17-тиркемеде берилген формадагы анкетага жараша маалыматтар:

2) банк ыйгарым укуктуу башкаруу органынын-өтүнүч ээсинин Кыргыз Республикасынын аймагында филиал ачуу тууралуу чечими жана ал жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу болгон операциялар менен бүтүмдөрдү көрсөтүү менен филиалдын жетекчисине берилген ишеним каттын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

3) өтүнүч менен кайрылган банктын уюштуруу документтери;

4) өтүнүч менен кайрылган банктын банк операцияларын жүргүзүү укугуна берилген лицензиясы;

5) өтүнүч менен кайрылган банктын өткөн үч жыл үчүн отчету (консолидацияланган балансты, түшкөн пайда жана кеткен чыгымдар тууралуу отчетту кошо алганда), ал эл аралык абройго ээ аудитордук уюм тарабынан тастыкталган жана күбөлөндүрүлгөн жылдык отчету;

6) банк, анын уюштуруучу түзүмү, жетекчилери (Директорлор кеңешинин (байкоо органынын), Шариат кеңешинин мүчөлөрү, зарыл болгон шартта, башкарманын (аткаруу органынын) мүчөлөрү), акционерлер тууралуу жалпы маалыматтар (5 жана 6-тиркемелердин формасы боюнча - ар бири 2 түп нускада). Эгерде банк топтун бөлүгү болуп саналса, анда ушул топ жана ага кирген компаниялар, алардын негизги иши, ошондой эле алардын акыркы финансылык жыл үчүн финансылык абалы жөнүндө маалыматтар сунушталууга тийиш;

7) филиалдын жакынкы үч жылга карата түзүлгөн жана банктын филиалын түзүү үчүн экономикалык негиздемени камтыган бизнес планы;

8) банктын филиалы жөнүндө жобо, анда филиал жүргүзүүгө укуктуу банк операцияларынын тизмеси жана өтүнүч менен кайрылган банк (чет өлкөлүк банктын башкы офиси) тарабынан филиалга шайкеш көзөмөл жүргүзүүнү камсыз кылуучу жол-жоболор кошо каралууга тийиш;

9) террористик ишти каржылоого жана кылмыш жолу менен алынган кирешелерди легалдаштырууга (изин жашырууга) каршы аракеттенүү жөнүндө саясат жана жол-жоболор;

10) өтүнүч менен кайрылган банктын филиалынын кредиттик саясаты, операциялык саясаты жана башка негизги саясаттары, анда төмөнкүлөр каралган;

а) банк дуушарланышы мүмкүн болгон бардык тобокелдиктерди аныктоо, баа берүү, контролдоо жана мониторинг жүргүзүү жол-жоболору;

б) бардык мүмкүн болгон тобокелдиктерди минималдаштыруу боюнча контролдук чаралар;

в) бекитилген саясатка ылайык маалымат системасын, тобокелдиктерди тескөө системасын жана ички контролдук системасын чагылдыруу;

11) башкы банк түзүлгөн (каттоодон өткөн) өлкөнүн банктык көзөмөл органынын өтүнүч менен кайрылган банк ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген тийиштүү банктык лицензияга жана Кыргыз Республикасынын аймагында филиалды ачуу укугуна башкы банк түзүлгөн (каттоодон өткөн) өлкөнүн банктык көзөмөл органынын макулдугуна ээ экендиги тууралуу жазуу жүзүндөгү тастыктоосу, анда өтүнүч менен кайрылган банкка консолидацияланган негизде көзөмөлдү жүзөгө ашырган банктык көзөмөл органы көрсөтүлөт;

12) филиалдын кызмат адамдарынын Улуттук банк тарабынан ушул жобонун IV бөлүгүнө ылайык келишин тастыктаган маалыматтар;

13) өтүнүч менен кайрылган банктын башкаруунун байкоо жана аткаруу органдарынын жетекчилерин кошо алганда, өтүнүч менен кайрылган банктын ыйгарым укуктуу кызмат адамдарынын койгон кол тамгаларынын үлгүлөрүнүн нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн карточкасы.

Улуттук банк өтүнүч менен кайрылган банк жөнүндө кошумча маалыматтарды жана документтерди берүүнү талап кыла алат.

213. Чет өлкөлүк банктын филиалды ачууга өтүнүчү жана кошо тиркелген документтер Улуттук банк тарабынан талаптарды канааттандырган документтер толук көлөмдө сунушталган күндөн тартып алты айдын ичинде кароого алынат. Эгерде берилген документтер Улуттук банктын талаптарына ылайык келбесе, кароо мөөнөтү Улуттук банктын талаптарына ылайык келген документтердин толук топтому алынган күндөн тартып эсептелинет.

Улуттук банк башкармасы өтүнүчтү кароо мөөнөтүн алты айга узартышы мүмкүн. Өтүнүчтүн кароо мөөнөтүн узартуу чечими Улуттук банк тарабынан мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күн ичинде чет өлкөнүн банкын кат жүзүндө тааныштырылат.

214. Чет өлкөлүк банктын филиалды ачууга өтүнүчү жана кошо тиркелген документтер белгиленген тартипте карап чыгылат, ушул жобонун II бөлүгүнө ылайык банкты ачуу үчүн белгиленген тартипте жобонун ушул главасынын талаптарын эске алуу менен кароого алынат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

215. Чет өлкөлүк банктын филиалы филиал ачууга уруксат (тиешелүү банктык лицензия) берүү байланыштуу же ага тиешелүү болгон бардык өзгөрүүлөр тууралуу Улуттук банкка дароо маалымдоого милдеттүү.

216. Улуттук банк чет өлкөлүк банктын филиалынын банктык лицензиясында чет өлкөлүк банктын филиалы Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашыра ала турган операциялардын тизмегин аныктайт.

217. Чет өлкөлүк банктын филиалына лицензия берүүдөн төмөнкү учурларда баш тартылышы мүмкүн:

1) уюштуруу жана башка документтер Кыргыз Республикасынын банктык мыйзамдарынын талаптарына ылайык келбесе, ошондой эле толук эмес маалыматтар же анык эмес документтер берилген учурда;

2) чет өлкөлүк башкы банк Улуттук банк тарабынан белгиленген кынтыксыз ишкердик аброй жана финансылык туруктуулук критерийлерине ылайык келбесе;

3) чет өлкөлүк башкы банктын анын уюштуруучуларына (акционерлерине) карата коюлган ушул жобонун талаптарына ылайык келбесе;

4) эгерде башкы банк тарабынан бөлүнгөн акча каражаттары белгиленген талаптарга ылайык келбесе;

5) эгерде филиалда кызмат ордун ээлөөгө талапкер адамдар (кызмат адамдары) ушул жободо белгиленген талаптарга ылайык келбесе;

6) эгерде филиалдын жайы жана жабдуулары, ички контролдук системасы, техникалык, маалымат жана коопсуздук системалары белгиленген талаптарга ылайык келбесе;

7) эгерде чет өлкөлүк банк катталган өлкөнүн көзөмөл режими таасирдүү банктык көзөмөлдү, анын ичинде консолидацияланган негизде, ошондой эле маалымат алмашууну кошо алганда, аны менен талаптагыдай кызматташуу жөнгө салынбаса.

218. Улуттук банк лицензия берүү, берүүдөн баш тартуу негиздери жана чет өлкөлүк банктын филиалынан лицензияны кайтарып алуу тууралуу маалыматты расмий басылмаларына жана расмий сайтына жарыялайт.

219. Кыргыз Республикасынын аймагында бир филиалды ачууга уруксатына (лицензиясына) ээ болгон чет өлкөлүк банк кошумча филиалдарын ачууга ниеттенген шартта, Кыргыз Республикасында ар бир филиалын ачуу үчүн Улуттук банктын уруксатын (лицензиясын) өзүнчө алууга тийиш.

220. Башкы банктын (өтүнүч менен кайрылган банктын) аталышын өзгөртүү Кыргыз Республикасынын аймагында анын филиалынын (филиалдарынын) да аталышын өзгөртүүгө алып келет. Банктын аталышы, жайгашкан жери өзгөргөн учурда, филиал ал тууралуу башкы банк тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынган учурдан тартып эки жумуш күн ичинде Улуттук банкты маалымдоого тийиш.

## 25-глава. Банктын өкүлчүлүгүн ачуу тартиби

221. Юридикалык жак болуп саналбаган, банктын таламында өкүлчүлүктү ишке ашырган, ошондой эле Улуттук банктын тиешелүү банктык лицензиясын алууну талап кылбаган банктык операцияларды эске албаганда, анын атынан бүтүмдөрдү же башка уруксат берилген аракеттерди жасаган банктын өзүнчө бөлүмү өкүлчүлүк болуп саналат.

Өкүлчүлүккө банктын мүлкү берилет, ал банк менен бирдиктүү баланска, ошондой эле "өкүлчүлүк" деген сөздү кошуу менен банктын фирмалык (расмий) аталышына толук дал келген аталышка ээ болот.

222. Банктын өкүлчүлүгү тууралуу маалыматтар (аталышы, ал жайгашкан мамлекеттин жана калктуу пункттун аталыштары) банктын уставында камтылууга тийиш. Банк өкүлчүлүктүн ачылышынан/жабылышынан кийин өткөрүлгөн акционерлердин кезектеги жалпы жыйынында банктын уставына сунушталган тиешелүү өзгөртүүлөрдү/толуктоолорду бекитүүгө милдеттүү.

223. Банктын Кыргыз Республикасынын аймагындагы жана анын чегинен тышкары жайгашкан өкүлчүлүгү Улуттук банктын алдын ала уруксаты менен ачылат.

224. Кыргыз Республикасынын аймагында өкүлчүлүктү ачуу жана мамлекеттик каттоодон өткөртүүгө макулдук-кат алуу үчүн Улуттук банкка төмөнкү документтер сунушталат:

1) өкүлчүлүктү ачууну макулдашуу өтүнүчү (27-тиркеме);

2) банктын Директорлор кеңешинин өкүлчүлүктү ачуу жөнүндөгү чечими (жыйындан толтурулган протоколунун банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү же протоколунан көчүрмө) жана өкүлчүлүктүн жетекчисин дайындоо жөнүндө буйрук (аты жөнүн көрсөтүү менен);

3) өкүлчүлүк тууралуу жобо (эки нускада), мында аны түзүүнүн максаты, ачылган күнү, ишинин түрлөрү, жайгашкан жери жана аталышы камтылат.

225. Ушул жобонун 224-пунктуна ылайык тиешелүү түрдө таризделген документтерди алган күндөн тартып он жумуш күнү ичинде Улуттук банк юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик органга Улуттук банктын Төрагасынын банктык көзөмөл жана лицензиялоо ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басарынын/башкарма мүчөсүнүн колу коюлган макулдашуу катын Өкүлчүлүк жөнүндө жобонун эки нускасын тиркөө менен жөнөтөт, бул өкүлчүлүктү мыйзамдарда белгиленген тартипте каттоо үчүн негиз болуп саналат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

226. Банк өкүлчүлүгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда каттоодон өткөндөн кийин беш жумуш күнү ичинде өкүлчүлүктүн мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн банк тарабынан тастыкталган көчүрмөсү жана мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу белги коюлган Өкүлчүлүк жөнүндө жобонун нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү кошо тиркелген тиешелүү билдирүү катты Улуттук банкка сунуштоого тийиш.

227. Улуттук банк Банктардын өкүлчүлүктөрүнүн реестрин электрондук түрдө жүргүзөт.

Календардык жылдын бүтүшүндө реестр белгиленген тартипте кагаз жүзүндө кошумча архивделет.

228. Банк тарабынан ушул жобонун 226-пунктунда каралган документтер сунушталган күндөн тартып үч жумуш күнү ичинде Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:

1) Банктардын өкүлчүлүктөрүнүн реестрине жазууларды киргизет;

2) банк өкүлчүлүгүнүн ачылгандыгы жана реестрге тиешелүү жазуулар киргизилгендиги тууралуу жана жетекчисинин аты-жөнүн көрсөтүлгөн катты:

а) Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө, областтык башкармалыктарына жана өкүлчүлүгүнө;

б) коммерциялык банктарга жөнөтөт.

229. Өкүлчүлүктүн жаңы жетекчиси дайындалса же жайгашкан жери өзгөрсө жана мында мамлекеттик кайра каттоодон өтүү талап кылынбаса банк, чечим кабыл алынган күндөн тартып беш жумуш күнү ичинде Директорлор кеңешинин тиешелүү чечиминин (банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн отурумдун протоколу же протоколдон көчүрмө) жана 27-тиркемедеги форма боюнча жетекчи жөнүндө маалыматтын көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен бул тууралуу Улуттук банкка кат жүзүндө маалымдоого милдеттүү.

230. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык өкүлчүлүктү мамлекеттик кайра каттоо зарыл болгон учурда банк Улуттук банкка банктын өкүлчүлүгүн мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү үчүн макулдук катын берүү тууралуу өтүнүч жөнөтөт. Өтүнүч катка төмөнкү документтер тиркелүүгө тийиш:

1) Директорлор кеңешинин өкүлчүлүктү мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү жөнүндө анын тиешелүү себептери/негиздери көрсөтүлгөн (отурумдун банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн протоколу же протоколдон көчүрмө) чечими;

2) Өкүлчүлүк жөнүндө жобонун жаңы редакциясы же өкүлчүлүктүн жана/же банктын аталышынын, өкүлчүлүктүн мамлекеттик кайра каттоодон өтүшүн талап кылган, анын жайгашкан дарегинин өзгөргөндүгүнө байланыштуу жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген учурда, ошондой эле өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген башка учурларда (жаңы редакциясы бекитилсе) - жобонун өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген редакциясы, эки нускада.

231. Жобонун 230-пунктуна ылайык тиешелүү негизде тариздетилген документтерди алган күндөн тартып он жумуш күнү ичинде Улуттук банк, юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик органга Улуттук банктын төрагасынын банктык көзөмөл жана лицензиялоо ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басарынын/башкарма мүчөсүнүн колу коюлган макулдук катын Өкүлчүлүк жөнүндө жобонун эки нускасын кошо тиркөө менен жөнөтөт. Бул кат өкүлчүлүктү мыйзамдарда белгиленген тартипте кайра каттоо үчүн негиз болуп саналат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

232. Банктын өкүлчүлүгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кайра каттоодон өткөндөн кийин, банк беш жумуш күнү ичинде өкүлчүлүктүн мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн банк тарабынан тастыкталган көчүрмөсү жана мамлекеттик каттоодон өткөндүгү көрсөтүлгөн Өкүлчүлүк жөнүндө жобонун нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү кошо тиркелген тиешелүү билдирүү катты Улуттук банкка сунуштоого тийиш.

Банктын өкүлчүлүгүн жабуу.

233. Өкүлчүлүктү жабуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып беш жумуш күнү ичинде банк Улуттук банкка төмөнкүлөрдү берүүгө милдеттүү:

1) өкүлчүлүктүн жабылышы тууралуу билдирүү;

2) банктын Директорлор кеңешинин өкүлчүлүктү жабуу жөнүндө чечими (банк отурумунан толтурулган протоколдун банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү же протоколдон көчүрмө).

234. Юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда банк өкүлчүлүгүнүн иши токтотулгандыгы мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып беш жумуш күнү ичинде банк Улуттук банкка бул тууралуу кат жүзүндө билдирет. Билдирүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик каттоо органынын өкүлчүлүктүн иши токтотулгандыгын мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө чечиминин көчүрмөсү кошо тиркелүүгө тийиш.

235. Жобонун 234-пунктунда каралган документтер банк тарабынан сунушталган күндөн тартып үч жумуш күнү ичинде Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү:

1) Банктардын өкүлчүлүктөрүнүн реестрине тиешелүү жазууларды киргизет;

2) өкүлчүлүктүн жабылгандыгы жана Банктардын өкүлчүлүктөрүнүн реестрине тиешелүү жазуулар киргизилгендиги тууралуу:

а) Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө, областтык башкармалыктарына жана өкүлчүлүгүнө;

б) коммерциялык банктарга кат жөнөтөт.

Көңүл буруңуздар! 235-пунктта "жана коммерциялык банктар" деген сөздөр жок болгондуктан КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтому менен берилген өзгөртүүлөр киргизилген жок.

236. Улуттук банктын тиешелүү банктык лицензиясынын негизинде иш жүргүзгөн банк чет өлкөлөрдө өз өкүлчүлүктөрүн Улуттук банктын уруксаты менен гана ача алат.

237. Банк чет өлкөдө өкүлчүлүк ачуу үчүн ушул жобонун 224-пунктунун 2-3-пунктчаларында көрсөтүлгөн, чет өлкөдө өкүлчүлүктү ачууну макулдашуу тууралуу өтүнүчүн жана өкүлчүлүктү ачуу боюнча маалыматтарды Улуттук банкка сунуштайт.

238. Чет өлкөдө өкүлчүлүк ачууну макулдашуу жөнүндө банктын өтүнүчү жана кошо тиркелген документтер Улуттук банк тарабынан анын талаптарын канааттандырган документтер толук көлөмдө сунушталган күндөн тартып бир ай ичинде каралат. Кароонун жыйынтыгы боюнча Улуттук банктын Төрагасынын банктык көзөмөл жана лицензиялоо ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басары/башкарма мүчөсү чет өлкөдө банктын өкүлчүлүгүн ачууга уруксат берүү же баш тартуу чечимин кабыл алат.

239. Эгерде өкүлчүлүктүн болжолдонгон иши Кыргыз Республикасынын банктык мыйзам талаптарына каршы келе турган болсо, Улуттук банк чет өлкөдө өкүлчүлүктү ачуудан баш тарта алат.

240. Банктын өкүлчүлүгү чет өлкөнүн ыйгарым укуктуу органынан эсептик каттоосунан өткөндөн кийин, банк он жумуш күнү ичинде Улуттук банкка өкүлчүлүктүн эсептик каттоодон өткөндүгү тууралуу документтин банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн жана Өкүлчүлүк жөнүндө жобонун эсептик каттоодон өткөндүгү көрсөтүлгөн көчүрмөсүн кошо тиркөө менен кат жүзүндө тиешелүү билдирүүнү жөнөтөт.

241. Кийинчерээк өкүлчүлүктүн жайгашкан жери боюнча дареги өзгөргөн, жетекчиси алмашкан, ошондой эле Өкүлчүлүк жөнүңдө жобого өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген жана/же ишке ашырылган бүтүмдөрдүн тизмеси (жүргүзгөн ишинде) өзгөргөн учурда, банктын ыйгарым укуктуу башкаруу органы тарабынан тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып беш жумуш күнү ичинде, банк бул тууралуу Улуттук банкка кат жүзүндө маалымдайт.

Эгерде Кыргыз Республикасынын банктык мыйзам талаптарына банктын чет өлкөдөгү өкүлчүлүгүнүн ишине киргизилүүчү өзгөртүүлөр жана/же толуктоолор ылайык келбесе, Улуттук банк бул өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду жокко чыгарууну банктан талап кылуу менен кошумча маалымат сураганга укуктуу.

## 26-глава. Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкө банкынын өкүлчүлүгүн ачуу тартиби

242. Банктын өкүлчүлүгү тууралуу маалыматтар банктын уставында камтылууга тийиш. Банк акционерлердин өкүлчүлүк ачылгандан/жабылгандан кийин өткөрүлгөн биринчи жалпы жыйынында банктын уставына сунушталган тиешелүү өзгөртүүлөрдү/толуктоолорду бекитүүгө милдеттүү.

243. Чет өлкө банкынын Кыргыз Республикасынын аймагындагы өкүлчүлүгү Улуттук банктын алдын ала уруксаты менен ачылат. Чет өлкө банкынын өкүлчүлүгүнө банктык операцияларды жүргүзүүгө тыюу салынат.

244. Кыргыз Республикасынын аймагында өкүлчүлүк ачууга ниеттенген чет өлкө банкы өкүлчүлүк ачууну макулдашуу жана уруксат берүү тууралуу тиешелүү өтүнүч катты Улуттук банкка сунуштаганга чейин эки ай мурун бул тууралуу Улуттук банкка маалымдоого тийиш.

245. Кыргыз Республикасынын аймагында өкүлчүлүгүн ачуу жана аны мамлекеттик каттоодон өткөрүүгө макулдашуу катын алуу үчүн чет өлкө банкы Улуттук банка төмөнкү документтерди сунуштайт:

1) өкүлчүлүктү ачууга макулдашуу боюнча өтүнүч (28-тиркеме);

2) өтүнүч менен кайрылган банктын уюштуруучу документтеринин нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

3) өкүлчүлүк жүргүзүүчү иштин түрлөрүнүн тизмеси камтылган, Өкүлчүлүк жөнүндө жобо (эки нускада);

4) ыйгарым укуктарын көрсөтүү менен өкүлчүлүктүн жетекчисине берилген ишеним кат;

5) тиешелүү мамлекеттин банктык көзөмөл органынын өтүнүч менен кайрылган банктын банк ишин жүргүзүүгө берилген лицензияга ээ экендигин кат жүзүндө тастыктоосу;

6) өтүнүч менен кайрылган банктын жетекчилеринин кол тамгаларынын үлгүлөрү чагылдырылган нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн карточкалар (банктын байкоочу жана аткаруу органдарынын төрагалары);

7) өтүнүч менен кайрылган банктын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын Кыргыз Республикасынын аймагында өкүлчүлүгүн ачуу жөнүндө чечими;

8) өтүнүч менен кайрылган банктын аудитордук уюм тарабынан тастыкталган, акыркы финансылык жыл үчүн жылдык отчету (консолидацияланган балансты, тапкан пайда жана кеткен чыгым тууралуу отчетту кошо алганда);

9) өтүнүч менен кайрылган банктын банктык операцияларды жүргүзүү укугуна лицензияларынын тиешелүү негизде күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү.

246. Ушул жобонун 245-пунктуна ылайык тиешелүү түрдө таризделген документтерди алгандан кийинки бир ай ичинде Улуттук банк Төраганын банктык көзөмөл жана лицензиялоо ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басарынын/башкарма мүчөсүнүн колу коюлган макулдашуу катты Өкүлчүлүк жөнүндө жобонун эки нускасын кошо тиркөө менен юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын дарегине жөнөтөт, бул өкүлчүлүктү мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн негиз болуп саналат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

247. Улуттук банк чет өлкө банкынын өкүлчүлүгүн ачууга төмөнкү себептерден улам уруксат берүүдөн баш тарта алат:

1) сунушталган документтер белгиленген талаптарга жооп бербесе;

2) банк оффшордук аймактарда, ошондой эле жеңилдетилген салык режими киргизилген жана (же) банктык көзөмөл органдарына маалыматтардын ачыкка чыгарылышы жана (же) сунушталышы каралбаган мамлекеттерде же аймактарда катталган болсо;

3) банк отчеттук күнгө карата күндөлүк зыян тартууларга дуушар болгон болсо.

248. Банктын өкүлчүлүгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мамлекеттик каттоодон өткөндөн кийин банк, беш жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө, өкүлчүлүк мамлекеттик каттоодон өткөндүгү тууралуу күбөлүктүн банк тарабынан тастыкталган көчүрмөсүн жана Өкүлчүлүк жөнүндө жобонун мамлекеттик каттоодон өткөндүгү көрсөтүлгөн, нотариалдык түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн Улуттук банкка берүүгө милдеттүү.

249. Банк тарабынан ушул жобонун 248-пунктунда каралган документтер сунушталган күндөн тартып үч жумуш күнү ичинде Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү төмөндөгүлөрдү жүзөгө ашырат:

1) Банктын өкүлчүлүктөрүнүн реестрине жазууларды киргизет;

2) банктын өкүлчүлүгүнүн ачылгандыгы жана Банктардын өкүлчүлүктөрүнүн реестрине тиешелүү жазуулар киргизилгендиги тууралуу жана жетекчисинин аты-жөнүн көрсөтүлгөн катты төмөнкүлөргө жөнөтөт;

а) Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө, областтык башкармалыктарына жана өкүлчүлүгүнө;

б) коммерциялык банктарга;

3) Кыргыз Республикасынын аймагында чет өлкө банкынын өкүлчүлүгүнүн ачылышы тууралуу жалпыга маалымдоо каражаттарына жана Улуттук банктын расмий сайтына жарыялайт.

250. Банк өкүлчүлүгү өз ишин Улуттук банктын ушул жобонун 249-пунктунун "б" пунктчасында көрсөтүлгөн, Банктардын өкүлчүлүктөрүнүн реестрине жазуулардын киргизилгендиги тууралуу билдирүүсүн алгандан кийин баштоого укуктуу.

251. Өкүлчүлүктүн жаңы жетекчиси дайындалса же өкүлчүлүктүн жайгашкан жери өзгөрсө жана мында мамлекеттик кайра каттоодон өтүү талап кылынбаса, банк чечим кабыл алынган күндөн тартып беш жумуш күнү ичинде чет өлкө банкынын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын тиешелүү чечиминин (банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн отурумдун протоколу же протоколдон көчүрмө) жана 28-тиркемедеги форма боюнча жетекчи жөнүндө маалыматтын көчүрмөлөрүн кошо тиркөө менен Улуттук банкка кат жүзүндө маалымдоого милдеттүү.

252. Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык чет өлкө банкынын өкүлчүлүгүн мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүү зарыл болгон учурда банк Улуттук банкка банктын өкүлчүлүгүн мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү үчүн макулдук катын берүү тууралуу өтүнүч жөнөтөт. Өтүнүч катка төмөнкү документтер тиркелүүгө тийиш:

1) банктын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын өкүлчүлүктү мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүүнүн тиешелүү себептери/негиздери көрсөтүлгөн (чечимдин банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү) чечими;

2) Өкүлчүлүк жөнүндө жобонун жаңы же өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилген редакциясы, эки нускада.

253. Жобонун 252-пунктуна ылайык тиешелүү негизде тариздетилген документтерди алган күндөн тартып бир ай ичинде Улуттук банк, юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укук чегерилген мамлекеттик органга Улуттук банктын төрагасынын банктык көзөмөл жана лицензиялоо ишин түздөн-түз тескөөгө алган орун басарынын/башкарма мүчөсүнүн колу коюлган макулдук катын Өкүлчүлүк жөнүндө жобонун эки нускасын кошо тиркөө менен жөнөтөт. Бул кат чет өлкө банкынын өкүлчүлүктү мыйзамдарда белгиленген тартипте кайра каттоо үчүн негиз болуп саналат.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

254. Чет өлкө банкынын өкүлчүлүгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кайра каттоодон өткөндөн кийин, банк беш жумуш күнү ичинде өкүлчүлүктүн мамлекеттик кайра каттоодон өткөндүгү жөнүндө күбөлүктүн банк тарабынан тастыкталган көчүрмөсү жана мамлекеттик каттоодон өткөндүгү көрсөтүлгөн Өкүлчүлүк жөнүндө жобонун нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү кошо тиркелген тиешелүү билдирүү катты Улуттук банкка сунуштоого тийиш.

255. Өкүлчүлүктү жабуу жөнүндө чечим кабыл алынган күндөн тартып беш жумуш күнү ичинде банк Улуттук банкка төмөндөгүлөрдү берүүгө милдеттүү:

1) Өкүлчүлүктү жабуу жөнүндө билдирүү;

2) чет өлкө банкынын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын өкүлчүлүктү жабуу жөнүндө чечими (чечимдин банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү).

256. Юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда чет өлкө банкынын өкүлчүлүгүнүн иши токтотулгандыгы мамлекеттик каттоодон өткөн күндөн тартып беш жумуш күнү ичинде банк, Улуттук банкка бул тууралуу кат жүзүндө билдирет. Билдирүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик каттоо органынын өкүлчүлүктүн иши токтотулгандыгын мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө чечиминин көчүрмөсү кошо тиркелүүгө тийиш.

257. Жобонун 256-пунктунда каралган документтер банк тарабынан сунушталган күндөн тартып үч жумуш күнүн ичинде Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү:

1) Банктардын өкүлчүлүктөрүнүн реестрине тиешелүү жазууларды киргизет;

2) төмөнкүлөргө өкүлчүлүктүн жабылгандыгы жана Банктардын өкүлчүлүктөрүнүн реестрине тиешелүү жазуулар киргизилгендиги тууралуу кат жөнөтөт:

а) Улуттук банктын тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрүнө, областтык башкармалыктарына жана өкүлчүлүгүнө

б) коммерциялык банктарга.

## 27-глава. Банктын аманат жана көчмө кассаларын ачуу

258. Банк Кыргыз Республикасынын аймагында банктык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо максатында аманат кассаларын жана/же көчмө кассаларды ача алат.

Аманат кассасы - бул банктын башкы офисине же филиалына караштуу болгон банктын обочолонгон түзүмдүк бөлүмү, ал техникалык жактан чыңдоо жагында белгиленген талаптарга ылайык жабдылган, банк ижарага алган же менчик укугу боюнча ага тиешелүү болгон стационардык жайда жайгаштырылып, банктык операциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрүн жүзөгө ашырат. Көчмө касса - бул, банктын башкы офисине же филиалына караштуу болгон түзүмдүк бөлүм, ал техникалык жактан чыңдоо жагында белгиленген талаптарга ылайык жабдылган, банк ижарага алган же менчик укугунда ага тиешелүү болгон стационардык жайлардын бирине же бир канчасына башкы офистен/филиалдан баруу аркылуу, жүгүртүү каражаттарынын жобонун ушул главасында белгиленген чектүү суммасынын чегинде банктык операциялардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн айрым түрлөрүн жүзөгө ашырат. Сактык жана көчмө кассаларынын ишин убактылуу токтотуу жана кайра баштоо, аларды ачуу жана жабуу үчүн каралган эрежелерге ылайык ишке ашырылат. Бир даректе бирден көп сактык кассасын ачууга тыюу салынат. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

259. Улуттук банк банктардын аманат жана көчмө кассаларынын реестрин электрондук түрдө жүргүзөт.

Реестр, календардык жылдын акырында белгиленген тартипте кагаз жүзүндө кошумча архивделет.

260. Банктын аманат жана көчмө кассалары уставга ылайык банктын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын чечиминин негизинде ачылат жана жабылат.

261. Аманат/көчмө кассалар банктын банк операцияларын жүргүзүү укугуна берген лицензиясында көрсөтүлгөн операциялар боюнча чектөөлөр болбосо, ушул жобонун 262 жана 272-пункттарында көрсөтүлгөн операцияларды жүргүзүүгө укуктуу.

262. Аманат кассасы тиешелүү лицензиясы болгон шартта, ага берилген ишеним каттын чегинде төмөнкү операцияларды жүргүзүүгө укуктуу:

1) жеке адамдарды тейлөө:

а) типтүү депозит келишимине ылайык жеке адамдардан депозиттерди кабыл алуу;

б) бюджетке төлөмдөрдү жана сунушталган кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөрдү кабыл алуу;

в) пенсияларды жана жөлөк пулдарды берүү;

г) мамлекеттик баалуу кагаздарды сатып алуу жана сатуу;

д) нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү;

е) аралыкта орнотулган тиешелүү жабдуулары болгон шартта, (терминал, банкомат, автоматташтырылган тейлөө терминалы, же банктык төлөм карттарын кабыл алуу же тейлөө боюнча техникалык инфраструктураны түзгөн башка жабдуулар), банктык төлөм карттары боюнча операцияларды жүргүзүү;

ж) жеке адамдар үчүн акча которууларды жүргүзүү;

з) алынган кредиттерди төлөөнүн эсебине банк кардарларынан төлөмдөрдү кабыл алуу;

и) банктын башкы офисинде же филиалдарында бекитилген кредиттер боюнча акча каражаттарынын берилиши;

к) электрондук акча менен операцияларды жүргүзүү.

2) юридикалык жакты түзүүсүз, эсеп ачуусуз эле юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди төмөнкү операциялар боюнча тейлөө:

а) Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөмдөрдү нак акча каражаттары менен кабыл алуу;

б) коммуналдык кызмат көрсөтүүлөргө төлөөлөрдү кабыл алуу;

в) эсептешүү-кассалык тейлөө;

г) электрондук акчалар менен операцияларды жүргүзүү.

3) Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 2-мартындагы N 5/6 токтому менен бекитилген белгилүү бир критерийлерге жооп берген, кредиттерди атайын классификациялоону колдонуу тартибинин 2-пунктундагы критерийлерге туура келген кредиттерди берүү боюнча (ислам принциптерине ылайык каржылоо);

4) консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

263. Банк, банктын ыйгарым укуктуу башкаруу органы сактык кассасын ачуу жөнүндө чечим кабыл алган жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан сактык касса жайгашкан жайдын белгиленген техникалык бекемдөө талаптарына жооп бергендиги тууралуу актыны алгандан тартып беш жумуш күнүнөн кечиктирбеген мөөнөттө, Улуттук банкка сактык кассанын ачылгандыгы тууралуу кат жүзүндө билдирет.

Жобонун ушул пунктунда каралган билдирүүгө кошумча Улуттук банкка тиешелүү түрдө бекитилген жана күбөлөндүрүлгөн төмөнкү документтер берилүүгө тийиш:

1) аманат кассасы ачылгандыгы жөнүндө (29-тиркемедеги форма боюнча) анын жетекчисинин аты-жөнү көрсөтүлгөн билдирме;

2) банктын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын аманат кассасын ачуу жөнүндөгү чечими (банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү);

3) ижара келишими же аманат кассасы жайгашкан жайга банктын менчик укугун тастыктаган документ (банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмө);

4) аманат кассасы жайгашкан жайдын белгиленген техникалык чыңдоо талаптарына жооп берээри тууралуу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү кызмат адамынын кол тамгасы жана мөөрү менен күбөлөндүрүлгөн актысы.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

264. Банктын аманат кассасы жобонун ушул главасына ылайык милдеттүү түрдө Улуттук банкта катталууга тийиш.

Улуттук банктын Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү ушул жобонун 263-пунктунда көрсөтүлгөн тиешелүү документтерди алган учурдан кийинки он жумуш күнүнөн кечиктирбеген мөөнөттө аманат кассаларын каттоого тийиш. Улуттук банктын Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү аманат кассаларды каттоо учурунда, аларга каттоо номерин ыйгаруу менен алар банктардын аманат кассаларынын реестрине киргизилгендиги жөнүндө банкка кат жөнөтөт.

265. Улуттук банктан каттоодон өтүү аманат кассалардын ишин баштоо үчүн негиз болуп саналат.

Каттоодон өткөндүгү тууралуу катты алганга чейин аманат кассасы операцияларды жүргүзүүгө укугу жок.

266. Аманат кассасынын жетекчиси банк башкармасынын төрагасынын буйругу менен дайындалып, белгиленген тартипте берилген ишеним каттын чегинде иш алып барат. Ишеним катта аманат кассасы жетекчиси банк атынан жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу болгон операциялардын тизмеги берилиши зарыл.

Улуттук банк төмөнкү учурларда аманат кассасынын жетекчисин алмаштырууну банктан талап кылууга укуктуу:

1) ага карата соттун финансы-кредит системасында иштөөгө тыюу салган айыптоо өкүмү чыгарылган болсо;

2) экономика, финансы жана банк иш чөйрөсүндө кылмыштуулукка, ошондой эле кызматтык кылмыштуулукка жол бергендиги үчүн ага карата айыптоо өкүмү чыгарылган болсо;

3) жөнгө салуучу органдардын ал жоопкерчиликтүү болгон иш чөйрөсүндө финансылык же административдик көйгөйлөрдүн орун алгандыгын тастыктаган материалдары болсо.

267. Улуттук банктын Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү тапшырылган документтер коюлган талаптарга жооп бербеген шартта жана банк ишинде ушул жобонун 262-пунктунда көрсөтүлгөн операциялар боюнча чектөөлөр болгон болсо банктын аманат кассаларын каттоодон баш тартууга укуктуу.

268. Сактык кассасынын дареги өзгөргөн учурда банк, банктын ыйгарым укуктуу башкаруу органы сактык кассасынын дарегин өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алган жана ыйгарым укуктуу органдын сактык кассасынын жайлары белгиленген техникалык бекемдөө талаптарына ылайык келе тургандыгы тууралуу актысын алган күндөн тартып үч жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөт ичинде, ушул жобонун 263-пунктунун 3 жана 4-пунктчаларында каралган документтерди жана банктын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын сактык кассасынын дарегин өзгөртүү чечиминин банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн кошо тиркөө менен Улуттук банкка кат жүзүндө билдирүүгө милдеттүү.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

269. Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү ушул жобонун 268-пунктунда көрсөтүлгөн тиешелүү документтерди алган учурдан кийинки он жумуш күнүнөн кечиктирбестен аманат кассаларын жаңы дарек менен каттоого тийиш жана банкка Банктардын аманат кассаларынын реестрине маалыматтын киргизилгендиги тууралуу кат жиберет.

Аманат кассасынын жаңы дарек боюнча каттоодон өткөндүгү тууралуу катты алганга чейин аманат кассасы операцияларды жаңы дарек менен жүргүзүүгө укугу жок.

270. Аманат кассасынын ведомствого караштуулугу өзгөргөн учурда банк мындай чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө аманат кассасынын ведомствого караштуулугун өзгөртүү тууралуу ыйгарым укуктуу органдын чечиминин банк тарабынан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн кошо тиркөө менен Улуттук банкка билдирүүгө милдеттүү.

271. Улуттук банктын жооптуу түзүмдүк бөлүмү ушул жобонун 270-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди алган күндөн тартып он жумуш күнүнөн кечиктирбестен ведомствого караштуулугу боюнча тиешелүү өзгөртүүлөрдү Аманат кассаларынын реестрине киргизет жана банкка аманат кассаларынын ведомствого караштуулугу өзгөргөндүгүнө байланыштуу алардын каттоо номеринин да өзгөргөндүгү тууралуу кат жиберет.

272. Банктын тиешелүү лицензиясы болгон шартта, көчмө кассалар, берилген ишеним каттын чегинде төмөнкү операцияларды жүргүзгөнгө укуктуу:

1) жеке адамдарды тейлөө:

а) бюджетке төлөмдөрдү жана сунушталган кызмат көрсөтүүлөр үчүн төлөөлөрдү кабыл алуу;

б) жеке адамдар үчүн акча которууларды жүзөгө ашыруу;

в) алынган кредиттерди төлөө эсебине банк кардарларынан төлөмдөрдү кабыл алуу;

г) банктын тиешелүү лицензиясы болгон шартта, нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү;

д) аралыкта орнотулган тиешелүү жабдуулары болгон шартта, (терминал, банкомат, автоматташтырылган тейлөө терминалы, же банктык төлөм карттарын кабыл алуу же тейлөө боюнча техникалык инфраструктураны түзгөн башка жабдуулар), банктык төлөм карттары боюнча операцияларды жүргүзүү;

е) пенсияларды жана жөлөк пулдарды берүү;

ж) банктын башкы офисинде же филиалдарында бекитилген кредиттер боюнча акча каражаттарын ушул жобонун 273-пунктунда белгиленген жалпы лимиттин чегинде берүү;

з) электрондук акча менен операцияларды жүргүзүү;

2) юридикалык жакты түзүүсүз, эсеп ачуусуз эле юридикалык жактарды жана жеке ишкерлерди төмөнкү операциялар боюнча тейлөө:

а) Кыргыз Республикасынын бюджетине төлөмдөрдү нак акча каражаттары менен кабыл алуу;

б) банктын тиешелүү лицензия болгон шартта, нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү;

в) электрондук акча менен операцияларды жүргүзүү;

3) консультациялык кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо.

273. Көчмө кассанын ишин жүргүзүүгө байланыштуу келип чыгышы мүмкүн болгон тобокелдиктерди азайтуу максатында, кассада турууга тийиш болгон нак акча каражаттарынын жалпы суммасы 2000000,00 (эки миллион) сомдон ашпоого тийиш. Бул суммадан ашкан акча каражаты көчмө касса бекитилген банктын филиалынын кассасына, же болбосо банктын жакын жайгашкан аманат кассасына инкассацияланып, ал боюнча тиешелүү акт түзүлүүгө тийиш.

Кассада калган акча каражаттарынын калдыгы 500000 сомдон ашпаган көчмө кассаларга карата касса жайларын техникалык жактан чыңдоо талаптары коюлбайт. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2021 жылдын 25-августундагы № 2021-П-12/47-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

274. Банк көчмө кассаны ачуу чечими кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күнү ичинде банктын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын чечиминин тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн кошо тиркөө менен Улуттук банкка кат жүзүндө маалымдайт.

275. Банк, көчмө кассанын дареги өзгөргөн шартта, үч жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөттө анын жаңы дарегин көрсөтүү менен Улуттук банкка бул тууралуу маалымдоого милдеттүү.

276. Банк жетекчилиги алар тарабынан ачылып жаткан аманат/көчмө кассанын ишине толугу менен жооп берет.

277. Банк аманат/көчмө кассаларынын жабылгандыгы (ишин токтоткондугу) тууралуу тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып үч жумуш күнүнөн кечиктирбестен, банктын ыйгарым укуктуу башкаруу органынын чечиминин тиешелүү түрдө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн кошо тиркөө менен Улуттук банкка кат жүзүндө маалымдайт.

Банк, билдирмеде чагылдырылган маалыматтардын аныктыгы үчүн жооп берет. Билдирмени бербей койгондугу же белгиленген мөөнөттөрдү бузуу менен бергендиги үчүн Улуттук банк банкка карата тиешелүү мыйзам актыларында каралган таасир этүү чараларды колдонууга укуктуу.

278. Улуттук банк текшерүүгө ыйгарым укугун тастыктаган тиешелүү документти көрсөтүү аркылуу аманат жана көчмө кассалардын ишин текшерүүгө укуктуу. Аманат/көчмө кассалар тарабынан Улуттук банк белгилеген операцияларды жүргүзүү тартибин бузууга жол берилген шартта, Улуттук банк аныкталган кемчиликтер жөнүндө банк жетекчилигине билдирүү менен аларды четтетүү мөөнөтүн белгилейт. Кемчиликтердин түрүнө жараша банкка карата мыйзам актыларына жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларына ылайык чаралар жана санкциялар колдонушу мүмкүн.

279. Аманат жана көчмө кассаларда операцияларды жүргүзүү тартиби жана шарттары банктын ыйгарым укуктуу башкаруу органдары тарабынан бекитилген "Банктын аманат кассасы жөнүндө" жана "Банктын көчмө кассасы жөнүндө" типтүү жоболордо камтылууга тийиш. Аманат жана көчмө кассалары тарабынан операцияларды жүргүзүүнүн жалпы шарттары ачык айкын маалымат болуп саналат жана эч кандай коммерциялык же банктык сырды камтыбайт. Аманат/көчмө кассалардын иш ыргагы, кызматкерлеринин саны жана аткаруучу милдеттеринин чөйрөсү банк жетекчилиги тарабынан бекитилген, ички тартип эрежелерине ылайык белгиленет.

280. Аманат жана көчмө кассалар акча каражаттарын жана документтерди сактоо үчүн темир шкафтар менен жабдылууга тийиш.

281. Аманат жана көчмө кассалары тарабынан нак чет өлкө валюталары менен алмашуу операциялары жүргүзүлгөн учурда, алар акча белгилеринин аныктыгын текшерген техникалык каражаттары (ультра кызгылт лампа-детектор, чоңойтуп көрсөткөн каражат ж.б.) телефон менен жабдылууга тийиш. Алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби Улуттук банк Башкармасынын 2000-жылдын 30-ноябрындагы токтому менен бекитилген, "Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобого ылайык ишке ашырылат.

282. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомуна ылайык күчүн жоготту)

283. Ар бир аманат жана көчмө кассаларында кардарлар үчүн көрүнүктүү жерде төмөнкү маалыматтар илинүүгө тийиш:

1) көрнөктө милдеттүү түрдө көрсөтүлүүгө тийиш болгон банктын аталышы банктын уставында көрсөтүлгөн аталышка дал келүүгө тийиш. Банктын аталышынан кийин ошол эле жерде майда тамгалар менен аманат кассасынын каттоо номери көрсөтүлүшү зарыл (№ ­\_\_ аманат кассасы);

2) аманат/көчмө кассалардын иш ыргагы;

3) кардарлар үчүн маалыматтар жана аларды тейлөө тартиби.

284. Аманат кассасы кеминде депозиттер боюнча пайыздык чендер, нак чет өлкө валюталарын сатып алуу, сатуу жана алмашуу курстары жөнүндө маалыматтар чагылдырылган стенд менен жабдылууга тийиш (өлчөмү кеминде 40x60 см).

285. Иш күнүнүн акырында көчмө кассасынын бардык акча каражаттары, бардык документтери жана банкка тиешелүү мөөр жана башка баалуулуктар көчмө касса ага тиешелүү болгон банктын филиалына же болбосо жакын жайгашкан аманат кассасына тапшырылууга тийиш. Албетте ал жай техникалык жабдылышы жагынан белгиленген талаптарга ылайык келген болсо. Бул тууралуу тиешелүү акт түзүлөт.

286. Көчмө кассалардын ишин жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон акча каражаттарын ташып жеткирүү шарттары жана тартиби банк мыйзам актыларынын жана Улуттук банктын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын негизинде иштелип чыккан, каражаттарды ташып жеткирүү тартибин жөнгө салган банктын ченемдик актысында чагылдырылууга тийиш.

## 28-глава. Алмашуу пункттарын жана кардарларды тейлөө пункттарын ачуу

(Главанын аталышы КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

287. Банк Кыргыз Республикасынын аймагында алмашуу пункттарын жана кардарларды тейлөө пункттарын ача алат.

Банк, чет өлкө валютасында банктык операцияларды жүргүзүүгө укук берген банктык лицензияга ылайык, Кыргыз Республикасынын аймагында нак чет өлкө валютасын алмашуу операцияларын жүргүзүү боюнча кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоо максатында, алмашуу пункттарын ача алат. Банк, башкы офистен өзүнчө, сыртта жайгашкан филиалдарды, сактык кассаларын, ошондой эле консультация берүүгө жана банк тарабынан сунушталуучу банктык кызмат көрсөтүүлөр боюнча билдирмелерди кабыл алууга гана жана башкы офиске, банктын филиалына гана караштуу кардарларды тейлөө пункттарын ачууга укуктуу. Банк жетекчилиги алар тарабынан ачылып жаткан алмашуу пункттарынын жана кардарларды тейлөө пункттарынын иши жана алардын Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарына ылайык келүүсү үчүн толугу менен жоопкерчилик тартат. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

288. Банктын алмашуу пункту банктын буйругунун негизинде ачылат. Алмашуу пункту өз ишин "Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү тартиби жөнүндө" жобого ылайык уюштурат.

Кардарларды тейлөө пункту банктын аткаруу органынын чечиминин негизинде ачылат. Банкта милдеттүү түрдө кардарларды тейлөө пунктун ачуу жана ишкердигин жүргүзүү тартибин жөнгө салган ички документ болууга тийиш. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

289. Банк, алмашуу пунктун же кардарларды тейлөө пунктун ачуу тууралуу чечим кабыл алган учурдан тартып үч жумуш күнү ичинде алмашуу пунктунун жана/же кардарларды тейлөө пунктунун дарегин көрсөтүү менен бул тууралуу Улуттук банкка кат жүзүндө маалымдайт.

Билдирүүгө, алмашуу пунктун/кардарларды тейлөө пунктун ачуу жөнүндө ыйгарым укуктуу органдын буйругу/чечими кошо тиркелүүгө тийиш. Алмашуу пунктунун/кардарларды тейлөө пунктунун иши банктын аткаруу органынын чечиминин негизинде токтотулат. Банк, алмашуу пунктунун/кардарларды тейлөө пунктунун ишин токтотуу тууралуу чечим кабыл алынган күндөн кийинки үч жумуш күнүнөн кечиктирбестен Улуттук банкка аны жабуу жөнүндө кат жүзүндө билдирет. Билдирмеде алмашуу пунктунун/кардарларды тейлөө пунктунун дареги көрсөтүлүүгө тийиш. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

290. Алмашуу пунктунун/кардарларды тейлөө пунктунун дареги өзгөргөн учурда банк 3 (үч) жумуш күнүнөн ашпаган мөөнөт ичинде алмашуу пунктунун/кардаларды тейлөө пунктунун жаңы дареги тууралуу Улуттук банкка кат жүзүндө маалымдоого милдеттүү.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

291. Улуттук банк банктын алмашуу пунктунун/кардарларды тейлөө пунктунун ишин алдын ала эскертүүсүз, текшерүү үчүн негиз болгон тиешелүү документти көрсөтүү менен текшерүүгө укуктуу.

Алмашуу пункту Улуттук банк тарабынан белгиленген алмашуу операцияларын жүргүзүү тартибин бузган учурда, Улуттук банк аныкталган бузууга жол берүүлөр тууралуу банктын жетекчилигине билдирет жана бузууга жол берүүнүн түрүнө жараша аларды жоюу мөөнөтүн белгилейт жана/же мыйзам талаптарына жана Улуттук банктын ченемдик актыларына ылайык тиешелүү чараларды жана санкцияларды колдонушу мүмкүн. Эгерде кардарларды тейлөө пункту Улуттук банк тарабынан аныкталган талаптарды бузууга жол берсе, Улуттук банк аныкталган бузууга жол берүүлөр тууралуу банктын жетекчилигине билдирет жана кардарларды тейлөө пунктун жабуу талабын кошо алганда, мыйзам талаптарына жана Улуттук банктын ченемдик актыларына ылайык тиешелүү чараларды жана санкцияларды колдонушу мүмкүн. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

292. Алмашуу пункттарынын иштөө шарттары жана тартиби:

1) банктын, соода уюмунун, мейманкананын, аэропорттун жана башкалардын жайларында жайгашкан алмашуу пункттарынын касса жайлары персоналдар менен кардарлардан өзүнчө жайгаштырылууга, ал эми кардарларды тейлөө иши кассалык терезе аркылуу гана жүзөгө ашырылууга тийиш;

2) өзүнчө бир жайды, турак жай болуп саналбаган имараттарда өзүнчө эшиги менен жайды же турак жайдагы батирди ижарага алган же ээлеген банктын алмашуу пункттарынын жайларында эшиктер менен терезелер металл торлор менен тосулууга тийиш. Кардарларды тейлөө касса терезеси аркылуу гана жүргүзүлүүгө тийиш;

3) алмаштыруу пункттарында акчаларды жана документтерди сактоо үчүн металл шкафтардын болушу зарыл. Кассирлердин өз акчалары, сырткы кийимдери жана башка буюмдары кассалардан тышкары жайгаштырылган атайын бөлүнгөн бөлмөлөрдө же шкафтарда сакталууга тийиш;

4) алмашуу пункттары акча белгилеринин аныктыгын аныктоо үчүн техникалык каражаттар (ультракызгылт көк лампа-детектору, лупа ж.б.) жабдылууга тийиш;

5) нак чет өлкө валюта менен алмашуу операцияларын жүргүзгөндө алмашуу пункттары алар жайгашкан жерге көз карандысыз түрдө салык органдарында катталган фискалдык маалыматы бар контролдоо-кассалык аппараттарды же фискалдык карталар менен жабдылган компьютерлерди колдонууга тийиш;

6) Улуттук банк Башкармасы тарабынан 2000-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган № 42/2 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасында нак чет өлкө валютасы менен алмашуу операцияларын жүргүзүү укугуна лицензия берүү тартиби жөнүндө" жобого карата 8 жана 9-тиркемелерге ылайык, кардарлар үчүн маалыматтар жана аларды тейлөөгө алуу тартиби кардарлар үчүн көрүнүктүү жерде жайгаштырылууга тийиш.

292-1. Кардарларды тейлөө пунктунун иштөө шарттары: Ар бир кардарларды тейлөө пункттарында кардарлар үчүн көрүнүктүү жерде төмөнкү маалымат болушу зарыл:

1) банктын көрнөктө милдеттүү түрдө көрсөтүлүүгө жана банктын уставында көрсөтүлгөн аталышына шайкеш келүүгө тийиш болгон аталышы;

2) ошол кардарларды тейлөө пункту сунуштай алган кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмегин кошо тиркөө менен кардарлар үчүн маалымат жана аларды тейлөө тартиби;

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

293. Алмашуу пункттарындагы иштөө режими, кызматкерлердин саны, кызматтык милдеттери банк Башкармасынын Төрагасы тарабынан бекитилген ички тартип эрежелерине ылайык белгиленет.

294. Алмашуу пункту кеминде нак чет өлкө валютасын сатып алуу, сатуу жана алмашуу курстары тууралуу маалыматтарды камтыган такта (стенд) (кеминде 40x60 см өлчөмүндө) менен жабдылышы зарыл.

Ар бир алмашуу пунктунда ар бир кардар үчүн көрүнүктүү жерде төмөндөгү маалымат илинип турууга тийиш:

1) Көрнөктө милдеттүү түрдө көрсөтүлгөн банктын аталышы банктын уставындагы аталышка дал келүүгө тийиш. Банктын аталышынан кийин алмашуу пунктунун каттоо номери майда шрифт менен көрсөтүлүүгө тийиш (№ \_\_\_ алмашуу пункту);

2) алмашуу пунктунун иштөө режими;

3) кардарлар үчүн маалымат жана аларды тейлөө тартиби.

## VI БӨЛҮМ. УСТАВГА СУНУШТАЛГАН ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ ЖАНА ТОЛУКТООЛОРДУ МАКУЛДАШУУ

## 29-глава. Жалпы жоболор

295. Банктын уставына аталыштын, башкаруу органдарынын, уставдык капиталдын өзгөрүүсүнө, банктын кайра өзгөртүп түзүлүшүнө, банктын жайгашкан жеринин дарегинин өзгөрүүсүнө, филиалдарды жана/же өкүлчүлүктөрдү каттоо/кайра каттоо менен байланыштуу сунушталган өзгөртүүлөр жана толуктоолор, ошондой эле башка өзгөртүүлөр жана толуктоолор Улуттук банк менен алдын ала макулдашылууга тийиш.

296. Банк уставга киргизиле турган бардык өзгөртүүлөр жана толуктоолор тууралуу Улуттук банкка, тиешелүү чечим кабыл алынган учурга чейинки он беш жумуш күнү мурда уставдын жаңы редакциясын жана уставга киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор текстин 30-тиркемеге ылайык формада жөнөтүү менен билдирүүгө милдеттүү. Улуттук банк сунушталган документтерди он жумуш күнү ичинде карап чыгып, кароого алуунун жыйынтыгы боюнча аларды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келтирүү үчүн сын-пикирлерди жана сунуштарды берүүгө укуктуу.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

297. Банк, банк акционерлеринин жалпы жыйыны өткөрүлгөн күндөн тартып бир ай ичинде Улуттук банкка жалпы жыйындын күн тартибиндеги ар бир маселе боюнча кабыл алынган чечимдери менен көз карандысыз каттоочу (регистратор) тарабынан күбөлөндүрүлгөн банк акционерлеринин жалпы жыйынынын протоколун сунуштоого тийиш.

298. Өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизиле турган банктын уставы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мамлекеттик каттоодон өткөрүлүүгө тийиш. Банк капиталынын өлчөмү жана түзүмү боюнча өзгөртүүлөрдөн тышкары, банктын уставына киргизилип жаткан өзгөртүүлөргө жана толуктоолорго Улуттук банктын кат жүзүндө макулдугу, макулдашуудан баш тартуу үчүн негиз болбогон учурда жана банктын талаптагыдай таризделген документтери менен тиешелүү өтүнүч берилген күндөн тартып бир айдан кечиктирбестен берилет.

Банктын капиталына тиешелүү өзгөртүүлөр үч ай ичинде макулдашууга тийиш. Зарылчылык келип чыккан шартта, документтерди кароо мөөнөтү Улуттук банктын банктын уставына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду макулдашуу/макулдашпай коюу чечимине таасир этиши мүмкүн болгон кошумча маалыматтарды же документтерди алуу он жумуш күнүнө узартылышы мүмкүн. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

299. Улуттук банк тарабынан банктын уставына сунуш кылынган өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду макулдашуудан төмөнкү учурларда баш тартуусу мүмкүн:

1) коюлган талаптарга берилген документтердин ылайык келбеши же болбосо туура эмес документтер жана маалымат берилген учурда;

2) эгерде акционерлердин жалпы жыйынындагы чечими Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузуу менен кабыл алынса;

3) эгерде уставдык капиталдын же жеке капиталдын өлчөмү белгиленген минималдуу өлчөмдөн төмөн болсо;

4) эгерде өткөн эмиссия боюнча акцияга жазылуу жүргүзүлбөсө, белгиленген мөөнөттө алардын толук наркы төлөнбөсө же болбосо акциялар Кыргыз Республикасынын мыйзам талаптарын бузуу менен чыгарылган жана төлөнгөн болсо, же болбосо акцияны сатып алууга багытталган акча каражатынын келип чыгуу булагынын мыйзамдуулугу тастыкталбаса;

5) ушул жобого ылайык, банктын капиталында катышууга Улуттук банктын уруксаты берилбеген учурда;

6) эгерде бул банк ишинин туруктуулугуна жана коопсуздугуна коркунуч келтирсе.

300. Киргизилген өзгөртүүлөр жана толуктоолор менен банк уставынын жаңы редакциясы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары тарабынан белгиленген тартипте банкты мамлекеттик кайра каттоодон өткөргөн күндөн тартып күчүнө кирет.

## 30-глава. Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү

301. Банк уставдын жаңы редакциясын макулдашуу максатында акционерлердин жалпы жыйынында тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып бир ай ичинде Улуттук банкка төмөнкү документтерди жөнөтөт:

1) уставдын жаңы редакциясын кароого алуу өтүнүчүн;

2) акционерлердин жалпы жыйынында уставдын жаңы редакциясын кабыл алуу (бекитүү) чечими, акционерлер же акционерлер жыйынына катышкан алардын өкүлдөрү тууралуу маалымат камтылган, банк тарабынан талапка ылайык күбөлөндүрүлгөн протоколу же анын көчүрмөсүн (2 нускада);

3) 30-тиркемеге ылайык белгиленген формада уставга киргизилүүчү өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун тексти (2 түп нускада);

4) уставдын жаңы редакциясы (2 түп нускада);

5) жобонун ушул бөлүктө каралган башка документтери.

302. Улуттук банк бир ай ичинде, уставдык капиталдын түзүмү жана өлчөмү өзгөргөн учурда - үч ай ичинде, берилген өтүнүчтү жана ага тиркелген документтерди кароого алат жана эгерде алар ушул жобонун талаптарына туура келсе, ошондой эле макулдашуудан баш тартууга негиз жок болсо, банк уставынын жаңы редакциясынын эки түп нускасын тиркөө менен юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга банкты мамлекеттик каттоодон кайра өткөрүү макулдугу жөнүндө кат жөнөтөт, ал эми уставдык капитал өлчөмүн көбөйтүүдө баалуу кагаздар рыногун жөнгө салган ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга каттын көчүрмөсүн жөнөтөт.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

303. Банк туура эмес берилген маалыматтар үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчилик тартат.

304. Банк мамлекеттик каттоодон кайра өткөндүгү жөнүндө күбөлүктү алган күндөн тартып Улуттук банкка беш жумуш күн ичинде төмөнкүлөрдү берүүгө милдеттүү:

1) мамлекеттик кайра каттоодон өтүү жөнүндө күбөлүктүн талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн;

2) уставдын юридикалык жактарды каттоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мамлекеттик каттоодон өткөндүгү жөнүндө белги коюлган жаңы редакциясынын нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү.

## 31-глава. Уставдык капиталдын түзүмүнүн жана өлчөмүнүн өзгөрүүсү

305. Банк акционерлердин жалпы жыйынын чечими боюнча кошумча акцияларды чыгаруу аркылуу жүгүртүлүүчү акциялардын санын көбөйтүү жолу менен уставдык капитал өлчөмүн көбөйтүү жөнүндө чечим кабыл алууга укуктуу.

Акцияларды чыгаруу жыйынтыгы катталганга жана акциялардын мурдагы эмиссиясы жайгаштырылганга чейин банк тарабынан кошумча акциялардын чыгарылышына жана жайгаштырылышына жол берилбейт.

306. Акционерлердин жалпы жыйынын чечими боюнча банк жүгүртүлүүчү акциялардын санын аларды консолидациялоо жолу менен азайтуу же болбосо бөлүү жолу аркылуу жүгүртүлүүчү акциялардын санын көбөйтүү жөнүндө чечимди кабыл алууга укуктуу.

307. Уставга уставдык капиталдын түзүмү жана өлчөмү боюнча өзгөртүүлөрдү киргизген учурда банк Улуттук банкка ушул жобонун 301-пунктунда көрсөтүлгөн документтерге кошумча төмөнкүлөрдү сунуштайт:

1) 5 жана 6-тиркемелердин формасы боюнча акционерлердин тизмесин;

2) мурдагы эмиссиянын (чыгарылыштын) акцияларын чыгаруу жыйынтыгынын мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн тастыктаган жана банк тарабынан талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген документтин көчүрмөсүн.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2021 жылдын 25-августундагы № 2021-П-12/47-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

308. Банктын уставдык капиталынын өлчөмүн көбөйтүүнү макулдашууда Улуттук банк жаңыдан түзүлгөн банктар үчүн каралган тартипте маалыматтарды берүүнү, ошондой эле банктын акционерлеринин финансылык абалына жана алар тараптан жүргүзүлгөн операцияларга тиешелүү кошумча маалыматты, акционерлердин уюштуруу документтерин жана алардын финансылык жана башка отчетторун берүүнү талап кыла алат.

309. Уставга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү макулдашылган учурда, акционерлер, ошондой эле банктын акциясын сатып алып, жыйынтыгында банктын капиталында чектүү катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууну пландаган башка жеке адамдар жана/же юридикалык жактар Улуттук банкка банктын капиталында чектүү катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болууга карата өтүнүч катын жана ушул жобонун III бөлүгүндөгү талапка жана тартипке ылайык башка маалыматтарды берүүсү зарыл.

310. Берилген документтер Улуттук банкта ушул жобонун 302-пунктуна ылайык каралат.

311. Банк мыйзамдарда белгиленген тартипте мамлекеттик кайра каттоодон өткөртүлгөндөн кийин ушул жобонун 304-пунктунда каралган документтерге кошумча Баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген, талаптагыдай негизде тариздетилген акциялардын чыгарылышынын мамлекеттик каттоодон өткөндүгүн тастыктаган документтин көчүрмөсү.

312. Банк баалуу кагаздарды чыгаруу өткөрүлгөн катары таанылып, анын жыйынтыгы катталгандан кийинки бир ай ичинде баалуу кагаздар жөнүндө мыйзамдарга ылайык банктын баалуу кагаздарынын эмиссиясынын жыйынтыктап каттоодон өткөндүгү тууралуу Улуттук банкка кат жүзүндө маалымдоого милдеттүү. Билдирүүгө кошумча төмөндөгү документтер берилүүгө тийиш:

1) акциялар чыгарылышы жыйынтыгы каттоодон өткөндүгүн тастыктаган жана банк тарабынан талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн баалуу кагаздар рыногун жөнгө салган ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген документтин көчүрмөсү;

2) акционерлер реестринен реестр кармоочулардын жүргүзүлгөн өзгөрүүлөр же акционерлердин жаңы реестри жөнүндө кол коюу менен маалымат;

3) 5-тиркеменин формасы боюнча акционерлер тизмеси;

4) 6-тиркеменин формасы боюнча маалыматтар.

## 32-глава. Банктын фирмалык (расмий) аталышын өзгөртүү

313. Өзүнүн фирмалык (расмий) аталышын өзгөртүүнү каалаган банк банктын аталышына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүүгө чейин Улуттук банктан алдын ала макулдук алууга милдеттүү. Банктын аталышын өзгөртүүдө банктык операцияларды жүргүзүүгө укук берген лицензия алмаштырылууга (кайра таризделүүгө) тийиш.

314. Банктын болжолдонуп жаткан жаңы аталышын Улуттук банк менен макулдашуу үчүн банк Улуттук банкка төмөндөгүлөрдү берет:

1) болжолдуу толук жана кыскартылган фирмалык (расмий) аталышын макулдашуу тууралуу өтүнүчүн;

2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын юридикалык жактын фирмалык аталышын колдоо жана резервге алууну каттоо боюнча корутундусунун көчүрмөсү;

3) эгерде бул ушул жобонун 7-пунктунун талабына ылайык зарыл болсо, банктын фирмалык аталышына ылайык келишин тастыктаган башка документтер.

315. Банктын жаңы фирмалык (расмий) аталышын алдын ала макулдашуу/макулдашуудан баш тартуу жөнүндө чечим, Улуттук банктын талаптарына ылайык келген документтер келип түшкөн учурдан тартып бир ай ичинде Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети тарабынан кабыл алынат. Банктын жаңы фирмалык (расмий) аталышын алдын ала макулдашуу/макулдашуудан баш тартуу жөнүндө чечими банкка Улуттук банк тарабынан үч жумуш күн ичинде маалымдалат.

316. Улуттук банктын Көзөмөл боюнча комитети банктын жаңы фирмалык (расмий) аталышын макулдашуу тууралуу оң чечим кабыл алган учурда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында аталышты өзгөртүү тууралуу маалымат жарыялангандан тарта бир айдан кийин банк Улуттук банкка ушул жобонун 301-пунктунда көрсөтүлгөн документтерди сунуштайт.

317. Сунушталган документтер Улуттук банкта жобонун 302-пунктуна ылайык каралат.

318. Банк банктык лицензияны алмаштыруу (кайрадан тариздетүү) үчүн ушул жобонун 304-пунктунда көрсөтүлгөн документтерге кошумча Улуттук банкка жаңы фирмалык (расмий) аталышы көрсөтүлгөн банктык лицензияны алмаштыруу тууралуу өтүнүчтү жана лицензия үчүн төлөм жүргүзгөндүгүн тастыктаган баракчаны берүүгө милдеттүү.

319. Банк тарабынан ушул жобонун 318-пунктунда көрсөтүлгөн талаптар аткарылгандан кийин үч жумуш күн ичинде Улуттук банк лицензияны алмаштырат (кайрадан тариздейт). Банктык лицензияны алмаштырууда (кайрадан тариздөөдө) банк Улуттук банкка эски фирмалык аталыштагы банктык лицензияны өткөрүп берет (кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы боюнча).

320. Банкка жаңы аталыштагы лицензия берилгенден кийин үч жумуш күн ичинде Улуттук банк тарабынан Берилген банктык лицензиялар реестрине лицензияны алмаштыруу (кайра тариздөө) жөнүндө тиешелүү жазуу жүргүзүлөт.

321. Банктын аталышы өзгөргөндүгүнө байланыштуу лицензия алмаштырылган күндөн тартып беш жумуш күн ичинде банк банктын жаңы фирмалык (расмий) аталышын көрсөтүү менен банктын аталышы өзгөргөндүгү жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу маалымдоого тийиш.

## 33-глава. Банктын жайгашкан жерин өзгөртүү

322. Банктын жайгашкан жерин (почталык дарегин) өзгөртүү калктуу пункттун, көчөнүн аталышынын, үйдүн номеринин өзгөргөндүгүнө, банктын башка даректеги жайга көчүп кеткендигине байланыштуу болот.

323. Банктын бир эле калктуу пункттун ичинде ордун өзгөртүүсү анын лицензиясын өзгөртүүгө (кайра тариздөөгө) алып келбейт.

324. Банк жыйырма календардык күндөн мурда алдын ала Улуттук банкка жайгашкан жеринин өзгөргөндүгү тууралуу билдирүүгө тийиш. Эгерде жайгашкан жери банктын кассалык түйүнүн жаңы имаратка которуу менен өзгөртүлсө кошумча түрдө менчик укугун тастыктоочу документтер же банк жайгаша турган имаратка карата ижара келишими (субаренда) берилет.

325. Касса түйүнүнүн которулушуна байланыштуу жайгашкан жери өзгөргөндүгү тууралуу билдирме жөнөткөндөн кийинки он жумуш күн ичинде банк имараттын (жайгашкан жайдын) банктык жайдын жана касса түйүнүнүн техникалык жактан жабдылышы, өрттүн чыгышы жана башка кооптуу жагдайлар боюнча белги берген сигнализациясынын орнотулушуна карата белгиленген талаптарга жооп бергендиги тууралуу тиешелүү документтерди ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга сунуштоого тийиш.

326. Жайгашкан жери (почталык дареги) анык өзгөргөндөн кийин эки жумуш күн ичинде банк төмөндөгүлөрдү жүзөгө ашырууга тийиш:

1) Улуттук банкка кат жүзүндө билдирүүгө;

2) банктын жайгашкан жеринин (почталык дарегинин) өзгөргөндүгү жөнүндө жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялоого.

327. Банктын мамлекеттик кайра каттоодон өтүү зарылчылыгын пайда кылган, банктын жайгашкан жеринин өзгөргөндүгүнө байланыштуу уставга өзгөртүүлөр жана толуктоолор ушул жобонун 30-главасында каралган тартипте киргизилет.

328. Калктуу пункттун аталышынын, өзгөрүшү менен банктын жайгашкан жеринин дареги өзгөргөн учурда ушул жобонун 318-321-пункттарына ылайык банктын лицензиясы алмаштырылат (кайра таризделет).

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) 328-1. Банктын башкы офиси бир нече аймактарда жайгашышы мүмкүн. Мында, башкы офистин кошумча аймактарына кардарларды операциялык тейлөөгө жол берилбейт жана алар персоналды жайгаштыруу үчүн гана түзүлүшү мүмкүн. Башкы офистин кошумча аймактарынын ачылгандыгы жөнүндө маалымат, ыйгарым укуктуу органдын чечимин, башкы офистин кошумча аймагында жайгаштырылуучу бөлүмдөрдүн тизмесин жана дарегин кошо тиркөө менен 3 (үч) жумуш күнү ичинде Улуттук банкка жөнөтүлүүгө тийиш. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 24-октябрындагы № 2018-П-12/44-3-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык) VII БӨЛҮК. БАНКТАРДЫ КАЙРА ӨЗГӨРТҮП ТҮЗҮҮ

## 34-глава. Жалпы жоболор

329. Банк бириктирүү, кошуу, бөлүп чыгаруу, бөлүү формасында кайра өзгөртүлүп түзүлүшү мүмкүн. Банкты кайра өзгөртүп түзүү процессине банктар, ошондой эле банкка кошулуп жаткан микрофинансылык компаниялар гана катыша алат. Микрофинансылык компаниялардын кошулуусу аркылуу банктардын кайра өзгөртүлүп түзүлүү тартиби банктар үчүн ушул Жободо белгиленген тартипте жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырылат.

Жаңы юридикалык жакты түзүү менен банкты кайрадан өзгөртүп түзүүдө Улуттук банк банктык операцияларды жүргүзүүгө карата жаңы лицензияларды берүү маселесин кароого алат. Ошол эле учурда, кайрадан өзгөртүп түзүлгөн банктардын иш алып барган лицензиялары эске алынат. Мамлекеттик өнүктүрүү банкын кайра өзгөртүп түзүүдө "Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик өнүктүрүү банкы жөнүндө" Мыйзамынын 24-беренесинин талаптары колдонулат. Бул жободо банктарды мажбурлап өзгөртүп түзүү жол-жобосу каралбайт. (КР Улуттук банк Башкармасынын 2021 жылдын 25-августундагы № 2021-П-12/47-2-(НПА) токтомунун редакциясына ылайык)

330. Банкты кайра өзгөртүп түзүү иши Улуттук банк менен алдын ала макулдашылгандан кийин башталышы мүмкүн. Банк Улуттук банкка тиешелүү чечим кабыл алынган күндөн тартып, он жумуш күн ичинде кайра өзгөртүп түзүү ишин баштоо ниетин билдирет.

331. Банкты кайра өзгөртүп түзүү иши мыйзамдарга, ушул жобого жана кайра өзгөртүп түзүүгө тийиштүү банктын уюштуруу документтерине ылайык жүзөгө ашырылат.

332. Банктарды кайра өзгөртүп түзүү ишин макулдашууда Улуттук банк чечим кабыл алуу үчүн зарыл болгон маалыматтарды, кайрадан түзүлгөн банктар үчүн каралган тартипте сыяктуу эле, кошумча маалыматтарды талап кылышы мүмкүн. Банктарды кайра өзгөртүп түзүүдө документтер кайрадан түзүлгөн банктар үчүн каралган тартипте каралышы мүмкүн.

333. Кайра өзгөртүп түзүүгө тийиштүү Банктардын директорлор кеңеши тарабынан кайра өзгөртүп түзүү ишин жүргүзүү маселелери боюнча Улуттук банк менен байланыш түзүү үчүн жооптуу уюштуруу тобу түзүлөт.

334. Банктардын кайрадан өзгөртүп түзүү процесси ал тууралуу билдирме жалпы маалымдоо каражаттарында жарыялангандан кийин кеминде эки айдан соң башталат.

335. Обочолонгон түзүмдүк бөлүмдөрдү обочолонгон түзүмдүк бөлүмдөрүнө кайра тариздөө иши кайра каттоо үчүн зарыл болгон документтерди эске албаганда, көрсөтүлгөн бөлүмдөрдү ачуу үчүн документтерди кайталап сунуштоосуз, кайра өзгөртүп түзүлгөн банктын башкаруу органынын тиешелүү чечиминин талаптагыдай күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн тиркөө менен банктын билдирүүсү боюнча жүзөгө ашырылат.

336. Банктарды кайра өзгөртүп түзүүдө бухгалтердик эсепке алууну жүргүзүү иши бухгалтердик эсепке алуунун эл аралык стандарттарына ылайык жүзөгө ашырылат.

337. Улуттук банк жалпыга маалымдоо каражаттарында банктын кайра өзгөртүп түзүлүшү жана анын ишинин токтотулушу жөнүндө жарыялайт.

## 35-глава. Банктарды бириктирүү

338. Банктарды кайра өзгөртүп түзүүнүн бир формасы катары бириктирүү дегенден улам, бириктирүүнүн жыйынтыгында түзүлгөн жаңы банкка өткөрүп берүү актысына ылайык алардын укуктары (активдери) жана милдеттери (милдеттенмелери) өтүшү менен эки же андан көп банктардын ишинин токтотулушун түшүнүүгө болот.

339. Бириктирүү формасында кайра өзгөртүп түзүү иши кайра өзгөртүүгө тийиштүү банктардын акционерлеринин жалпы жыйынынын ыктыярдуу чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда мажбурлоо түрүндө жүзөгө ашырылат.

340. Бириктирүү формасында кайра өзгөртүп түзүүнүн натыйжасында түзүлгөн банктардын уставдык капиталынын минималдуу өлчөмү боюнча талаптар Улуттук банктын кайрадан түзүлгөн банктардын уставдык капиталына карата талаптарына ылайык өлчөмдө белгиленет.

341. Бириктирүү формасында кайра өзгөртүп түзүүгө уруксат алуу максатында банктар ушул жобонун 39-главасына ылайык документтерди Улуттук банкка тапшырууга тийиш.

## 36-глава. Банкты кошуу

342. Банктарды кайра өзгөртүп түзүүнүн бир формасы катары кошуу дегенден улам, башка банкка (кошулуучу банкка) өткөрүп берүү актысына ылайык алардын укуктары (активдери) жана милдеттери (милдеттенмелери) өтүшү менен бир же бир нече банктардын (кошулуп жаткан банктар) ишинин токтотулушун түшүнүүгө болот. Кошулуп жаткан банктарды кайра өзгөртүп түзүү процесси аяктары менен банктар юридикалык жак статусун жоготот.

343. Кошуу формасында кайра өзгөртүп түзүү иши кайра өзгөртүүгө тийиштүү банктардын акционерлеринин жалпы жыйынынын ыктыярдуу чечиминин негизинде жүзөгө ашырылат, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда мажбурлоо түрүндө жүзөгө ашырылат.

344. Кошуу формасында кайра өзгөртүп түзүүгө уруксат алуу максатында банктар ушул жобонун 39-главасына ылайык документтерди Улуттук банкка тапшырууга тийиш.

## 37-глава. Банкты бөлүү

345. Бөлүүнүн натыйжасында кайра өзгөртүп түзүлгөн банктарды каттоодон өткөртүү үчүн документтер ушул жобонун 39-главасынын талаптарын эске алуу менен Улуттук банкка сунушталат.

346. Жобонун 345-пунктунда көрсөтүлгөн документтерге кошумча төмөнкү документтер сунушталат:

1) Директорлор кеңешинин төрагасынын кол тамгасын коюлган, бөлүү формасында кайра өзгөртүүнү макулдашууга тиешелүү өтүнүч кат;

2) бөлүү формасында кайра өзгөртүп түзүүгө экономикалык негиздеме берүү;

3) төмөнкүлөрдү камтыган кайра өзгөртүп түзүлгөн банктын катышуучуларынын жалпы жыйынында толтурулган протокол:

а) бөлүү формасында кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө чечим;

б) бөлүү балансын бекитүү жөнүндө чечим;

в) кайра өзгөртүп түзүү тартиби жана шарттары;

г) жаңы банктарды түзүү жана кайра өзгөртүлүп түзүлгөн банктын акцияларын конвертациялоо тартиби жөнүндө;

4) бөлүү балансы;

5) банк өз кредиторлоруна кайра өзгөртүп түзүү жөнүндө маалымдагандыгын тастыктаган документтер;

---

> Текст кыскартылды: бул жерде документтин 460464 белгисинин алгачкы 249975 белгиси гана. Толук тексти - https://aqlex.ai/kg/doc/800234 барагында
