# Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы №2017-П-15/54-4-(НПА) "Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы №2017-П-15/54-4-(НПА) "Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2017-П-15/54-4-(НПА)
- Кабыл алынган күнү: 27.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/800218>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-676/edition/914258/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/800218.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 27-декабрындагы №2017-П-15/54-4-(НПА) "Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө" токтому (27.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/800218

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 27-декабры №2017-П-15/54-4-(НПА) Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптарды бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө» мыйзамынын 20 жана 68-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Күрөөлүк камсыздоо катары кабыл алынуучу кредит портфелин алууга карата минималдуу талаптар (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш (15) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

3. Юридика башкармалыгы:

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

4. Бухгалтердик эсепке алуу жана отчеттуулук башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.

5. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым А.С. Тезекбаевага ыйгарылсын.

Төрага:

Т. Абдыгулов
