# О Положении "О корпоративном управлении в банках Кыргызской Республики, осуществляющих операции в соответствии с исламскими принципами банковского дела и финансирования"

- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 67/9
- Кабыл алынган күнү: 30.11.2011
- Редакциянын күнү: 30.11.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/800201>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-664/edition/902696/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/800201.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.11.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: О Положении "О корпоративном управлении в банках Кыргызской Республики, осуществляющих операции в соответствии с исламскими принципами банковского дела и финансирования" (30.11.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/800201

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2011-жылдын 30-ноябры N 67/9 "Кыргыз Республикасынын операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө" жобо тууралуу

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-статьяларына ылайык, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын операцияларды ислам банк иши жана каржылоо принциптерине ылайык жүзөгө ашырышкан коммерциялык банктарында корпоративдик башкаруу жөнүндө" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Бул токтом Улуттук банктын расмий сайтында жана "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын ченемдик актылары" журналында жарыялансын.

3. Токтом расмий жарыялангандан бир ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.

4. Юридикалык башкармалык расмий жарыялангандан кийин бул токтомду Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигине жөнөтсүн.

5. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын облусттук башмармалыктарын тааныштырсын.

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Улуттук банктын Төрагасынын орун басары З.Л.Чокоев мырзага жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк башкармалыгынын төрагасы

З. Асанкожоева
