# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-майындагы № 327 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 596 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-майындагы № 327 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 596 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 327
- Кабыл алынган күнү: 29.05.2009
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 10.02.2012
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/800102>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-22658/edition/899833/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/800102.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.02.2012 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 29-майындагы № 327 "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 596 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (10.02.2012 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/800102

---

КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-февралындагы №85 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТОТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2009-жылдын 29-майы №327

"Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 596 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу

"Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестрин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-августундагы № 596 токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- аталган токтом менен бекитилген Аткаруу бийлик органдары жана алардын структуралык бөлүктөрү тарабынан мамлекеттик акы алып кызмат көрсөтүүнүн реестринин "Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги" деген XII бөлүмү төмөнкүдөй мазмундагы 4-7-пункттар менен толукталсын:

"4. Мамлекеттик органдарды кошпогондо юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо).

5. Мамлекеттик органдарды кошпогондо юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) иштеринин токтотулушун каттоо.

6. Юридикалык жактарды, филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоо (кайра каттоо) жөнүндө күбөлүктүн дубликатын берүү.

7. Мамлекеттик органдарды кошпогондо Юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестринен маалымат берүү".

2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри

И.Чудинов
