# Об утверждении "Инструкции о проведении инспекторских проверок на местах"

- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2/2
- Кабыл алынган күнү: 04.02.2004
- Редакциянын күнү: 20.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/800095>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-658/edition/899265/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/800095.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Об утверждении "Инструкции о проведении инспекторских проверок на местах" (20.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/800095

---

КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2004-жылдын 4-февралы N 2/2 "Жеринде барып инспектордук текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө" нускоону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, "Жеринде барып инспектордук текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө" Нускоонун долбоорун карап көрүү менен ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Сунуш кылынган "Жеринде барып инспектордук текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө" нускоо бекитилсин жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөртүлгөндөн кийин жарыяланган учурдан тартып колдонууга берилсин.

2. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо Башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте ушул токтомду белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөртүшсүн.

3. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөртүлгөндөн кийинки 10 күн ичинде Улуттук банктын расмий басылмаларында жарыялансын.

4. Бул токтом күчүнө кирген учурдан тартып Улуттук банк Башкармасынын 2001-жылдын 15-августундагы N 30/4 "Коммерциялык банкты текшерүү боюнча Нускоо жана Коммерциялык банкты текшерүү жөнүндө отчетту түзүү тууралуу Нускоо" күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо Башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын областтык (регионалдык) Башкармалыктарын, коммерциялык банктарды, АТАК "Эсептешүү-Сактык компаниясын", Кыргыз айыл-чарба Финансы Корпорациясын, Кредиттик союздарды колдоо жана өнүктүрүү боюнча Финансы компаниясын жана Кыргыз банктар Ассоциациясын тааныштырсын.

6. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым К.Ш. Шаршекеевага ыйгарылсын.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкарманын төрагасы

У.Сарбанов
