# Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) ""Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоону" бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) ""Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоону" бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2018-П-12/24-2-(НПА)
- Кабыл алынган күнү: 20.06.2018
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 20.06.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/800090>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-655/edition/899286/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/800090.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 20.06.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын 2018-жылдын 20-июнундагы № 2018-П-12/24-2-(НПА) ""Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоону" бекитүү тууралуу" токтому (20.06.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/800090

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2018-жылдын 20-июну № 2018-П-12/24-2-(НПА) "Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоону" бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 20, 68, 136, 139 жана 140-беренелерине таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Банктык көзөмөлдүктү жүзөгө ашыруу жөнүндө нускоо" (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготкон катары таанылсын:

- Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 4-февралындагы № 2/2 "Жеринде барып инспектордук текшерүүнү жүргүзүү жөнүндө" нускоону бекитүү тууралуу" токтому;

- Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 23-октябрындагы № 26/3 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик актыларына өзгөртүүлөрдүн жана толуктоолордун I пункту;

- Улуттук банк Башкармасынын 2009-жылдын 14-октябрындагы № 41/3 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуна карата тиркеменин IV пункту;

- Улуттук банк Башкармасынын 2011-жылдын 27-июлундагы № 40/8 "Улуттук банк Башкармасынын 2004-жылдын 4-февралындагы № 2/2 "Жеринде барып инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" нускоону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому;

- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 25-апрелиндеги № 18/9 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтомуна карата тиркеменин 5-пункту;

- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 31-октябрындагы № 41/11 "Жеринде барып инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" нускоого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому;

- Улуттук банк Башкармасынын 2012-жылдын 16-ноябрындагы № 43/1 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуна карата тиркеменин 4-пункту;

- Улуттук банк Башкармасынын 2013-жылдын 23-декабрындагы № 52/6 "Депозиттерди тартпаган МФУлардын жана Кыргыз Республикасынын Улуттук банктын көзөмөлдүгүнө алынган башка юридикалык жактардын ишине инспектордук текшерүүлөрдү жүргүзүү жөнүндө" жөнүндө нускоону бекитүү тууралуу" токтомунун 2-пункту;

- Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/1 "Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун он алтынчы абзацы;

- Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/1 "Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна карата тиркеменин 15-пункту;

- Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2 "Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун он үчүнчү абзацы;

- Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 10-февралындагы № 7/2 "Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуна карага тиркеменин 12-пункту;

- Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 17/3 "Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун үчүнчү абзацы;

- Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 17/3 "Улуттук банк Башкармасынын айрым токтомдоруна толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуна карата тиркеменин 2-пункту;

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пунктунун экинчи абзацы;

- Улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 31-майындагы № 21/8 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын айрым ченемдик укуктук актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуна карата тиркеменин 1-пункту.

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Юридика башкармалыгы:

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

5. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен "Кыргызстан банктарынын бирикмеси" юридикалык жактар бирикмесин, коммерциялык банктарды, "Кредиттик союздардын финансылык компаниясы" ААКсын тааныштырсын.

6. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Дж.Джусупов мырзага жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы

Т.Абдыгулов
