# Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 11-майындагы N 10/6 "Кредиттик союздарда кредиттерди классификациялоо жөнүндөгү" жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 11-майындагы N 10/6 "Кредиттик союздарда кредиттерди классификациялоо жөнүндөгү" жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 10/6
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 30.05.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/800081>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-650/edition/897851/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/800081.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.05.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 11-майындагы N 10/6 "Кредиттик союздарда кредиттерди классификациялоо жөнүндөгү" жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу" токтому (30.05.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/800081

---

Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде 2006-жылдын 11-майында N 51-06 номеринде каттоодон өткөн

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2006-жылдын 11-майы N 10/6 Кредиттик союздарда кредиттерди классификациялоо жөнүндөгү" жобонун жаңы редакциясын бекитүү тууралуу

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 30-майындагы № 2018-П-12/20-2-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы, "Кредиттик союздарда кредиттерди классификациялоо жөнүндөгү" Жобонун жаңы редакциясынын долбоорун карап көрүп, Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөгү" Мыйзамынын 7, 43-статьяларына, "Кредиттик союздар жөнүндөгү" Мыйзамдын 29, 30-статьяларына, "Кыргыз Республикасьгадагы банктар жана банк ипш жөнүндөгү" Мыйзамдын 12-статьясына таянуу менен ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кароого коюлуп жаткан "Кредиттик союздарда кредиттерди классификациялоо жөнүндөгү" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.

(КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 30-майындагы № 2018-П-12/20-2-(НФКУ) токтомунун редакциясына ылайык)

2. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо Башкармалыгы Юридикалык бөлүм менен бирдикте ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде белгиленген тартипте мамлекеттик каттоодон өткөрүшсүн.

3. Токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде мамлекеттик каттоодон өткөртүлгөндөн кийин, расмий жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.

4. Ушул токтом күчүнө кирген учурдан тартып Улуттук банк Башкармасынын 2001-жылдын 25-июлундагы N 27/10 ""Кредиттик союздарда кредиттерди классификациялоо жөнүндөгү" жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

5. Банктык эмес мекемелердин ишине көзөмөл Башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын областтык Башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.

6. Каттоодон өткөн ченемдик укуктук акты жарыялангандан кийин, жарыялоо булактары (басылманын аталышы, анын номери жана кайсыл күнү жарыялангандыгы) тууралуу Юридикалык бөлүм Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине маалымдасын.

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орунбасары, айым С.Э.Джаныбековага ыйгарылсын.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Башкармасынын Төрагасынын милдетин аткаруучу

М.Алапаев
