# Кыргыз Республикасынын улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 16-августундагы № 2017-П-14/34-2-(НПА) ""Элкарт" төлөм карттары аркылуу эсептешүүлөрдүн улуттук системасын башка өлкөлөрдүн улуттук/эл аралык төлөм системаларына интеграциялоо долбоору үчүн эсептешүүчү агентти тандоо критерийлери жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 16-августундагы № 2017-П-14/34-2-(НПА) ""Элкарт" төлөм карттары аркылуу эсептешүүлөрдүн улуттук системасын башка өлкөлөрдүн улуттук/эл аралык төлөм системаларына интеграциялоо долбоору үчүн эсептешүүчү агентти тандоо критерийлери жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2017-П14/34-2-(НПА)
- Кабыл алынган күнү: 16.08.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.08.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/800060>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-632/edition/895783/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/800060.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.08.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын улуттук банк Башкармасынын 2017-жылдын 16-августундагы № 2017-П-14/34-2-(НПА) ""Элкарт" төлөм карттары аркылуу эсептешүүлөрдүн улуттук системасын башка өлкөлөрдүн улуттук/эл аралык төлөм системаларына интеграциялоо долбоору үчүн эсептешүүчү агентти тандоо критерийлери жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтому (16.08.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/800060

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 16-августу № 2017-П-14/34-2-(НПА) "Элкарт" төлөм карттары аркылуу эсептешүүлөрдүн улуттук системасын башка өлкөлөрдүн улуттук/эл аралык төлөм системаларына интеграциялоо долбоору үчүн эсептешүүчү агентти тандоо критерийлери жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иши жөнүндө" Мыйзамынын 16, 17, 20 жана 68-беренелерине, Кыргыз Республикасынын төлөм системасын өнүктүрүүнүн 2015-2017-жылдарга каралган негизги багыттарына таянуу менен, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Элкарт" төлөм карттары аркылуу эсептешүүлөрдүн улуттук системасын башка өлкөлөрдүн улуттук/эл аралык төлөм системаларына интеграциялоо долбоору үчүн эсептешүүчү агентти тандоо критерийлери жөнүндө” убактылуу жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Токтом расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

3. Юридика башкармалыгы:

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

4. "Банктар аралык процессинг борбору" ЖАК "Элкарт" төлөм карттары менен эсептешүүлөрдүн улуттук системасынын иштөө эрежелерине тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

5. Төлөм системалар башкармалыгы ушул токтом менен тиешелүү түзүмдүк бөлүмдөрдү, областтык башкармалыктарды жана Баткен областындагы өкүлчүлүктү, коммерциялык банктарды жана "Банктар аралык процессинг борбору" ЖАКты тааныштырсын.

6. Токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары, айым Л.Орозбаевага ыйгарылсын.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы

Т.Абдыгулов
