Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын «Коммерциялык банктар менен своп-операцияларын (эсептелинген) жүргүзүү жана коммерциялык банктарга улуттук валютада кредит берүү шарттары тууралуу» токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
КР Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 31-январындагы № 2018-П-09/4-4-(НПА) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2016-жылдын 8-февралы № 6/2 Коммерциялык банктар менен своп-операцияларын (эсептелинген) жүргүзүү жана коммерциялык банктарга улуттук валютада кредит берүү шарттары тууралуу
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 5, 28 жана 43-беренелерине, Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/3 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктар менен своп-операцияларын (эсептелинген) жүргүзүү тартиби жөнүндө" убактылуу жобого, Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/4 токтому менен бекитилген "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын чет өлкө валютасындагы кредиттерди улуттук валютага конвертациялоодо коммерциялык банктарга кредиттерди сунуштоосу жөнүндө" убактылуу жобого ылайык жана улуттук валютанын өзгөрүлүп турушуна байланыштуу көйгөйлүү жагдайга дуушар болгон жеке адамдардын чет өлкө валютасындагы кредиттерин улуттук валютага конвертациялоодо коммерциялык банктарга колдоо көрсөтүү максатында, Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АКШ долларындагы акча каражаттарынын ордуна улуттук валютада акча каражаттарын сунуштоо боюнча коммерциялык банктар менен своп-операцияларын (эсептелинген) ишке ашыруунун төмөнкүдөй шарттары (параметрлери) аныкталсын:
- операция мөөнөтү - баштапкы пайыздык чен боюнча 7 (жети) жолуга чейин пролонгациялоо мүмкүнчүлүгү менен 6 (алты) айдан ашпаган мөөнөт;
- пайыздык чени (улуттук валютада) - Улуттук банктын ушул токтом күчүнө кирген күнгө карата эсептик чени;
- пайыздык чени (чет өлкө валютасына) - 0%;
- операция ишке ашырылган күндөгү расмий курс;
- операция аяктагандан күндөгү расмий курс.
2. Коммерциялык банктарга улуттук валютада кредиттерди сунуштоонун төмөнкүдөй шарттары аныкталсын:
- коммерциялык банктарга сунушталуучу кредиттердин жалпы көлөмү - 2847422854,00 (эки миллиард сегиз жүз кырк жети миллион төрт жүз жыйырма эки миң сегиз жүз элүү төрт) сомдон ашпаган чекте;
- пайыздык чени - Улуттук банктын ушул токтом күчүнө кирген күнгө карата эсептик чени;
- кредит мөөнөтү - баштапкы пайыздык чен боюнча 6 (алты) айдан 7 (жети) жолуга чейин пролонгациялоо мүмкүнчүлүгү;
- күрөөлүк камсыздоо менен ордун жабуу коэффициенти - 120 (жүз жыйырма) пайыз;
3. Своп-операцияларынын (эсептелинген) жана кредиттердин жалпы көлөмү 3,1 (үч миллиард жүз миллион) млрд. сомдон ашпоого тийиш.
4. Коммерциялык банктардын кредиттерди конвертациялоо боюнча сунуштаган планына ылайык, своп-операцияларынын (эсептелинген) жана кредиттердин көлөмүн аныктоо укугу Улуттук банктын Төрагасынын орун басары Н.Жениш мырзага ыйгарылсын.
5. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Акча-кредиттик операциялар башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды тааныштырсын.
7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары Н.Жениш мырзага жүктөлсүн.
Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы
Т.Абдыгулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (2)
- Постановление Правления Национального банка Кыргызской Республики "О признании утратившими силу некоторых постановлений Правления Национального банка Кыргызской Республики" от 31…Постановление · 31.01.2018 · № 2018-П-09/4-4-(НПА)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 29-февралындагы № 11/3 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/4 "Кыргыз…Постановление · 29.02.2016 · № 11/3 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Постановление Правления Национального банка Кыргызской Республики "О признании утратившими силу некоторых постановлений Правления Национального банка Кыргызской Республики" от 31…Постановление · 31.01.2018 · № 2018-П-09/4-4-(НПА)
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндөЗакон · 29.07.1997 · № 59 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/4 ""Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктарга чет өлкө валютасындагы…Постановление · 05.02.2016 · № 5/4 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/3 "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктар менен своп-операцияларын…Постановление · 05.02.2016 · № 5/3 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Временное Положение "О предоставлении кредитов Национальным банком Кыргызской Республики коммерческим банкам при конвертации кредитов в иностранной валюте в национальную валюту"…Положение · 05.02.2016 · № 5/4 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 5-февралындагы № 5/3 токтомуна карата тиркеме ("Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын коммерциялык банктар менен…Положение · 05.02.2016 · № 5/3 · Күчүн жоготкон