# Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 2-ноябрындагы № 65/2 "Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 12-майындагы № 27/8 "Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 2-ноябрындагы № 65/2 "Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 12-майындагы № 27/8 "Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 65/2
- Кабыл алынган күнү: 02.11.2015
- Редакциянын күнү: 30.03.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/800047>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-621/edition/1055450/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/800047.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.03.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 2-ноябрындагы № 65/2 "Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 12-майындагы № 27/8 "Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтому (30.03.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/800047

---

КР Улуттук банк Башкармасынын 2016-жылдын 30-мартындагы № 15/6 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2015-жылдын 2-ноябры № 65/2 Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 12-майындагы № 27/8 "Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Төлөм системалары башкармалыгы тарабынан сунушталган маалыматты карап көрүп, ошондой эле электрондук акчаны пайдалануучулар укугун коргоо максатында жана Кыргыз Республикасында 2015-жыл Улуттук экономиканы чыңдоо жылы катары жарыяланышын эске алуу менен электрондук акча менен иш алып барууга байланыштуу бизнести колдоого алуу үчүн Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелеринин негизинде Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы токтом кылат:

1. Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 12-майындагы № 27/8 "Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин:

- 4-пункт төмөнкү редакцияда берилсин:

"4. Коммерциялык банктар жана төлөм системасынын операторлору электрондук акча эмиссиясы боюнча ишмердүүлүгүн 2016-жылдын 1-мартына чейинки мөөнөттө "Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жобонун талаптарына ылайык келтиришсин.".

- токтом төмөнкү мазмундагы 4-1-пункт менен толукталсын:

"4.1. Төлөм системасынын операторлору:

- жаңы электрондук акча эмиссиясы боюнча иш багытын токтотушсун;

- колдонуудагы электрондук акча процессингин, аларды жайылтуу жана төлөө ишин "Кыргыз Республикасында электрондук акча жөнүндө" жобонун талаптарына ылайык ишке ашырсын.

2. Юридика башкармалыгы:

- бул токтомдун Улуттук банктын расмий сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин токтомдун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн аны Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн, төлөм системасынын операторлорун, төлөм уюмдарын жана республиканын коммерциялык банктарын тааныштырсын.

5. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Төрагасынын орун басары, айым Б.Ж.Жеенбаевага ыйгарылсын.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы

Т.Абдыгулов
