# Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасыгынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-12/54-12-(БС) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы № 32/2 "Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү" жобо тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасыгынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-12/54-12-(БС) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы № 32/2 "Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү" жобо тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 2017-П-12/54-12
- Кабыл алынган күнү: 27.12.2017
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 27.12.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/800036>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-613/edition/891868/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/800036.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.12.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасыгынын 2017-жылдын 27-декабрындагы № 2017-П-12/54-12-(БС) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы № 32/2 "Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү" жобо тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (27.12.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/800036

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ 2017-жылдын 27-декабры № 2017-П-12/54-12-(БС) Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы № 32/2 "Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү" жобо тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы, банктар жана банк иштери жөнүндө" Мыйзамынын 4, 20, 68-беренелерине жана 111-берененин 6-бөлүгүнө таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2006-жылдын 30-октябрындагы № 32/2 "Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү" жобо тууралуу" токтомуна төмөнкү өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасында каржылоонун ислам принциптерин алгачкы долбоордун алкагында жүзөгө ашыруу жөнүндөгү жобонун:

- 2.3-главасынын 6-пунктунун "а" пунктчасынын төртүнчү абзацы төмөнкү редакцияда берилсин:

"Мында, агенттик келишимдердин алкагында агент катары иш алып барган кардарларга товар сатып алуу үчүн берилген акча каражаттардын чогуу алгандагы калдыгы банктын "Мурабаха" операциялары боюнча каржылоо портфелинин 20% ашпоого тийиш;".

2. Токтом расмий жарыялангандан он беш (15 күн) өткөндөн кийин күчүнө кирет.

3. Юридика башкармалыгы;

- токтомдун Улуттук банктын расмий интернет-сайтында жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн бул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

4. Көзөмөл методологиясы жана лицензиялоо башкармалыгы ушул токтом менен коммерциялык банктарды, Улуттук банктын областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.

5. Токтомдун аткарылышына контролдук Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын мүчөсү Т.Джусупов мырзага жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы

Т.Абдыгулов
