# Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-ноябрындагы № 71/11"Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-ноябрындагы № 71/11"Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 71/11
- Кабыл алынган күнү: 25.11.2015
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 12.12.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/800033>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/8-611/edition/1055462/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/800033.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 12.12.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын 2015-жылдын 25-ноябрындагы № 71/11"Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө" токтому (12.12.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/800033

---

Улуттук банк Башкармасынын 2018-жылдын 12-декабрындагы № 2018-П-14/53-8-(ПС) токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН УЛУТТУК БАНКЫ ТОКТОМ

2015-жылдын 25-ноябры № 71/11 Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Мыйзамынын 7 жана 43-беренелерине, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын төлөм системасы жөнүндө" жана "Кыргыз Республикасында лицензиялоо-уруксат берүү системасы жөнүндө" мыйзамдарга таянуу менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасы ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндөгү" жобо (кошо тиркелет) бекитилсин.

2. Улуттук банк Башкармасынын 2014-жылдын 24-декабрындагы № 58/9 "Төлөм системасынын операторлорунун жана төлөм уюмдарынын ишин лицензиялоо жөнүндө" жобону бекитүү тууралуу" токтому күчүн жоготкон катары таанылсын.

3. Юридика башкармалыгы:

- токтомдун Улуттук банктын расмий сайтына жарыяланышын камсыз кылсын;

- расмий жарыялангандан кийин бул токтомдун Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестринде чагылдырылышы үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтсүн.

4. Токтом расмий жарыялангандан он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

5. Документ менен иш алып баруу жана коммуникациялар башкармалыгы ушул токтом менен Улуттук банктын түзүмдүк бөлүмдөрүн, областтык башкармалыктарын жана Баткен областындагы өкүлчүлүгүн тааныштырсын.

6. Төлөм системалары башкармалыгы ушул токтом менен төлөм системасынын операторлорун, төлөм уюмдарын жана Кыргыз Республикасынын коммерциялык банктарын тааныштырсын.

7. Ушул токтомдун аткарылышына контролдукту жүзөгө ашыруу милдети Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын төрагасынын орун басары, айым Б.Ж.Жеенбаевага ыйгарылсын.

Кыргыз Республикасынын Улуттук банк Башкармасынын төрагасы

Т.Абдыгулов
